Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Коалиция: КСДП шартына эки фракция макул


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштады.

Президент коалиция түзүүнү тапшырган Социал-демократтар фракциясынын койгон шартына “Ар-Намыс” жана “Республика” фракциялары макул болушту. Ал ортодо айрым фракциялар оппозицияда калууга даяр экенин билдирүүдө.


Коалиция төрт фракциядан куралышы мүмкүн


Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияны түзүү боюнча кеңешүүлөр кызуу уланууда. Көпчүлүк коалицияны түзүү укугуна эгедер КСДП фракциясынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, өз шарттары камтылган коалициялык макулдашуу бардык фракцияларга таратылып берилди.

Азырынча КСДПнын шартына “Ар-намыс” жана “Республика” фракциялары макул болгонун аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков тастыктады:

- Бардык фракциялардын лидерлери менен сүйлөштүм. Коалициялык келишимдин биз түзгөн вариантты бардыгына берилди. Жеке эле фракциялардын жетекчилери эмес, Жогорку Кеңеште депутаттардын топтору бар, алардын жетекчилерине да бул келишим берилди. Азыркы учурда баары карап, таанышып жатышат. Ал келишимде эң алгач биздин принциптерибиз жазылган. Эгер ал принциптерге макул болсо андан ары сүйлөшүү улана берет. Бирок ушул коалициялык келишимдин принциптерине азыр эки фракция макул болуп жатат. Алар: “Ар-намыс” жана “Республика”. Ал эми “Ата Мекен” менен “Ата-Журттун” позициясы азырынча белгисиз.

Турсунбековдун айтымында, КСДП “Ар-намыс” менен “Республикадан” башка дагы бир фракцияны кошуп, төрт фракциядан турган коалиция түзүүгө ниеттенүүдө.


“Ата Мекенге” сунуш түшө элек


Коомдук-саясий чөйрө коалициянын курамына төртүнчү болуп “Ата Мекен” фракциясы кирет деген ишенимде турат. Бирок “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалиция жөнүндө жалпы өңүттөгү сүйлөшүүлөр болгону менен ага кирүү тууралуу расмий сунуш түшө электигин билдирди:

- Бизге расмий түрдө сунуш түшпөгөнүнө байланыштуу бул маселени карай элекпиз. Эми мындай жалпы пландагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бизге конкреттүү сунуштар келе элек. Ошондуктан азырынча бул жөнүндө эч нерсе айта албаймын.

Ошол эле учурда серепчилер “Ата Мекен” коалицияга кошулуу же кошулбоо тууралуу чечимин дүйшөмбүдөгү Жогорку Кеңештин жыйынынан соң билдирээрин божомолдошууда. Себеби, бул жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго байланыштуу маселе каралат. Мына ушул жыйында “Ата Мекен” көтөрүп чыккан Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгесине фракциялардын мамилесин билип, андан соң шериктештерди тандашы мүмкүн.

Саясат таануучу Темир Жумакадыровдун божомолунда, бул маселе "Ата-Журт" фракциясынын позициясына байланыштуу:

- Менин пикиримде, “Ата Мекендин” коалицияга кошулушу же кошулбашы “Ата-Журттун” позициясынан көз каранды. Эгер “Ата Журт” төртүнчү фракция болуп, коалицияга кире турган болсо, анда “Ата Мекен” коалицияга кирүүдөн баш тартат. “Ата-Журт” коалицияга кирүү боюнча келишимге келе албай калса, “Ата Мекен” кириши толук мүмкүн.


“Ата-Журт” оппозицияда калууга даяр


Анткен менен “Ата-Журт” фракциясы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн четтей электигин, бул боюнча сунуштарды талкуулоого ачыктыгын билдирүүдө.

Ошол эле кезде фракция лидери Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” оппозицияда калууга даярдыгын белгилеп, эгер окуя мындай нукта өнүксө фракция күчтүү оппозиция
болууга бел байлайт:

- Эгерде оппозицияда кала турган болсок, жөн оппозиция болбойбуз. Жөн эле “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” партияларына окшогон оппозиция эмес, биз накта оппозиция болобуз. Оппозициялык блок түзөбүз, парламенттик республикада кандай оппозиция болушу керектигин көрсөтөбүз. Башка парламенттик өлкөлөрдөгү оппозициялык күчтөрдүн кантип бийликке жетишкен тажрыйбасын алабыз. Бир сөз менен айтканда жөн отурбастан, иш кылабыз...

Мыйзамга ылайык, президент коалиция түзүү боюнча мандат берген күндөн тарта 15 жумушчу күндөн кечикпестен жаңы коалициянын курамы аныкталууга тийиш.


Төрага айланасындагы талаш уланууда


Муну менен катар Жогорку Кеңеште төрага Акматбек Келдибековдун ишмердүүлүгүн териштирүү бүйүр кызыткан маселе бойдон калууда. Курамында ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия өз ишин улантууда.

10-декабрда төрага Акматбек Келдибеков комиссияга түшүндүрмө берип, анда “Ата Мекен” коюп жаткан дооматтарды бир-бирден четке какты. Келдибеков кримдүйнөнүн “аталыгы” аталган Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, коопсуздук органдарынын маалыматына ишенбей турганын билдирүүдө:

- Мен Караколго үй-бүлөм менен бардым. Жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум. Экинчиден, милициялар уюшкан кылмыштуу топтор, изделген адамдар автоматчан жүрөт деп айтып жатышса, эмнеге кармашпайт. Эмнеге кармашкан жок? Кармап, жоопко тартыш керек болчу. Анан алар кармабаса менин эмне тиешем бар?

Төраганын ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева Акматбек Келдибековдун ИИМ менен УКМКга мындай доомат артышы анын актанууга болгон акыркы айласы деп баалайт:

- Келдибеков “ИИМдин кызматкерлери көрсө эмнеге кармабайт” деп айтып чыкты. Бирок мен ойлойм ИИМ, УКМК биздин тартипти сактаган, укук коргогон расмий орган болгон соң ага биз ишенишибиз керек. Биз алардын материалы менен иштейбиз. Биз жалгыз Келдибековго ишене албайбыз. Ал эми бул жерде бүтүндөй бир орган иштеп жатпайбы.

Иманкожоеванын айтуусуна караганда, Акматбек Келдибеков анын ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын айрым мүчөлөрүнө басым жасаганга да аракет кылууда.

Ал ортодо жекшембиде Ош шаарында Акматбек Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты. 400гө чукул адам катышкан бул митингде Келдибековду төрагалык ордунда калтыруу жана ага ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүп чыккан Өмүрбек Текебаевди Ошко келип түшүндүрмө берүү талабы коюлду. Мындай нааразылык акциялар буга чейин Акматбек Келдибековдун кичи мекени - Алайда да болгон эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG