Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Сойкукана ачкан кытай жарандары кармалды


Кыргызстанда жылдан жылга сойкулук күчөп баратканын адистер белгилешет.
Кыргызстанда жылдан жылга сойкулук күчөп баратканын адистер белгилешет.

Бишкекте сойкукана ачкан деген шек менен үч кытай жараны кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында мындан үч ай мурун адам сатуу жана сойкуканалардын ишин тыюу боюнча атайын бөлүм ачылган.

Шаардык милиция “Караоке бар” деп жымсалдап аталган, жашыруун иштеген бул жайдын кардарларынын дээрлик баары кытай жарандары болгонун жарыялады. Азыр бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Милицияга бул жайда администратор болуп иштеген 20 жаштагы эки кыз көрсөтмө берген. Анда жалпысынан 30дай кыз иштерин, алар жумушка кантип алынганын, интим кызмат кандай жолдор менен көрсөтүлөрүн жана кардарлар тууралуу айтып беришкен:

- 30дай кыздын 15ке жакыны интим кызмат көрсөтчү. Кардарлар жалаң кытайлар. Анда-санда гана жергеликтүү эмес корейлер келип калчу. Интим кызмат бир түнгө 100 доллар турат. Караоке бардын ээлери кытайлар. Кыздарды реклама аркылуу алабыз. Гезиттерге “официант керек, бир күнгө 700 сом төлөнөт” деген жарнама беребиз. Кыздар бизге келгенден кийин, өз эрки менен сойку болуп иштешет. Биз жумушка алганда интим жок деп айтабыз, бирок кааласа интим кызмат көрсөтсө болот.

Сойкукана иштеткен деп кармалган кытай жараны.
Сойкукана иштеткен деп кармалган кытай жараны.
Бул жай Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын адам сатууга каршы жана сойкуканалардын ишин тыюу боюнча бөлүмүнүн атайын операциясынын негизинде табылган. Аталган бөлүмдүн башчысы Саламат Адыловдун билдиришинче, мында иштеген кыздарга мүмкүн болушунча кардарлардын акчасын көбүрөөк коротуу милдети да тагылган. Спирт ичимдиктери дүкөндөгү баадан бир канча эсе кымбат сатылган:

- Бул жакта тамак-аш жок, арак-шарап, кургак жер-жемиш жана тамеки гана сатылат. Мисалы, мындай дүкөндөрдө 60 сомдон сатылган сыра ал жерде 500 сом, 160 сомдук арак ал жерде 2,5 миң сом. Анан кыздардын негизги функциясы келген кардарды “сындыруу” экен. Мисалы эки бөтөлкө арак ичсе эле, арактын өзүнүн баасын алып салганда эле бир заматта 4,5 миң таап атышат. Эч кимге салык төлөбөйт. Жашыруун иштеген. Биз ал жерде 1,5 айдан берки видеокамерага тартылгандарды көрдүк. Сегиз бөлмө бар экен, күн сайын баарында тең адам толуп турган.

Саламат Адылов мындай жайлар Бишкекте көбөйгөнүн кошумчалады:

- Бул жерде иштегендердин эң жашы 17, эң улуусу 24 жашта. Арасында турмушка чыккандары да бар. Мындай жайлар шаарда өтө эле көп экен. Караоке, дагы башка деп жымсалдап ачып алышып, кыздарды иштетип атышат.

Шаар милициясы жашыруун иштеген сойкуканалардын ишин тыюу иштерин улантканы жатат.

Расмий маалымат боюнча, Бишкекте 3 миңдей кыз-келин сойкулук менен алектенет. Жеңил жол менен көбүрөөк пайда табуунун кыныгын алган атайын топтор бар.

Байкоочулардын баамында, кээси жумушу жок, нан табуу үчүн аргасыздан сойкулукка барса, айрымдары жөн гана кымбатыраак телефон, же көйнөк-кече алуу үчүн ушундай жолду тандайт. Арасында мектеп жашындагы секелек кыздар да жок эмес.

Сойкукана ачкан кытай жарандары кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

XS
SM
MD
LG