Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Апта: өкмөттө да, оппозицияда да кризис


Коомчулукта Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт үч ай ичинде оозго аларлык иш жасай албаганы сынга алынып, кышка даярдык начар экени айтылууда.

Улуттук оппозициялык кыймыл болсо экс-депутат, "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди бийликти колдоду деген жүйө менен катарынан чыгарды. Төрт жылга созулган апрель сотунун өкүмү чыкты.

Оторбаевдин жүз күнү

Узап бараткан аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп отурган жүз күндүк ишин жыйынтыктап, коомчулукка маалымат берди. Андагы айтылган жалпы сөздөрдү мисал келтирген байкоочулардын билдиришинче, Оторбаев өкмөтүнүн үч ай аралыгында жасаган мактанарлык иштери жокко эсе. Тескерисинче бул өкмөттүн да өмүрү кыска болот деп анын тагдыры жана келечеги боюнча көзү ачыктык кылгандар пайда болууда. Өкмөт өзү да быйыл экономикалык өсүштөр жайлаганын, кышта отун-энергетикалык таңсыктык болорун айтып, элге азыртан эскерте баштады. Өкмөттүн башкы жүйөсү: быйыл тоолордон суу аз түшүп, жай кургакчыл болууда.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, кыштан чыгуу боюнча улуттук программа кабыл алынышы да мүмкүн.

- Биз баарыбыз: коомчулук, мамлекет кышка жакшы даярданышыбыз керек. Бул менин эң негизги максатым. Токтогул суу сактагычында суу абдан аз, азыркы учурда 11,5 млрд. куб метр суу бар. Былтыркы менен салыштыра турган болсок, 3 млрд. куб метр сууга аз болуп жатат. Бул акыркы жети жылдын ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Ошондуктан биринчи жыйынтык: Токтогул суу сактагычында быйыл суу аз болот.

Ал эми кышта болору күтүлүп жаткан энергетикалык тартыштыкка Ош шаарынын апрель айынан бери газсыз отурганын кошулса, абал чыны менен татаал экенин көрүнөт. Ош шаарын өзбек газысыз кыштан алып чыгуу үчүн бюджеттен 261 млн. сом бөлүндү. Башкача айтканда газдын ордун эми көмүр жана электр энергиясы алмаштырмакчы. Бирок анын натыйжасы да кыштын оор же жеңил болорунан көз каранды.

- Былтыр Токтогул суу сактагычында быйылкыга караганда 3 млрд. куб метр суу көп болсо да кыштан араң чыктык. Ал үчүн энергетиктерге ыраазычылык билдириш керек. Быйыл кышында Өзбекстан газ бербейт, ага да даярданыш керек. Энергетикада жүк тескерисинче көбөйүп жатат. Кандай аракеттерди көрүү боюнча биз азыр пландарды түзүп жатабыз. Биз кыштан чыгуу боюнча улуттук программа кабыл алышыбыз керек, - деди өкмөт башчы.

Өзбекстан газ берүүнү токтоткондон тышкары, Казакстан 30 миң тонна күйүүчү майды чек арадан өткөрбөй, үч айдан бери кармап турат.

Кыргызстан буга чейин электр энергиясын экспорттоп келген болсо, быйыл кайра кошуналардан сатып алууга мажбур болууда. Учурда Тажикстандан электр энергиясын сатып алып жатса, кышында Казакстанга үмүт артып турган чагы. 26-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн кыргыз-казак сүйлөшүүсүндө ушул маселе талкууланып, Казакстандан кышка 500 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сөз болду. Анын акысы үчүн азыр Казакстанга сугат суу берилип жатканы айтылды.

Суу-энергетикалык проблема өз кезегинде кошумча социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү да жаратканы турат. Маселен, айыл чарбасы үчүн сугат суунун жетишпестиги түшүмдүн көлөмүн азайтканы эмитен айыла баштады. Кыргызстандын ичиндеги абалга кошул-ташыл болуп, дүйнөдө да абал туруктуу эмес.

Ал эми Оторбаев өкмөтүнүн артта калган жүз күнүнө баа берген саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, өкмөттүн ашып кетсе дагы үч айлык өмүрү калды.

- Эл өкмөткө нааразы болуп жатат. Анткени, бийлик “кышка даярдангыла, көмүргө өткүлө” деп айтып жатпайбы. Аны уккан эл ошол замат Бакиевдин “тезек тергиле” дегенин эстеп жатат. Ошондуктан бул өкмөт өзүн-өзү кетиргени турат. Азыр мына жүз күн өттү. Ушул аралыкта көзгө көрүнө тургандай долбоорлор жасалган жок. Бул өкмөт көпкө барбайт. Кеминде ушул ноябрда тарап, ордуна башка өкмөт келет. Анткени ишенимди актаган жок.

Оппозиция-бийлик тагдырлаштарбы?

Бирок адатта бийлик алсыраганда же мамлекетти системалуу кризис курчаганда оппозиция аны пайдаланып, кубаттанып, катарын калыңдатууга аракет кылары белгилүү. Оппозиция терең уйкуда жатабы, же оппозициянын да айбаты кеттиби?

Талдоочу Марс Сариев оппозиция дагы терең кризисте деп эсептейт.

- Оппозиция дагы кризисте. Идеялык оппозиция мурда деле жок болчу, азыр такыр эле жоголду. Оппозициянын катары да болбой калды. Бийлик тараптын азыр конструктивдүү оппозиция түзгөнгө кызыкчылыгы бар.

Оппозициядагы кризистин туруктуу экенин экс-депутат, “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул жумада Бирикккен улуттук оппозициянын курамынан чыгарылышы да айгинелеп тургандай. Кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдиргендей, Камчыбек Ташиев мурда айтып келген позициясынан тайып, президент Алмазбек Атамбаевдин идеяларын колдой баштаганы үчүн оппозициялык топтун катарынан чыгарылды. Бирикккен улуттук оппозициянын тең төргасы болуп келген Камчыбек Ташиев өзү бул боюнча пикирин ачыктай элек.

Аталган кыймылдын мүчөсү, Ташиевдин жакын санаалашы Нурлан Шакиевдин айтымында, Ташиевдин бийликти колдоп сүйлөгөн сөздөрү туура эмес кабылданган:

- Ал өзүнүн буга чейинки катуу позициясын жумшартып, “буга чейин сындап келдим, эми колдой турган жерден колдоп да көрөйүн, кандай өзгөрүү болоор экен, мурдагыдай бир жактуу сындардан алыс болуп, калыс пикиримди айтып турайын” деген максатта позициясын жумшарткан. Бирок тилекке каршы, муну бир топ саясатчылар, журналисттер башка өңүттөн элге жарыялашты. Менимче, саясатчы үчүн позициясын өзгөртүү, же жумшартуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Ал эми Бирикккен улуттук оппозициянын лидери Равшан Жээнбеков оппозициядагы кризис боюнча мындай дейт.

- Биринчиден, азыр жай мезгили. Жайында биздин саясатчылар, оппозиция деле өздөрүнүн жеке иштери менен алек болуп калат. Бул жыйырма жылдык тарыхыбыздан белгилүү. Экинчиден, чындыгында эле бийлик ресурстун баарын колдонуп, оппозициянын ичинен кээ бирин сатып алууда, айрымдарын болсо коркутуп же камап коюуда. Ошондуктан оппозиция бүгүнкү күндө чоң күч болуп турат деп айткандан алысмын. Бирок оппозицияда көз карашына бекем турган адамдар бар. Алар менен бат-бат жолугуп, кеңешип жатабыз. Митингдерди уюштуруп, бийликтин каталарын чукуп көргөзүп жатпасак дагы, күздө бийликке карата өзүбүздүн сөзүбүздү, позицияларыбызды, билдирүүлөрүбүздү сөзсүз түрдө айтабыз.

Ал эми парламенттик оппозициянын үнү болсо акыркы кездери такыр эле угулбагандай. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары расмий оппозиция деп саналышат.

Жаштардын дымагы күчтүү

Ал ортодо акыркы учурларда айрым жаштар уюмдары бир катар акцияларды өткөрүп, оппозициянын боштугун толтурууга белсенип жаткандай. Бирок алардын аракети коомчулукту өзүнө тарткыдай болбой турат. Ошого карабастан жаш муун бүгүнкү оппозиция менен бийликке өнүгүүнүн альтернативдүү жолун сунуштайбыз деп турушкан чагы.

Жаш активист Мавлян Аскарбеков буларга токтолду:

- Биз деген оппозиция эмеспиз. Биз азыркы бийлик башында турган адамдарга, ошону менен катар оппозицияга атаандаш болоюн деген көз карандысыз жаңы күчпүз.

Жаш активист Мавлян Аскарбеков бүгүнкү оппозиция менен бийликке мындай баа берет.

- Бул адамдардын ичинен бирин оппозция бирин бийлик деп айтууга болбойт, ал жөн гана спектакль. Алардын баары бири-бири эмнени уурдап, эмнени талкалаганын билишет. Ошондуктан алардын оппозиция жана бийлик деп бөлүнгөндөрүнө биз кошула албайбыз.

Апрел соту дагы териштирлеби?

Оппозиция менен бийлик кризиске туш болуп жаткан чакта, 4 жылдан бери уланып келе жаткан апрель соту акырына чыкты. Сот Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана Жаныш Бакиевди өмүр бою сыртынан соттоду. Жаныш Бакиевдин орун басары болуп иштеген Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25-22 жылдан кесилди. Мурдагы УКМК төрагасы Мурат Суталинов болсо жыйырма жылга соттолсо, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Оксана Малеваная он жылдан кесилди. Ал эми мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин иши кыскарды. “Альфа” жана мамлекеттик күзөт кызматынын балдары акталып, командирлери гана 6 жылдан соттолду.

Ардагер чекист, генерал Артур Медетбековдун оюнча, бул сот процессине ушуну менен гана чекит коюлуп калбайт. Анткени башынан аягына чейин калыс, бейтарап териштирүү болду деп айтууга негиз жок:

- Териштирүү толук болбой, ок атууга тиешеси бар, күнөөсү бар адамдардын көбү кармалбай, ошол эле кезде кээ бир күнөөсү жок адамар соттолуп жатканы туура эмес. Бул сот жараянынын тарыхый мааниси бар. Бул кылмыш иштерин кийин да изилдешип, териштирүү иштери болуп калышы толук ыктымал. Анткени азыркы сот иши учурдагы саясий абалдын да таасирине жараша болуп калды.

Ошол эле кезде соттолгондордун жакындары сот өкүмү менен макул эместиктерин билдиришүүдө. Алар кийинки тепкичтеги сотторго кайрылуу ниетинде турушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG