Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Тоталитардык режим ошондой оппозицияны жаратат


Америка-Ислам байланышы Кеңешинин аткаруучу директору Нихад Аувад Курандын англисче котормосунун жанында туруп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-сентябрь, 2010

Америка-Ислам байланышы Кеңешинин аткаруучу директору Нихад Аувад Курандын англисче котормосунун жанында туруп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-сентябрь, 2010

Тунисти чейрек кылымга чукул башкарган Зин ал-Абидин Бен Али январдын ортосунда журтун таштап кеткенден бир ай өтпөй египеттиктер 30 жыл өлкөнү башкарган Хосни Мубаракты бийликтен шыпырып түштү. Бүгүн Араб өлкөлөрүндө саясый өзгөрүүлөрдү талап кылган көчө жүрүштөрү күч алды.

Саясый реформанын колдоочуларынын арасында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө тамырын жайган “Мусулман агайындар” кыймылы да бар. Бул жагдайда маалымат каражаттарында, саясый чөйрөлөрдө “Саясый ислам” жөнүндө көп айтылчу болду.

Саясый ислам деген өзү эмне? Бул жөнүндө италиялык диниятчы-публицист, ислам таануучу Жованни Бенси "Азаттыкка" курган маегинде сөз кылды.

Саясый ислам деген доктрина жок...

“Азаттык”: Жованни мырза, алгач Тунисте бийликти кулатып, андан кийин Египетти жана башка Араб мамлекеттерин солкулдаткан элдик толкундоолордон улам серепчилер, саясатчылар, талдоочулар “саясый ислам” деген сөздү көп колдончу болушту. Саясый ислам эмне: калыптанган саясый кыймылбы же ислам интеллектуалдары менен уламалары иштеп чыккан өзүнчө доктринабы?
Жованни Бенси. Католик диниятчиси, ислам таануучу, публицист. Италия.


Жованни Бенси:
Мындай доктрина жок. Саясый ислам да жок. Бул исламдын айрым жоболоруна таянган саясый концепциялар бар. Түрдүү саясый ишмерлер Исламдын ыйык жазуусу - Курандын сүрөө, аяттарынын негизинде бүтүн бир концепция иштеп чыкканга аракет кылышууда. Шарттуу түрдө “Саясый ислам” деп айтылып жүргөн түшүнүк XIX кылымда Ислам дүйнөсүндөгү улуттук кайра жаралуу мезгилинде пайда болгон.

Саясый исламдын жайылуусу Осмон империясынын 1-дүйнөлүк согуштан кийин кыйроосу менен байланыштуу. Ыстамбулдун же Түрк султаны башкарган халифаттын кулашы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мусулмандар тарабынан Исламдын жеңилүүсү катары кабал алынган. Ошондо көптөгөн диниятчылар жана уламалар кризистен чыгуунун каражаттарын жана жолдорун издешти. Ошентип экс-халифаттык мейкиндикте түрдүү фундаменталдык уюмдар пайда болду.

“Азаттык”: Сиз “Мусулман агайындар” кыймылынын жаралуусун да Осмон халифатынын бүлүнүп-ыдырашынын туундусу деп айтканы жатат окшойсуз.

Жованни Бенси: Ооба, ошондо көптөгөн уламалар кризистен чыгуунун каражаттарын издешти. Экс-халифаттык мейкиндикте түрдүү фундаменталдык уюмдар пайда болду. Алгачкылардан болуп, 1928-жылы Египетте Хасан ал-Банна “Мусулман агайындар” кыймылын түздү. Бул кыймыл көптөгөн уюшмаларга, топторго, майда жамааттарга бөлүнүп кетти, алардын ар бири багыты, тутунган идеологиясы жагынан айырмаланып турушат. Алардын бир жааты заманга шайкеш, прогрессивдүү саясый түзүмдү курганга умтулууда. Андай ишмердүүлүктүн үлгүсүн бүгүнкү Египеттен көрүүдөбүз.

“Мусулман агайындардын” радикалдуу топтору да бар. Мисалы, ХАМАС же “Хизб-ут Тахрирдин” бөлүмдөрү Араб дүйнөсүнөн сырт жактарга да жайылды.

Индияда ислам философу Абу ал-
Египеттик аял "Мусулман агайындар" уюмунун абакта отурган балдары жазган "Сый-урматтуу адамдар үчүн эркиндик" деген ураанды кармап турат. Каир. 28-февраль 200
Али ал-Маудуди эки дүйнөлүк согуштун арасында "Жамаат ал-Исламия" уюмун негиздеди. Бул уюм британ оторчулугу астындагы бирдиктүү Индустанда башат алып, кийин өлкө экиге бөлүнгөндө Индияда жана Пакистанда тамыр жаят. Абу ал-Али ал-Маудудинин эмгектеринде айтылган идеялар кийин Ооган талиптерин түзүүгө негиз берген.

“Азаттык”: Азыр Орусиянын түштүк ныптасы - Түндүк Кавказда да исламды туу туткан куралдуу топтор өтө активдүү. Алардын идеологиялык башаты да “Мусулман агайындар” менен "Жамаат ал-Исламияга" барып такалабы?

Жованни Бенси: Бир гана Түндүк Кавказда эмес, Ислам дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүндө да ваххабизм идеологиясы жар салууда. Ваххабизм - бул XVIII-кылымда калыптанган саясый-диний агым. Мухаммад Абдул-Ваххабтын жолдоочулары ад-Дирия шаарынын акими Мухаммад ибн Сауд жана анын тарапкерлеринин аскерий-каржылык жардамы менен ас-Сауддардын ысмын туу көтөрүп, түрктөрдүн башкаруусуна каршы күрөшкөн.

Кызык жери - ваххабиттер адегенде араб дүйнөсүндөгү түрктөрдүн бийлигине каршы согушса, алардын үмөттөрү бүгүнкү күндө эмирликтерди, жаңы султандыктарды түзүүнү өз максаты деп жарыялаган. Ошон үчүн кайра айтам: саясый ислам өтө ар кыл, ар кошкон кыймыл болгондуктан аны бир тарак менен тараганга болбойт.

"Мусулман агайындардын" түбү кайда?

“Азаттык”: Сиз өз сөзүңүздө ХАМАС жана “Мусулман агайындар” уюмдарынын идеологиясы таза исламга, шариятка, Куранга негизделет дедиңиз. Ушундан улам аларды Батыштын демократиялык дөөлөттөрүнө каршы турат десек туура болобу?

Жованни Бенси: Эң ашынган ХАМАС сыяктуу радикалдуу уюмдар
ХАМАСтын жактоочулары Израилдин желектери мойнуна илинген Палестин лидерлеринин дарга асылган кебинин жанында турушат. Акция исламчыл "Рафа" кыймылы тарабынан уюштурулган. Газа. 26-январь, 2011
демократиялык баалуулуктарга каршы. Анан да Хасан ал-Банна пайдубалын куйган “Мусулман агайындар” жана Абу ал-Али ал-Маудуди негиздеген "Жамаат ал-Исламия" уюмдарынын идеологиясы окшош экенин унутпасак.

Мишел Афляк жана Сала-хом ал-Дин ал-Битар 1943-жылы түптөгөн БААС же “Кайра жаралуу” партиясынын, атүгүл Ата-Түрктүн идеологиясы көп жагынан окшош. Ырас, ататүркчүлдөр динден алыс болушкан. Сирия менен Иракта чоң саясый күчкө айланган БААСтын, Ата-Түрк башындагы жаңычылдардын, саясый исламдын платформасы, идеологиясы исламдын маданий мурастарынын негизинде калыптанганын тана албайбыз. Алардын баары ошо мезгилде Европада өкүм сүргөн тоталитардык идеологиянын таасири астында негизделип-калыптанган. Бул өзгөчө “Жамаат ал-Исламиянын” мисалында айкын көрүнүп турат.

Ошентип саясый исламда өтө ар түркүн багыттар жана идеологиялар бар. Айрымдары алиге өткөн кылымдагы тоталитардык идеологиянын таасири астында жүрөт. Алар бирок демократияга каршы эмес.

“Азаттык”: Жованни мырза, саясый исламдын башкы идеологу ким?

Жованни Бенси: Дүйнөдө саясый исламдын түрдүү формалары бар. Алар бүгүнкү демократиялык баалуулуктарды исламдын салтына ыңгайлаштыруунун жолдорун издеген Хасан ал-Банна жана башка ислам уламаларынын эмгектеринин таасири астында түзүлгөн. Андыктан демократияны мусулман өлкөлөрү деген өлкөлөргө экспорттоо саясаты ишке ашпайт. Себеби жергиликтүү элдин салт-адаттарын жана өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Биз көрүп жаткан Түндүк Африкадагы революциялык кыймылдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул өлкөлөрдө саясый өнүгүү өз алдынча өнүгүп отуруп, демократия орнорунан мен күмөн санабайм.

Суннилер "Ашура" майрамындагы жүрүштө. Карачи. 17-декабрь 2010
“Азаттык”: Christian Science Monitor басылмасынын жакындагы санында Реза Санати деген автор өз макаласында Саудия, Египеттегидей репрессивдүү режимдерди АКШ колдоп турганда, берегидей бийлик жумушчу кыймылы, саясый партияларды, жарандык уюмдарды куугунтуктайт. Мындай шартта дин оппозиция үчүн бирден бир сактанчу жай болуп калат. Себеби ислам уюмдары финансылык, уюшкандык жагынан өкмөткө каршы турганга жакшы ыңгайлашкан. Аларда жамааттык жоопкерчилик күчтүү дейт. Бул пикирге макулсузбу?

Жованни Бенси: Бул туура пикир. Көпчүлүк мусулман мамлекеттердеги бийлик авторитардык, атүгүл тоталитардык экенин биз эч качан эстен чыгарбасак. Мындай жагдайда дин көбүн эсе чабуул жасачу коркунучка, түрдүү саясый топтор пайда болчу негизге айланат.

Сиз жана белгилеген тышкы дүйнө, тагыраак айтканда Батыш же Кошмо Штаттар жөнүндө айтсак, эки тенденция бар. Бир жагынан алар демократияны жана демократиялык тартипти орнотууга, жайылтууга умтулушат. Мен бирок демократияны Арап дүйнөсүнө адам укугу, жарандардын саясый укуктарына кам көрүү деген сыяктуу жүйөлөрдүн негизинде экпорттоо аракетин башынан сындап жүрөм.

Экинчи жактан, Батыштын өз саясый-экономикалык кызыкчылыктары бар. Муну биз Сауд Арабиясынын мисалында айкын көрүүдөбүз. Саудия падышалыгы абдан консервативдүү жана тоталитардык, бирок мунайга бай өлкө. Саудиянын мол мунайын, арийне, АКШ жана башка Батыш Европа өлкөлөрү үчүн сатып алган
Венесуэланын президенти Уго Чавес (солдо), Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад (ортодо) жана Саудиянын падышасы Абдулла бин Абдул Азиз. Эр-Рияд. 17-ноябрь, 2007
ыңгайлуу. Пайдасын көрүшүүдө. Ага карабай, мусулман өлкөлөрүндөгү авторитардык режимдерге каршы күрөшчү, атүгүл ал режимдерди оодарып салчу күч – ислам болушу толук ыктымал. Бул жөнүндө “Крисчэн Сайнэс Монитор” басылмасындагы макалада туура белгиленет. Рим-католик чиркөөсү Чыгыш Европадагы коммунисттик режимге каршы күрөшкөн топторду бириктирген күч болгон го.

Түркиянын саясый модели Арап дүйнөсүнө өрнөк боло алат

“Азаттык”: “Хизб-ут Тахрир” , Өзбекстан Ислам кыймылы сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүндө тарапкерлерин тапкан уюмдардын региондо келечеги барбы?

Жованни Бенси: Булар “Мусулман агайындар” сыяктуу топтордун экстремисттик формасы. Алардын чачырандысы. Менимче, Борбор Азияны алчу болсок, "Хизб-ут Тахрир", Өзбекстан Ислам кыймылы - ӨИК сыяктуу уюмдардын келечеги жокко эсе. Анткени алар Ооган талиптеринин саясый тажрыйбасына таянат.

Өзбекстан Ислам кыймылы ооганстандык талиптер менен жакшы байланышта. Алардын идеологиясы Исламдын тээ түпкү, орто кылымдык формасына негизделген. Идеологиянын андай консервативдүү түрү коомдо көп ызы-чууну жаратышы мүмкүн. Алар террорчулукту жана башка коом кабыл албаган күрөштүн түрлөрүн пайдаланышы ыктымал. Бирок алар өздөрүн Борбор Азия өлкөлөрүн башкарганга жарамдуу күч катары көрсөтө албайт.

"Хизб-ут Тахрир", ӨИК сыяктуу топтордун жаралышы жана өнүгүүсү бүгүнкү Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөгү авторитардык режимдер менен түздөн-түз байланыштуу. Авторитардык бийлик өзү сыяктуу эле авторитардык оппозициясынын жаралышын шарттайт.

“Азаттык”: Европа Биримдиги Түркияда бийликке Режеп Тайып Эрдоган башындагы исламчыл партия оболу келгенде өтө чоң кооптонууларды айтышкан. Өлкө эми исламга ооп кетет дегенге чейин
Премьер-министр Эрдоган башкаруучу АК партиясынын парламенттеги мүчөлөрүнө кайрылууда. Анкара. 1-февраль, 2011
барышкан. Бирок өткөн сегиз жылдын тажрыйбасы “Адилеттик жана Өнүгүү” партиясы 2002-жылга чейин өкмөт башында турган дүниябий партияларга караганда реформачыл, прогрессивдүү экенин көрсөттү. Түркия башка ислам өлкөлөрүнө үлгү, өрнөк боло алат деп ойлойсузбу?


Жованни Бенси: Түркиянын оң тажрыйбасы чоң мааниге ээ. Алжирдеги, Тунистеги, Египеттеги революциячыл кыймылды колдогондордун көбү Түркияны оң мисал, өрнөк катары көрүшөт. Түркияда, ырас эле, сиз белгилегендей, байистүү мусулмандар дүниябий, секулярдуу партиялар менен топторго караганда алда канча прогрессивдүү. Эгер мусулман дүйнөсүндө кандайдыр бир жаңы, олуттуу өзгөрүүлөр болсо, андай кыймылдар үчүн Түркиянын модели жакшы үлгү болору талашсыз. Андан мен күмөн санабайм.

“Азаттык”: Акыркы суроом: Тунис, Египеттеги элдик козголуштун ийгилиги Борбор Азиядагы авторитардык режимдерге таасир этиши мүмкүнбү?

Жованни Бенси: Түндүк Африканын мусулман мамлекеттеринде болуп жаткан окуялар чоң толкундун башталашы. Бул толкун акырындап отуруп бүтүндөй мусулман өлкөлөрүн каптайт. Көпчүлүк байкоочулар менен саясатчылар ушундай пикирде.

Арап өлкөлөрүндөгүдөй жеңил козголчу абал, алардагыдай күрөштүн усулуна жана ыңкылапчыл кыймылга болгон зарылдык Борбор Азияда да бар деп ойлойм. Анын аки-чүкүсүн үйрөнүү керек. Борбор Азия өлкөлөрүндө бийлик маани-маңызы боюнча авторитардык. Алардын эли Түндүк Африканын калкы сыяктуу эле бийликке нааразы, эл ыңкылапка ичтен бышып жатканын, жетекчилик, режим чындыкты тескери түшүнгөнүн Түндүк Африканын мисалы көрсөттү. Аларда да Кыргызстанда былтыр жана андан мурда болгондой ыңкылап, козголоң болушу калетсиз. Ошондуктан Түндүк Африкада болуп жаткан козголоңдор Борбор Азия үчүн чоң мааниге ээ.

“Азаттык”: Чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG