Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Жакын арада коомдук талкууга чыкканы жаткан "Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө" мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу депутат Эгемберди Эрматов айтып берди.

“Азаттык”: Ушул айда «Коомдук байкоочу кеңеш жана башка коомдук көзөмөл органдары жөнүндө» мыйзам коомдук талкууга коюлат. Мыйзам байкоочу кеңештердин аброюн жана жоопкерчилигин көтөрүүгө багытталган экен. Анын өзгөчөлүктөрү эмне болот?

Эгемберди Эрматов: Мыйзам мамлекеттик деңгээлге алынып чыгат. Байкоочу кеңештер мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарында, райондук деңгээлде да болот. Эң негизгиси байкоочу кеншти тандай турган атайын кеңеш түзүлөт. Аны президент бекитет. Байкоочу кеңештердин негизги милдети - мамлекеттик бюджеттен каржыланган бардык ишкана, мекемелерди, андан сырткары эл аралык уюмдардан грант каражаттарды алган мекеме, уюмдарды көзөмөлдөп турат. Байкоочу кеңеш эки жыл иштейт. Кеңештеги уюштуруу маселелерин караган катчысынбы, айтор бир-эки орунду мамлекет каржылоого алсын деген да талапты коюп жатабыз.

“Азаттык”: Байкоочу кеңештер 2010-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргызстанда мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн бардык министрликтерде түзүлбөдү беле, бул өзүн актай алдыбы?

Эгемберди Эрматов: Бир жыл бою байкоочу кеңештер республикалык деңгээлде иштеди. Алардын бардыгынын төрагаларын чогултуп, Ысык-Көлдө кеңири жыйын өткөргөнбүз. Бир жылда топтолгон тажрыйбанын утушун, утулушун жыйнап туруп мыйзамга коштук. Өжөр, чечкиндүү, мекенсүйөр жана элге жардам берем деп иштеп жаткан байкоочу кеңештерден пайда чыгып атат. Саны бар, сапаты жок байкоочу кеңештер жөн эле жүрөт.

“Азаттык”: Учурда Байкоочу кеңешти көзөмөлдөөчү орган деп айта алабызбы? Анткени мурда-кийин ошол тармакта иштеген, айрым бир кызыкчылыктар үчүн кеңешке мүчө болгон деген сын-пикирлер айтылып калып жүрөт.

Эгемберди Эрматов: Байкоочу кеңешти ала турган атайын кеңеш түзүлгөнү жатпайбы. Алар курамын карайт. Жарымы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, жарымы ошол тармакта иштеген кесипкөй адистерден түзөлөт. Союз учурунда элдик көзөмөл деген атайын уюм бар эле. Ошонун кайсы бир функциясын байкоочу кеңешке бербесек болбой жатат.

“Азаттык”: Кыргызстанда министр өзү байкоочу кеңештин төрагасы болгон учурлар бар. Кеңеш өзү көзөмөлдөөчү орган болсо, анан бул жагдай туурабы?

Эгемберди Эрматов: Жаңы мыйзамда андай жок. Ишкананын жетекчиси кеңешке мүчө болуп кире албайт. Анын орун басарларынын бири атайын добуш берүү менен кире алат, бирок чечүүчү добушка ээ болбойт.
XS
SM
MD
LG