Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Жума башында ЖК төрагасы Келдибеков кызматынан чегинди. Бирок анын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берилбей калганы коомчулукта сынга алынды.

Аптанын аягында парламенттик башкаруу коалициясы түзүлүп, ал төрагалыкка жана өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкерлерди альтернативалуу негизде тандап алды.


Келдибековду кетириш эле керек беле?


Жуманын башында Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда парламенттин төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча “Ата Мекен” фракциясы сунуш киргизген болчу. Отурумда Келдибековдун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмү каралып, токтом добушка коюлмак. Бирок отурумга төрагалык кылуучуну тандоого байланышкан бир катар талаш-тартыштардан улам, жыйынды баштоо узакка созулду.


Көпкө созулган тыныгуудан кийин Келдибеков кызматтан чегингендигин жарыялады. Ал төрагалык орун үчүн күрөштүн курмандыгы болгондугун айтып, мындай шартта өз эрки менен кызматын тапшырып бере турганын айтты:

- Мага карата мамлекеттик деңгээлде каралоо акциясы орун алды. Мунун бардыгы төрагалык кызматка байланышкан саясий оюндар. Мага коюлуп жаткан дооматтарга негиз жок. Мына ошол ойдон чыгарылгандардын барын чогултуп келгенде да өлкөбүздө акыркы бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери орун алган жорук-жоосундардын алдында эмне болуп калыптыр. Былтыр болгон белгилүү окуялардагы карапайым адамдардын канынын төгүлүшү жана АУБ банкынан уурдалган миллиондор сыяктуу кылмыштуу иштер боюнча кана, ким жооп берди?


Док арткан дооматтар кайда калды?


Келдибеков кызматтынан чегинген соң, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу коюлган дооматтарды кароо күчүн жоготту. Буга чейин депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев “Ата Мекен” фракциясы Келдибековго койгон он үч айыптоонун он бири тастыкталгандыгын алдын ала жарыялаган эле.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева Келдибековго ишеним көргөзбөө сунушу эмне себептен добушка койулбай калгандыгын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Биз анын ишмердүүлүгүн иликтегенде айтылган фактылардын көпчүлүгү тастыкталды. Бирок саясий кырдаалды карап туруп, депутаттык комиссиянын тыянагынын негизинде кызматтан алуу сунушу добушка коюлган жок окшойт. Болбосо биз баштаган ишти аягына чыгаралы, талкууга алалы деген болчубуз. Бирок мына ушундай саясий чечим болуп калды.

Буга чейин Келдибековго кылмыш дүйнөсү менен байланышкан, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган жана Жогорку Кеңештин беделине шек келтире турган жүрүм-турум менен айырмаланган деген сыяктуу айыптоолорду айтып чыгышкан болчу.

Серепчи Бекбосун Бөрүбашев парламент Келдибековдун ишине баа бербестен, аны кетирүүгө гана кызыкдар болгондой түр калтырды деген ойдо:

- Бизде дайыма укуктук мамлекет курабыз деп көп айтышат да, бирок көп учурларда саясий чечим кабыл алууну жакшы көрүшөт. Эгерде койулган айыптоолор чындыгында эле орун алган болсо, ошонун бардыгын тактап туруп, Келдибековдун ишмердүүлүгүнө укуктук баа берилиши керек болчу. Деги эле парламент өзү жамааттык орган. Бир жылдын ичинде анда орун алган нерселердин бардыгы үчүн жалгыз Келдибековдун өзүн эле күнөөлөй берүү туура эмес. Эгерде чын эле мамлекеттин акчасын коротканбы? Анда мына ошонун бардыгын ачыкка чыгарыш керек эле. Бирок анте алышкан жок. Демек бул жерде башкалары да аралашкан да.


Башкаруучу коалициянын жаңыча тандоосу


Апта аягында КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары биригип, башкаруучу коалиция түзүлгөндүгү жарыяланды. Жалпы коалиция мүчөлөрүнүн саны 92 депутатты түзөт.

Башкаруучу коалиция Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер катары Асылбек Жээнбековду тандады. Аны менен катар “Ар Намыстан” көрсөтүлгөн Абдрахман Маматалиев талапкерлигин алып салды. Өкмөт башчылыкка “Республикадан” Өмүрбек Бабанов, депутаттар тобунан Равшан Жээнбеков жана “Ар-Намыстын ” атынан Нариман Түлеев көрсөтүлдү.

Жумшак рейтинг аркылуу өткөн тандоодо алдыга чыккан Бабанов өзүнүн үч тепкичтен турган программасы менен тааныштырды.


- Биринчи этапта биз туруктуулукту кармап, коопсуздукту бекемдеп, мамлекеттик башкарууну жакшыртуубуз керек. Экинчи этапта экономиканы жандандырып, инвесторлорду тартуу, калктын кирешесин жогорулатуунун жолдорун иштеп чыгабыз. Үчүнчү этабында биз улуттук экономиканы калыбына келтирип, өнүгүүнүн так жана аныкталган жолу менен өнүгүүгө кадам таштайбыз. Биздин программада жөн эле кооз жана куру сөздөр эмес, иштөөнүн конкреттүү чаралары бекитилген.

Буга чейинки башкаруучу коалиция түзүүдө келишимге келүүгө фракция башчылары гана катышкан болсо, бул жолу альянстын дээрлик бардык мүчөлөрү катышууга мүмкүнчүлүк алышкандыгы айтылууда.


Өкмөт башчылык үчүн талапкерлерди "жумшак рейтинг" аркылуу иргеп алууга катышкандардын бири Равшан Жээнбеков жогорку мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу мына ушундай атаандаштык түзүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле алдыда ачык-айкын, натыйжалуу иштей турган кесипкөй өкмөттү түзүү зарылдыгы тургандыгын айтты:

- Биз жыйырма жылдан бери оңдура турган өкмөткө жетишпедик. Ошондуктан азыр биз чакан, натыйжалуу жана кесипкөй өкмөт түзүшүбүз керек. Ал үчүн мына ошол өкмөткө кире турган команда мыкты түзүлүш керек. Өкмөттө ачык айкындык, атаандашуу жана отчеттуулук болуш керек. Мына ошондо азыркы абалдан чыгууга жол ачылат.


"Жумшак” рейтингдин" жугумдуулугу эмнеде?


Башкаруучу коалиция төрагалык менен өкмөт башчылык сыяктуу жогорку мамлекеттик кызмат орундарына талапкерлерди жылдырууда "жумшак рейтинг" системасын тандап алышы жөн жеринен эмес. Анткени серепчилер мында саясий күчтөрдүн ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуудагы эл аралык тажрыйбаны киргизүү зарылдыгын белгилешти. Өкмөт башчысын тандоодо жумшак рейтинг биринчи жолу 2000-жылы колдонулган. Анда президент Акаев парламенттин бекитүүсүнө Муралиев менен Бакиевдин талапкерлигин бирдей сунуштаган болчу.

Саясат таанучу Алыбек Акунов жумшак рейтинг тандоо мүмкүнчүлүгүн бергени менен талапкердин ким экендигин ачып бере албайт деп эсептейт:


- Саясий рейтинг адатта альтернативалуу негизде мыкты адистерди тандоо үчүн керек. Бирок анын маңызы өзгөртүлүп, көпчүлүк учурда кимди каякка алып келүүнү каалагандарга кызмат кылып калган учурлар аз эмес. 2000-жылы жумшак рейтингди Акаев Муралиевди кызматтан алып, анын ордуна Бакиевди алып келүү үчүн курал катары колдонгон. Негизи эле мында адамдын ким экендигин, анын таржымалын аныктап туруп тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Бул кээде экөөнүн бирөөсү, же кээде жөн эле формалдуулук үчүн жасалышы мүмкүн.


Аркы жээктен берки жээкке секиргендердин көйгөйү


Башкаруучу коалиция түзүүнүн дагы бир жаңылыгы анын курамына оппозицияда калган фракциянын айрым мүчөлөрүнүн кириши болду. “Ата-Журт” фракциясынын “Реформа үчүн” деген аталыштагы депутаттык тобунун бир нечеси башкаруучу коалиция менен тилектеш экендиктерин жарыялашты. Бирок баш мыйзамда башкаруучу коалицияга фракциялар аркылуу гана кирүү жагы каралган.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов мындай көрүнүш баш мыйзамга каршы келе тургандыгын айтып чыкты:


- Бул көрүнүш баш мыйзамга каршы келет. Эч убакта коалицияга кирбеген фрациянын ичиндеги айрым бир депутаттык топ өз алдынча ага кирүүгө укугу жок. Бирок ошондой болуп калды. Реалдуу түрдө биз аларга таасир этип, мандатын алып койууга акыбыз жок. Биздин укуктук жактан аларга таасир этүүчү каражаттарыбыз жок. Болгону моралдык жактан гана таасир этип, эгерде партияда болушса, андан чыгарууга болот.

Анткен менен башкаруучу коалициянын мүчөлөрү жана аларга кошулуу ниетинде турушкан депутаттар парламенттик көпчүлүктүн курамына оппозициялык фракциядан эч ким кире албайт деген чектөө жок экендигин мисал келтиришти.


КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева оппозициялык фракциядагы айрым депутаттардын кызматташууга болгон каалоосуна чек койууга мүмкүн эместигин белгиледи:

- Баш мыйзамда башка фракциядан келип, башкаруучу коалициянын курамына кирүүгө болбойт деген да талап жок. Ошондуктан эгерде мына ошол депутаттар биз менен өз ара кызматташууга ынтызар болушса, эмнеге ага чектөө коюшубуз керек. Бул жерде маселе кызматташуу жөнүндө болуп жатат.


Ошол эле учурда баш мыйзамдын авторлорунун бири “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев аталган жагдайга түшүндүрмө берди. Анын айтымында, оппозициялык фракциянын ичиндеги өз алдынча депутаттык топ менен түзүлгөн кызматташтык тууралуу макулдашууну коалициялык келишим менен чаташтырууга болбойт. Аталган депутаттар коалициянын толук кандуу мүчөсү боло алышпай тургандыгын айткан мыйзамчы макулдашуу негизги санаалаштыкты гана көздөй тургандыгына токтолду:

- Башкаруучу коалицияга төрт фракция кирди. Ал эми оппозицияда кала турган “Ата-Журттагы” “Реформа үчүн” депутаттык тобу менен өзүнчө макулдашуу түзүлгөн. Экөө эки башка документ. Мына ушундай эле макулдашуу парламенттен сырткаркы саясий күчтөр менен да болушу мүмкүн.

Парламенттик көпчүлүккө кирген “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова болсо башкаруучу коалицияга кирүү тууралуу келишимге кол койбогондугун айтып чыкты. Бирок ал өзүнүн мындай кадамдарынын негизги себептерин ачыктаган жок.

Ошону менен башкаруучу коалиция өзүнүн туруктуулугун келе жаткан шаршембиде тастыктамакчы. Анткени башкаруучу коалициянын телчигип кетиши парламенттин алдыдагы жалпы отурумунда Жогорку Кеңештин төрагалыгына жана өкмөт башчылыгына көрсөткөн бирдиктүү талапкерлерин колдой алышабы же жокпу ошондон көз каранды.

Анткени былтыр парламент төрагалыгына бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөн Текебаевди колдоого келгенде коалициянын ичинде ага каршы добуш бергендер болуп, жыйынтыгында биринчи жолку башкаруучу коалиция кыйроого учураган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG