Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Абактан чыккан экс-мэр Түлеев өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн соттошот. Ал Кыргызстандын соттору актабаса, эл аралык сотторго чейин кайрыларын билдирүүдө.

Абактан мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан мурдагы мэр Нариман Түлеев маалымат жыйында Жогорку Соттун чечимин аткарып, мамлекетке 61 миллион сомду төлөп чыгууга мажбур болгонун билдирди.

Өзүн акмын деп эсептеген экс-мэр мындан ары тазаланууга аракет кыларын, ушул тапта анын жакындары конфискацияланган мүлктөр боюнча жарандык сотторго арызданарын белгиледи. Нариман Түлеев автобус жана таштанды тазалоочу унаалар боюнча Кытай тараптан анын күнөөсү жоктугун далилдеген материалдар барын айтууда.

- Автобус, таштанды ташуучу унаа боюнча Кытай өкмөтүнүн мөөрү турат. Бардык документтер турат. Мен Кытайда болсом эбак эле акталмакмын. Тилекке каршы, Нарымбаевдин, сот Турганбековдун аракети менен соттолдум. Биз азыр эл аралык сотко даярдык катары бүт документтерди англис тилине которуп жатабыз. Эгер биз утсак, мен 61 миллион сомду кайра сурабайм. Ал Кыргызстанда калат. Биз аны батир менен төлөдүк, демек ал мугалим, врачтарга кетиши керек.

Түлеев Жогорку Соттун чечимин аткарууга ал менен чогуу камалган жарандардын жакындарынын кайрылуусу дагы түрткү болгонун кошумчалады. Бүгүнкү күндө ал менен чогуу камалган үч адам бошотулганы, калганы бир ай ичинде эркиндикке чыгары белгилүү болду. Саясий куугунтуктун курмандыгымын деп келген экс-мэр өзүнүн соттолуп, абакка камалгандыгы үчүн президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевди жана Жогорку Соттун төрага орун басары Канатбек Турганбековду гана айыптап жатат.

- Нарымбаев мен убактылуу тергөө абагында, ооруканада жатканда эки-үч жумада бир келип турчу. Ал жеке эле мага эмес, Ташиев, Жапаров, Келдибековго да келчү. Алар менен эмнени сүйлөшкөнүн билбейм. Бирок мага келгенде анын ою бир гана акча эле. Бул сыр эмес. Менин сотумдун биринчи инстанциясы бүтө электе мага “ырайым сура” деген. Нарымбаев менин абакта отурганымдан пайдаланып, өзүнүн шартын айткан. Анын шартына макул болсом, мен 6,5 жыл абакта отурбай мурда эле чыкмакмын.

Нариман Түлеев ошол эле учурда президентке таарынычы жок экенин айтып, өлкө башчысына айланасындагылар туура маалымат жеткирбегендиктен иштин чоо-жайын билбей жатканына токтолду. Эми ал өзүнүн актыгын далилдөө үчүн президентке, Башкы прокуратурага, сотко кайрыла турган болууда. Эгер жергиликтүү соттор анын үнүн укпай турган болсо, ал БУУ комитетине кайрылып, укугун коргорун айтып жатат.

Арыз кабыл алууга негиз барбы?

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Түлеевдин эл аралык сотторго кайрылуусунан мурда анын бошотулушунун өзүндө кызык жагдайлар бар экенин, экс-мэрдин 2011-жылдагы мунапыска илингени мыйзам ченемдүү болгону менен, 2010-жылкы мунапыс туурасында декреттин колдонулушу суроо жаратарын белгилейт.

Сооронкулованын айтымында, Кыргызстанда буга чейин декреттер юридикалык күчүн жоготкондугу туурасында чечимдер кабыл алынган. Мындан тышкары ал эл аралык сотторго кайрылуунун өзүнүн процедуралык жоболору болорун эскертип, ага Түлеевдин иши канчалык дал келери белгисиз деп эсептейт.

- Биз декреттердин баары юридикалык күчүн жоготсун деген чечим кабыл алганбыз. Эмне үчүн азыр декреттерди пайдаланып жатканын билбейм. Колдонулбашы керек эле. Анан азыр эми БУУнун комитетине кайрылам деп жатат. Комитет каалаган эле арыздарды кабыл ала бербейт. Пакттагы көрсөтүлгөн укуктар бузулушу керек да ал үчүн. Мисалы, Азимжан Аскаров боюнча кыйноо болгон, ошону соттор эске алган эмес деп чечим чыгарып жатпайбы. Анан бул жерде кантип кайрылышат? Анын арызын кабыл алынышы өзүнчө бир чоң процедура да.

"Ар кимдин өз кызыкчылыгы бар"

Маалымат жыйында Түлеев эч кимге таарынбастыгын, азырынча тазалангыча саясаттан оолак болуп, үй-бүлөсүнө убакыт бөлө тургандыгын, эч ким менен бирикпестигин, президенттик шайлоодо татыктуу талапкер чыкса, аны колдой турганын билдирди.

Саясат таануучу Марс Сариев Түлеевдин ушул позициясынын өзү эле бийлик менен кандай макулдашуулар болгонун көрсөтүп турат деген пикирде. Президенттик шайлоо алдында оппозициялык маанайдагы саясатчылардын өз ара биригип, бир күчкө айланып кетүүсүнөн чочулаган бийлик кырдаалды колдон чыгарбоо үчүн айрым жумшартууларга барып жатат дейт талдоочу.

- Көшөгө артында бийлик менен компромисттик сүйлөшүү болду. Азыр бийликтен четтеп калган Мадумаров, Суваналиев дегендер биригип жатканда Түлеевдин дагы Нарындагы жердештери топтошуп, эмки жазда бир масса пайда болуп калышы мүмкүн да. Бийлик ушундай кырдаалды жумшартуу үчүн эмитен аракет кыла баштады.

Мар Сариев Түлеев соттолуп чыкканына карабай акмын деп канчалык коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, айыпсыз көрүнгүсү келгени менен кун төлөп, эркиндикке чыкканы анын мыйзам чегинде айыпты моюнга алганын көрсөтүп турганын айтты. Бирок аны бийлик да, Түлеев да өз пайдасы үчүн өз кызыкчылыгында чечмелеп жатат.

- Төлөсө демек айыптуу. Ал болсо мен акмын деп жатат. Бул кош стандарт болуп жатат. Себеби бизде элита да, партия да, жарандык коом да быша элек. Мыйзам жолуна да түшө албай жатабыз. Ушундай транзиттик абалда кызык жагдайлар чыгууда. Түлеевдин амнистиясы деле беренелерге туура келбей эле жатат. Демек мунун саясий жагы бар.

Мүлкү конфискацияланып, олчойгон сумманы мамлекетке төлөп берген экс-мэр бүгүн дагы адатта айта жүрчү “Мен кедей адам эмесмин” деген сөзүн дагы бир ирет кайталады. Ал Бишкектеги Түштүк магистралды, Бөкөнбаев көчөсүн достору берген каражат менен салганын, бирок ал берешен достору кимдер экенин, кандай шарт менен жолду бекер салып бергенин айткысы келген жок.

Мындан тышкары абакта отурганда ал жерде дагы жолугушуу бөлмөлөрүн ремонттоп, жаңылап бергенин айтып, ал жакта “авторитет” болгонун айтып мактанып алды. Ал үчүн каражатты бизнесинин эсебинен жапканын айтып, дагы да болсо уучу кур эместигин кулак кагыш кылгандай болду.

2012-жылдын 21-июнунан бери камакта отурган Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыгарылган. Аны Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда 11 жылга эркинен ажыраткан.

Нариман Түлеевге мэр кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG