Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Кыргызстанда мусулмандар арасы бир канча жамааттарга бөлүнүп кетти, анын арты кандай кесепеттерге алып келет?

"Орой көз чарай" талкуусуна тарыхчы, профессор Айнура Арзыматова жана Мусулмандар дин башкармалыгынын мечит, медресе жана окуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Гулматов катышты.

“Азаттык”: Рустам мырза, бүгүнкү күнү Кыргызстанда ислам дининин канча агымы ишмердүүлүк жүргүзөт?

Гулматов: Азыркы убакта Кыргызстанда салттуу ислам дини жакшы багытта баратат. Ошол эле убакытта биздин ислам динине каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн агымдар да бар. Негизинен үч агым: "Хизб-ут Тахрир", Вахабизм жана Ахмадийлер агымы салттуу ислам дининен ажырап чыккан.

“Азаттык”: Баягы айтылып жүргөндөй, Кыргызстан эгемендик алган 15 жыл ичинде бир да мектеп курулбай, ошол эле учурда мечиттер аябай көбөйгөнү тууралуу сөз болгон эле. Мечиттер ар кайсы мамлекеттик мекемелердин аймактарына да курулганын терс кабыл алгандар да жок эмес. Мисалы, Бишкектеги Улуттук госпиталда бир канча жылдан бери бар, быйыл Оштогу университеттин аймагына, карылар үйүндө мечиттин курулушу коомчулуктун түрдүү пикирин жаратууда. Айнура айым, буга сиз каршы чыгып аттыңыз эле?

Арзыматова: Кыргызстанда акыркы жыйырма жылдын ичинде эки миңден ашуун мечит курулуп, бир да мектеп курулбаптыр. Менимче, бул туура эмес. Бизде мамлекет динге катуу көзөмөл кылууга тийиш. Тилекке каршы бизде андай эмес, мамлекет диний аракеттерге көңүл бурбай, көңүл сыртында калтырууда. Мисалы, Ош мамлекеттик университетинде, "Манас" университетинде 500 орундуу мечит курулат деп айтылып жүрөт. Мындай болушу мүмкүн эмес, мамлекет ушул жерден да четке чыгып атат: “биз билим жагын гана көзөмөлдөйбүз” деп.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: "Таблиги жамаат" деген агымга Казакстан жана башка Орто Азия өлкөлөрүндө тыюу салыныптыр, бизде алардын ишмердүүлүгү эркин. Биздин коңшу мамлекеттердин бул уюмдун ишмердүүлүгүнөн чочулоосуна негиз барбы?

Гулматов: Ар кайсы мамлекет кандай саясат жүргүзсө, бул алардын эрки. Бирок биз бир нерсенин бир эле жагын карабай, ар тараптуу карасак жакшы болор эле. "Таблиги жамааттын" мүчөлөрү кир кийинип жүрсө, пакистандыктардын улуттук кийимин кийип жүргөндөрдү көрүп эле, алардын баарын жаман дей берген болбойт. Тескерисинче, алардын жасап жаткан эмгегине көңүл бурсак жакшы болмок, алар бүгүнкү күнү жолдон чыгып, үй-бүлөсүн таштап, арак ичип кеткен адамдарды кайра жашоого кайтарып, алардын намаз окуп, үй-бүлөсүнө кайра келип, адам болушуна мүмкүнчүлүк берип жатышат. Канча жигиттерибиз түрмөгө отуруп чыккандан кийин мурдагыдай коомдон, жакындарынан бөлүнүп калбай, тескерисинче намаз окуп, таза жүрүп атышат, мына ушуларды эмнеге көрбөйбүз, айтпайбыз?

“Азаттык”: Коомду исламдаштыруу аркылуу Борбор Азияда тымызын халифат түзүү аракети жүрүп жатат деген пикирлерге кошуласызбы?

Арзыматова: Мындай пикирлер бар. Мамлекет диний иштерге көзөмөл кылышы керек. Диндин эң негизги функциясы – ыйман. Адам коому ыймандуу болушу керек. Дин ошол функция менен чектелип, саясатка кийлигишпөөгө тийиш деп ойлойм. Кыргыздарда ислам салты жок болчу, кыргыздардын канына да, коомуна да ислам катуу сиңген эмес. Октябрь революциясына чейин деле, кийин Союздун тушунда атеизм болуп, кыргыздар динден дээрлик тышкары эле жашап келишти. Бирок акыркы жыйырма жылда эч кандай көзөмөл жоктугунан ар кандай максаттагы диний агымдар келип, Борбор Азиядагы диний жараяндар ваххабит жакка ооп кетпесе экен деген өтө чоң коркунуч туулган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG