Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Оштогу референдум талкуусу


Ош
Ош

Референдумга каршы топтун Оштогу алгачкы жыйыны кызуу талкуу менен өттү. Активисттер референдумга коюлган бардык өзгөрүүлөрдүн өлкө кызыкчылыгына каршы келерин чечмелеп беришти.

Жыйынга беш-алты аксакал, Ош шаардык жаштар комитети ээрчитип келген 15 чакты студент, үч дин кызматкери жана 20 чакты шаар тургундары гана катышты.

Референдумга каршы топтун өкүлү Рита Карасартова келгендерге Баш мыйзамга киргизилип жаткан 26 өзгөртүүнүн бири дагы элдин пайдасына иштебейт деген пикирин айтты:

- 26 өзгөртүүнүн бири дагы Кыргызстандын жашоосун жакшы жакка кескин өзгөртүп жибербейт. Эмне үчүн мынчалык шашылып аткандары түшүнүксүз. Тескерисинче, адам укуктары мындан ары мыйзамдуу тебелене баштайт. Эми эл аралык соттордон Кыргызстандын сотторунун чечимдери бийик болуп калат дешет. Анын эмне кереги бар. Убагында дал ушул берене менен Аксыда атылгандардын иши кайра каралып компенсация төлөнгөн. Феликс Кулов да ошол эл аралык сотторго кайрылып анан акталган. Кумсаларды айтып, улутчулдардын, диний фанаттардын бүйүрүн кызытып жатышат. Бирок бир жыныстуулардын баш кошуусуна Баш мыйзам менен тыюу салса эле алар жоголуп кетпейт. Бул Баш мыйзам кабыл алынып калса дагы эки-үч жылда кайра алмаштырууга туура келет же дагы төңкөрүш болот.

Ал арада жыйынга келген дин кызматкерлери референдумга коюлуп жаткан 26 өзгөртүүнүн ичинен бир гана никеге каттоо беренеси үчүн Баш мыйзамды колдой турганын айтышты.

Парламенттин жана президенттин кароосуна жалпысынан жети ай берилиши керек эле. Булар эки айда үч окуудан өткөрүп салышты.
Акылбек Табулатов

Бул арада юрист Акылбек Табулатов бул референдумду толук мыйзамсыз деп атады. Ал буга чейин Конституциялык палатанын төрагасы эл аралык жыйындарда азыркы Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөйт деп сөз сүйлөгөнүн, 2012-жылы жеке адамдын демилгесине да 2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөрбөйт деп корутунду чыгарганын эске салды.

- Парламенттин жана президенттин кароосуна жалпысынан жети ай берилиши керек эле. Булар эки айда үч окуудан өткөрүп салышты. Бул мыйзамсыз. Атамбаев өзү 2017-жылга чейинки жол картаны кабыл алып жатканда Конституцияга тийбейбиз деген. Ал сөзү президенттин расмий сайтында жарыяланган. Президент эмне үчүн өз сөзүнө өзү каршы чыкты? Ажого мындай кеңешти ким берип жатат? Ким аны азгырып жатат? Жанында жүргөндөр: “Урматтуу президент, бул туура эмес. Мунун арты жакшы болбойт. Бул жолдон кайтыңыз” десе болмок. Ал сөздү айтканга эч кимиси жараган жок. Бизде бир гана экс-президент бар. Ал Роза Отунбаева. Эркектер ушундан намыстанышыбыз керек. Буга чейинки бир дагы эркек президент аксакал болуп кала алган жок. Ушуну ойлоп көргүлөчү.

Ар бир берененин артынан 40-50 мыйзам өзгөрөт. Жалпысынан миңдей мыйзамды кайра карап чыгууга туура келет. Бул деген парламенттин беш жылдык ишин сызып салуу дегенди билдирет.
Гүлгакы Мамасалиева

Дагы бир укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева азыр Баш мыйзамга киргизилип жаткан 26 өзгөрүүнүн артынан жүздөгөн мыйзамдар алмашуусу мүмкүн экенин эскертти. Анын пикиринде, Баш мыйзамды өзгөртүүнүн арты менен парламенттин буга чейинки иштери жокко чыгат.

- Бир эмес, эки эмес 24 өзгөртүү кирип жатат. Ар бир берененин артынан 40-50 мыйзам өзгөрөт. Жалпысынан миңдей мыйзамды кайра карап чыгууга туура келет. Бул деген парламенттин беш жылдык ишин сызып салуу дегенди билдирет. Ошол өзгөрүүлөрдүн жок дегенде бири мигранттардын жашоосун жакшыртса мейли эле. 1,5 миллион мигранттын шартын жакшырта турган бир берене жок. Жайында Москвадан өлүп келген 14 кыздын окуясынан кийин мигранттар тууралуу бир мыйзам чыккан жок. Бирөө барып Москванын бийлигин такалаган жок. Бул Баш мыйзамда да алар тууралуу бир ооз сөз жок. Эл муну эмне үчүн колдоп бериши керек? Мен өлкөмдү бул паракорлорго таштабайм. Мен өлкөмдү бул коррупционерлерге бербейм. Мен күрөшө берем, айта берем.

Ошол эле учурда Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор дагы облус аймагында үгүт иштерин активдүү жүргүзүп келет. Алардын бири тарыхчы Байболот Абытовдун пикиринде Конституцияны өзгөртүү мезгил талабы.

- Референдум бул элдин пикири, элдин каалоосу, элдин тандоосу. Ошондуктан 2020-жылды күтүп отурбастан акыркы жылдардагы саясий-экономикалык турмуштагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кээ бир беренелердин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүүгө бел байлап жатабыз. Муну КСДП, "Республика - Ата-Журт", жана "Кыргызстан" партиялары демилгелеген. Аны сиз менен биз шайлаган 94 депутат колдогон.

Ош: референдумга каршы топ жыйын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

​Борбордук шайлоо комиссиясында референдумга каршы төрт топ катталган. Алар учурда өлкөнүн калктуу пункттарын кыдырып элди Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы добуш берүүгө чакырып жүрүшөт. Мындай жыйындар буга чейин Чүй облусунда өткөрүлүп келген. Референдумга эки күн калды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG