Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Мамлекет салттуу исламдын өнүгүшүнө кызыкдар. Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү ислам динине карата мамилесин өзгөртүүдө.

Мындай көз караш Чыгыш университетинде өткөн “Салттуу ислам жана исламдагы азыркы агымдар” аттуу илимий жыйында айтылды. Илимий жыйында мамлекет менен ислам дининин кызматташтыгын жаңыртуу маселеси талкууланып, ага Билим берүү жана Жаштар министри баштаган расмий өкүлдөр, динаятчылар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышты.

Унутта калып келген ислам

“Салттуу ислам жана исламдагы азыркы агымдар” аттуу илимий жыйынга катышкандар мамлекет менен диндин атаандаш эмес, өнөктөш катары кызматташуусун учурдун талабы катары баалашты.

Талкууда айтылган пикирлерге караганда, мамлекеттик жетекчилер айрым учурларда исламды өзүнө атаандаш санап, анын баалуулуктарына көз жумду мамиле кылып келишкен.

“Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзүбек ажы Чотонов мамлекет ислам динин жерип келгендигин айтты:

- Чынында, исламга көңүл буруу көптөн бери зарыл болчу. Исламга ушул убакытка чейин көңүл аз бурулуп келген. Көбүнчө коркуу, үркүү жана аңдуу, ушул сыяктуу болуп келген.

Ошол эле мезгилде азыр мечитке жаштар агылып келип жаткандыгы унутта калган жок. Муну эске алган Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов диний маселеге көз жумду мамиле кылууга болбойт деп эсептеди.

Исламды жерүү, ошондой эле диний багытта ырааттуу мамлекеттик саясаттын жоктугу өзүн актаган эмес. Мындай пикирин талкууга катышкан Билим берүү министри Канат Садыков да белгиледи:

- Мамлекет утур эле "жок, бул маселеге биздин тиешебиз жок. Бул деген диний башкармалыктын маселеси, бул мектептин маселеси эмес, коомчулуктун жана ата-энелердин маселеси" деп түртүп атып, ушул акыбалга жеткенбиз.

Садыковдун айтымында, азыр мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү демилгелери көтөрүлүп жатат, бирок аны окутуунун эрежелери, программалары, багыттары аныктала элек, аны ишке ашыруу үчүн көп аракет керек болуп турат.

"Ханафи мазхабы - тарыхый жолубуз"

Жыйындын катышуучулары "мамлекет динден бөлүнгөн" деген эрежеге таянып, ар ким өзүнчө аракеттенүүнүн арты коомдун ишенимдерге майдаланып, бүлүнүшүн шарттагандыгын эске алышты.
Мындан ары мамлекет менен дин бирин бири көздөй кадам таштап, кызматташууга, алакалашууга жана жардам берүүгө өтүшү керек.


Кыргызстанда мусулмандар дээрлик суннилердин ханафи мазхабын, башкача айтканда жолун, же агымын тутунушат. Кыргызстанда салттуу ислам дегенде да оболу ушул мазхабга маани берилет. Диний башкармалык да өз ишмердүүлүгүндө ханафи мазхабынын өнүгүшүнө артыкчылык берүү керектигин айтып келет.

Илимий жыйынга катышкан Жаштар иштери боюнча министрдин орун басары Марат Нуралиев буга тарыхый жүйө бар дейт.

- Азыркы күнгө чейин диний аалымдар, молдокелер, баары ханафий мазхабын карманып келишкен. Ошондуктан ханафий мазхабы тарых жана убакыт менен текшерилген агым. Буга чейин анын кандай тарбиялык жагы бар экендигин көрүп, билип жүргөнбүз. Ошондой эле кыргыз элинин адат-салтынын калыптанышына да жакшы салымын кошкон. Азыркы окумуштуулар да башка агымдар кайдан пайда болгон, максаттары эмне экендигин билбейбиз дешүүдө. Андыктан ушул эле мазхабды колдонолу деп жатышкандай.

Кыргызстанга кыргыз исламы керекпи?

Ошол эле кезде кыргызстандык мусулмандар тутунган салттуу исламга башка өлкөлөрдүн идеологиясы, ишенимдери жана баалуулуктары кошулуп жатат. Муну адатта чет өлкөдөн окуган жаштар өздөрү менен кошо ала келип, сиңирип жаткандыгы айтылууда. "Бул ойлонто турган маселе" деди Ишеналы Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов:

- Канча деген жарандар Сауд Арапстандан, Пакистандан жана башка өлкөлөрдөн билим алып жатышат. Түркиядан да билим алышууда. Алардын ар бири билим алып келген жерлеринин көз карашын жайылтууда.

Абдрахмановдун пикиринде, мамлекет менен дин кызматташуу үчүн бири-бирине кадам таштай турган учуру келди. Мындай мамиледен утуш гана болмок.

- Мындан ары мамлекет менен дин бирин бири көздөй кадам таштап, кызматташууга, алакалашууга жана жардам берүүгө өтүшү керек. Мамлекет Кыргызстандагы салттуу ислам дейбизби, таза ислам дейбизби, же болбосо менин өзүмдүн көз карашым бар - кыргыз исламы болуш керек деген. Мамлекет ошону калыптандырууга аракет кылыш керек. Ал үчүн динчилдер менен кызматташыш керек.

Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университети илимий жыйынды Президенттик аппараттын жана Билим берүү министрлигинин демилгеси менен уюштурган. Мамлекеттик органдар айрым учурларда динге өтө киришип кетсе, кээде аны такыр четке каккандыгы үчүн сындалып келчү. Акыркы күндөрү мамлекет ислам динине жаңыча мамиле кыла баштаган шекилдүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG