Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Президентти каралагандарга чара көрүү сунушталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук комитети президенттин беделине шек келтирген билдирүүлөрдү ырааттуу көзөмөлдөйт.

Мындай оюн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Жогорку Кеңештин депутатынын суроосунан улам билдирди. Эки күн мурда депутат Ирина Карамушкина социалдык тармактар аркылуу президенттин дарегине мазактоолорго кандай чара көрүлөрүнө кызыккан.

Айрым интернет колдонуучулар депутаттын демилгесин аша чабуу катары карап, президенттин дарегине сын-пикир айткандардын артынан түшүү саясий куугунтук катары кабыл алышты.

Депутат президенттин аброюна камтама

Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Ирина Карамушкина соңку мезгилде интернетте президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирген маалыматтардын агымы күчөгөнүн айтты. Мына ушуга байланыштуу депутат президент Атамбаевди каралагандарга жана аброюна шек келтиргендерге карата кандай чара көрүлөрүн сурады.

Ирина Карамушкина ошондой көрүнүштөрдү ооздуктоонун укуктук тартибине кызыкты:

- Мен УКМКнын өкүлүнөн “интернет сайттар же социалдык тармактар аркылуу мамлекет башчысын жекече мазактоо жана аброюна шек келтирүү анын укугун бузуу болуп саналабы” деп кызыктым. Анткени соңку мезгилде анын ишмердигин жөн эле сындоо эмес, президенттин инсандык беделине шек келтирип, мазактоо көрүнүштөрү жүрүп жатканы байкалат. Эмнегедир көптөрү сөз эркиндиги дегенде эле “эмнени кааласам, ошону сүйлөй берем” деп оозуна келгенди айта берүүнү адатка айлантып алышты. Ошол эле учурда негизсиз жерден эптеп эле басынтып, мазактап калууга жол берилүүдө.

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Интернетте бийликти социалдык тармак аркылуу сындагандарды чектөө аракети кызуу талкуу жаратты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Рустам Мамасадыков мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сын-пикирлер байкоого алынып жатканын айтты. Ал андай маалыматтар аныкталып, материалдар прокуратурага өткөрүлөрүн кошумчалады.

Рустам Мамасадыковдун айтымында, президент герб, желек жана гимн сыяктуу мамлекеттин символу. Ошондуктан ал президенттин аброюна шек келтиргендер жазаланарын эскертти.

Медиа эксперт Авланбек Жумабаев мындай корутундуга макул эмес:

- Мен “Мамлекеттик символдор жөнүндө” мыйзамды толугу менен карап чыктым. Анда “президент герб, гимн жана желек сыяктуу эле мамлекеттин символу катары корголот” деген түшүнүк жок. Мамлекет башчысы бул жогорку кызмат адамы. Президенттин аброюна байланыштуу маселени улуттук коопсуздук маселеси менен аралаштырып, депутат аны УКМКнын кароосуна чейин көтөргөнү - бул аша чапкандык. Менимче, Ирина Карамушкина мурда парламентте оппозициялык фракциянын депутаты болуп турганда аларга мамлекеттик телеканалдардан сөз берилбей жатканына каршы оозун жаап алып, саясий акция уюштурган. Азыр эми ошондой жагдай кайра кайталанып жатканда бул айым ошол күндү унутуп, элдин оозун жапкыла дегени туура эмес көрүнүш.

Саясий куугунтук интернет аркылуу жүрөбү?

Ошол эле кезде айрым интернет колдонуучулар депутат Ирина Карамушкинанын президенттин аброюн коргоого багытталган демилгесин аша чапкандык катары кабыл алышууда.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова сынга карата бийликтин мамилеси мурдагы бийлик режимдеринин учурундагыдай эле абалда калганын белгиледи:

- Мен Фейсбук социалдык тармагында Ирина Юрьевна менен ушул боюнча бир топ чарпыша түштүм. Ал эми кайра депутат болуп келгенден кийинки анын тапкан акылы ушул экен. Мен ага “президенттин аброюн көтөрөйүн десеңер, соцтармакта отуруп алып, элдин бардыгына каяша бергендин ордуна өзүңөрдүн депутаттык ишиңер менен алектенбейсиңерби” деп айттым. Анан мен ага "деги эле кайсы тармакта алдыга жылыш болгонун жана жакшы жагына өзгөрүү болгон бир эле тармакты көргөзүп бергилечи, биз президентти мактап эле жатып калалы" десем, бир мисал келтирип бере алышкан жок. “Сен президентти мактабай, жамандап жатыпсың” деп жарандарды кысымга ала башташса, анда ошондо булар көрүшөт. Анын аягы жаман бүтөт.

Ошол эле кезде президентке жакын чөйрөлөр мамлекет башчысынын абийири менен абройу мыйзам менен корголорун белгилешти. Мына ошондой укуктук ченем “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн. Мына ушул укуктук ченем аркылуу Башкы прокуратура президенттин абройун коргоп, сотко кайрылган учурлар бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG