Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

КТРК Байкоочу кеңешинин жаңы курамы шайланды


КТРК имараты.
КТРК имараты.

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолду.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясы сунуштаган эки талапкер өтпөй калгандан кийин аталган фракциянын депутаттары добуш берүү бүтө электе жыйынды таштап жапырт чыгып кетишти.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине 15 мүчө шайланды. Алардын бешөөнү президент, дагы бешөөнү Жогорку Кеңеш, ушунча эле адамды жарандык коом көрсөттү.

Президент сунуштаган 10 талапкердин ичинен Игорь Шестаков, Абды Сатаров, Анатай Өмүрканов, Рита Борбукеева жана Нурбек Касымбеков келди.

Жогорку Кеңештен Кылычбек Султанов, Тамара Жаманбаева, Жылдыз Бакашова, Сабырбек Муканбетов менен Тынчтыкбек Чоротегин шайланды.

Ал эми жарандык коом сунуштаган 15 талапкердин ичинен Эрнест Абдыжапаров, Фархад Бекманбетов, Илим Карыпбеков, Вячеслав Гончаров жана Мыктыбек Арстанбек көп добуш алып, Байкоочу кеңеш мүчөлүгүнө өттү.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынан сунушталган эки талапкер Нышанбек Кочкоров менен Авиахан Кадырова өтпөй калды. Ушундан улам аталган фракциянын депутаттары чырдап чыгышты.

Депутат Курмантай Абдиев ар бир фракция көрсөткөн талапкердин кайсынын көбүрөөк добуш алса ошону өткөрүү керек деген сунуш айтты:

- Фракциялар арасында ажырым пайда кылбаш үчүн, тең салмактуулук болуш үчүн орчундуу маселелерде биз оппозицияда болсок дагы силерди колдоп добуш берип келатабыз. Мындай учурларда кайра колдоо болуш керек да. Азыр бул добуш берүүнү жокко чыгарып, ар бир фракциянын эки талапкерине жумшак рейтинг менен добуш берели. Кимиси биринчи орунду алган болсо ошол кирет дагы, беш фракциядан беш талапкерди бекитип беребиз.

Бирок бул сунуш көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок. “Атажуртчулардын” сунушу добушка салынып өтпөй калды.

“Республика” фракциясынын лидери Канатбек Исаев мыйзамды кармануу керектигин айтты:

- Мыйзамда Жогорку Кеңеш тарабынан беш талапкер аныкталат деп турат. Оппозицияны биз дайыма сыйлап келатабыз. Конституцияда көрсөтүлгөн эки комитетке дагы кошумча комитетти берип атабыз. Ошондуктан талапкерлердин рейтингине жараша кете бериш керек.

Мындан кийин Камчыбек Ташиев фракция депутаттарын алып чыгып кетти:

- Биз түшүнүп атабыз, КТРКнын Байкоочу кеңешинде бир добуш менен эч нерсе чечилбейт болчу. Бирок оппозиция ошол жерге барыш керек эле. Акаевдин, Бакиевдин убагындай эле, Бакиевдин “Ак жол” фракциясынын эле жолуна түшүп атабыз. Мындан ары маселеңерди өзүңөр чече бергиле. Рахмат! Биз анда залдан чыгып кетебиз.

“Атажуртчулар” чыгып кеткенден кийин калган депутаттар жарандык коом сунуштаган 15 талапкерге добуш берип, көпчүлүк колдогон беш адамды тандап алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдан башында "КТРК жөнүндөгү" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Байкоочу кеңештин мурдагы мүчөлөрү тарап, жаңылары шайланышы керек болчу.

Байкоочу кеңеш жаңылангандан кийин КТРКда эми башкы деректир маселеси калды. Талдоочулардын айтымында, мыйзамда коомдук каналдын жетекчиси тууралуу жобо көрсөтүлгөн эмес, анын тагдырын Байкоочулар кеңеши талкуулап чечиши керек.
XS
SM
MD
LG