Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Референдум: эгемендикти эми курабызбы?


Конституция
Конституция

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жекшемби күнү өтөт.

Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым укук-милдеттерине жана адам укуктарына, эркиндиктерине байланышкан жалпысынан 26 өзгөртүү киргизилүүдө.
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” талкуусунда ушул маселе козголду. Талкууга - Кыргызстандын өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов жана юрист Клара Сооронкулова катышты.

“Азаттык”: Токон мырза, Конcтитуцияны өзгөртүү жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен туш келип, президенттик шайлоо алдында өткөнү турат. Айрым талдоочулар мурдагы Конституция чукул кабыл алынып кемчилиги көп дегени менен, бул Баш мыйзам деле ошондой шашылыш жол менен баратпайбы деген суроону коюп жатышат. Сиз мунун калың элдин катмарына сиңди, эл эмнеге добуш берип жатканын билет деп так кесе айта аласызбы?

Токон Мамытов: Мен ишенем. Юридикада бир эки түшүнүк бар – юридическалык Конституция жана фактылык Конституция деген. Юридикалык баягы кабыл алынганы, ал эми факты дегени иш жүзүнө ашып иштей баштаганда кемчиликтери көрүнүп, турмушка дал келбей калганда жанагындай сунуштар, өзгөртүүлөр киргизилет. Мен өзүм 100 пайыз иштеп кетишине кичине ишенип жатам.

“Азаттык”: Клара айым, референдум өттү дейли. Сиз андан аркы жагдайды кандай элестетип жатасыз, эмне өзгөрөт?

Клара Сооронкулова: Укуктук жактан алганда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мыйзамдардын баарын ошол Конституцияга ылайыкташтыруу керек да. Ошол жагынан татаалдыктар жаралат. Мисалы, үй-бүлөнү алып көрөлү, өзгөрүүлөр боюнча үй-бүлө эркек менен аялдын гана союзунан түзүлөт деп турат. Эгер Үй-бүлөлүк кодексти алсак, ал жерде үй-бүлө эркек менен аялдын союзунда, асырап алуу негизинде, тууганчылык негизинде дегендер бар. Анан Конституцияда көрсөтүлгөн жобо мыйзамдарда кеңейбеши керек. Кандай аныктама берилсе, ошол так сакталышы керек. Анан дагы бир нерсе бар, эми бул жерде кейий турганыңды же күлө турганыңды билбейсиң. Преамбулада өзгөртүү киргизип коюшуптур, эгемендүү мамлекетти куруу максатында депчи. Макул эми Конституцияга өзгөртүүлөр кирип жатыптыр. Бирок жаңы Конституция кабыл алынбагандан кийин преамбуладагы максаттар өзгөрбөшү керек. Бирок бул жерде өзгөрүп кетип жатат. Эгемен мамлекет куруу максатында дейт, эми 26 жылдан бери эгемендүү мамлекет болбой эмне кылып жүрөбүз?

Референдум эмнени өзгөртөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:28 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG