Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Сайназаров: “Экстремизм” күнүмдүк сөзгө айланды


 “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров.

“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров.

“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюму Кыргызстандагы диний экстремизмди изилдеген атайын программаны ишке ашырууда.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы директору Кеңешбек Сайназаров ал изилдөөдөгү байкоолору менен бөлүштү.

Сайназаров: Биздин “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун алкагында “Динге таянган радикализмди жана экстремизмди алдын алуу” деген өзүнчө программа иштейт. Ошол программанын негизинде биз чогулткан айрым маалыматтарды бөлүшсөм. Мисалы, ушул студияга келе жатып, Түркиянын “ТРТ” телерадиосунун кыргызча радиосун уксам, ободо жаңылыктар кетип жаткан экен. Ошондогу жаңылыктардын экөө диний экстремизм темасына байланыштуу маалыматтар болду. Эртең менен уксаң деле терроризм, экстремизм, радикализм деген сөздөр кайталанат. Чындыгында эле булар күнүмдүк сөздөрдүн арасына кирип калды.

“Азаттык”: Эгер байкоолорго таянсак, экстремисттик маанайдагы адамдардын саны азайбай эле, тескерисинче көбөйүп баратат. Кыргызстанда да согушка кетип жаткандардын, жихадка барам дегендердин саны өсүүдө. Азыркы учурда 150дөй жаран Сирия менен Ирактын аймагында согушуп жатат деп айтылып жатса, Кыргызстанда дагы канча адам ошол жакка барып согушууну эңсеп жүргөнү белгисиз. Негизи эле биз эмнени туура эмес жасап жатабыз?

Сайназаров: Бул өтө оор жана көп талдоону талап кылган суроо. Аны өнүккөн өлкөлөрдөгү илимий изилдөөлөргө канчалаган акча сарптаган белгилүү изилдөөчүлөр да талдап жүрөт. Бирок дүйнө жүзү ал суроонун жообун али таба элек. Мисалы, мен өзүбүздүн жумуштун арты менен бул жаатта изилдөө жүргүзүп жаткан ар кандай чет мамлекеттик эксперттер менен сүйлөшөм, түрдүү жерлерде болом. Ошолордун арасынан жакында эле жолуккан бир эксперттин пикирин айткым келет. Ал кишинин пикирин Кыргызстанга салыштырып айта турган болсок, бул жерде төрт негизги фактор же топтор бар.

Биринчи топ кандайдыр бир себептер менен, мүмкүн үй-бүлөнүн, досторунун же дагы башка чөйрөнүн таасири менен мурда эле радикалдуу көз карашка ээ болгон адамдар. Ошолор кандайдыр бир мезгил келгенде экстремисттик көз карашка толук ээ болушат жана изденүүнүн аркасы менен жүрүп, туура эмес топторго туш келет.

Экинчи топтогулар болсо, дин маселеси же коомдук түзүлүш боюнча анчалык көп маалыматы жок адамдар. Алар дагы дин боюнча изденип жүрүп, туура эмес иш-аракеттеги топторго кошулуп калышат. Бирок алар өзү кайсы жерде жүргөнүн, андай топторго эмне болуп кошулуп калганын так аңдай албай калгандар.

Үчүнчү топтогулар-социалдык-экономикалык жагдайга байланыштуу радикалдашкан адамдар. Башкача айтканда, бир аз жашоодон түңүлүп, өз айылына, үйүнө барып, турмушка нааразы болуп жүргөн балдар менен кыздар.

Төртүнчү топтогулар жашоодо укмуштуу окуяларды издегендер. Алар мүмкүн өзү жашап жаткан коомдо жеке потенциялын, жеке мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калат. Бирок алар дайыма жаңы максаттарга жетүүнү максат кылып, прогрессивдүү нерселерди, кызыктуу,укмуштуудай окуяларды издешет. Андай адамдарга болсо, террорчул топтор шарт түзүп берип жатат.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG