Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Өзбекстан Ислам Кыймылы Борбор Азияда тамыр жайууда


Өзбекстан Ислам Кыймылынын Пакистандагы лагери.
Өзбекстан Ислам Кыймылынын Пакистандагы лагери.

1990-жылдардын башында Фергана өрөөнүндө пайда болгон Өзбекстан Ислам Кыймылынын (ӨИК) айрым жоочулары бүгүн Пакистандын тоолуу Вазиристан аймагында баш пааналап жүрөт.

Оболу президент Ислам Каримовдун өкмөтүн кулатып, Ислам халифатын орнтууну көздөгөн чакан топ бүгүн Түштүк жана Борбор Азияга шоокум салчу чоң күчкө айланган. Серепчилердин айтышынча, ӨИКтин изи ушул айда Кыргызстандын түштүгүндө да табылган.


ӨИК "ал-Каиданын" желесинде


Эки жыл илгери, 2008-жылдын февралында Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Шабкадар шаарында бомба чабуулу 25 кишинин өмүрүн алган. Тергөө бомба чабуулун Өзбекстан Ислам Кыймылы (ӨИК, орусча ИДУ) уюштурганын тастыктаган.

Чабуулда тирүү калган пуштун саясатчысы Афрасиаб Каттак учурда Авами улуттук партиясынын лидери, сенатор.

Анын айтымында, ӨИК жана ага байланган топтор соңку жылдары “ал-Каида” менен камыр-жумур мамиледе жана желдеттеринин көбү Пакистандын батышындагы уруулардын башкаруусундагы Ооганстанга чектеш аймакта жайгашкан.

- “Ал-Каиданын” жетекчилери арабдар болсо дагы анын жоочулары борбор азиялыктар менен толукталып турат. Алардын арасында өзбектер, чечендер жана Орусиянын түштүгүнөн чыккан мусулмандар бар. Алардын ичинде бу жакта көптөн бери жашагандары жок. Алар бу жерден Түндүк Ооганстанга өтүп, анан Борбор Азиянын ичинде чабуулдарды уюштурушат.


Былтыр ӨИКтин негиздөөчүсү Тахир Йулдаш о дүйнө сапар салганы тууралуу тастыктаган маалыматтар быйыл жайында таркады.

Кабарларга караганда, ал бир жыл мурда АКШлык учкучсуз (пилотсуз) учактын чабуулунда алган жараатынан өлдү.

ӨИКтин жаңы колбашчысы Усмон Адылдын таржымалы белгисиз.

Бирок ӨИКтин соңку аракеттери, айрым серепчилердин оюна караганда, анын Борбор Азияны тербетүүгө жарап калганын күбөлөйт.

Сентябрда Тажикстандын Хожент шаарында болгон бомба чабуулу жана Рашт өрөөнүндөгү аскерий кербенге кол салып, 23 аскерди жок кылуу - исламчыл кыймыл региондо уюштурган акыркы кандуу булоондордун бири болду.

Пакистандык журналист жана жазуучу Ахмед Рашиддин сөзүнчө, ӨИК ушу тапта бир нече топко бөлүнгөндүктөн аны бирдиктүү уюм деп айтууга болбойт:

- Уюм майдаланып кетти. Азыр Борбор Азияда ӨИКтен бөлүнүп чыккан бир нече топ, анын ичинде Ислам жихады биримдиги жана Борбор Азия талиптери сыяктуу уюмдар бар. Биз береги майда топтор кандай бириккенин билбейбиз. Бирок “ал-Каида” аларды башкарып туруу үчүн ушул амалды жасаган сыяктуу.

Ахмед Рашиддин айтышынча, 2005-жылкы Анжияндагы кызыл кыргындан кийин Өзбекстандан качып чыккан көптөгөн адамдар Пакистанга келип, ӨИКке жоочу болуп кошулган.

Алардын кээ бирлери Пакистан талиптеринин, экинчилери Ооган талиптеринин катарында, а үчүнчүлөрү Хаккани тобунда согуштук тажрыйба алышты.

“Борбор азиялыктарды түрдүү согушчул топтор өзүнө кошуп алгысы келет”, - дейт пакистандык ардагер генерал-лейтенант Масуд Аслам.


Борбор Азия ӨИК менен согушууга даярбы?

Өзбекстан Ислам Кыймылынын топторунун Пакистанда жойлоп жүрүүсү расмий Исламабаддын Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча, Ташкен жана Дүйшөмбү менен болгон мамилесине залакасын тийгизүүдө. Исламабад ӨИКти жок кылууга канча аракеттенбесин, Ооганстан жак чек арасындагы жылга-колоттор, бу аймактын жемсөөлүккө терең баткан экономикасы ага мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Ал тууралуу Пакистан президенти Асиф Али Зардаринин басма сөз өкүлү Фаркатулла Бабар мындай дейт:

- Азыр ӨИКтин жоочуларын көзөмөлгө алуу жана алардын каржылык булагын көзөмөлдөө абдан маанилүү. Аларды ким каржылап жатат? Биздин баамыбызда, алар маң заттары менен соода кылып жан багат. Андыктан маң аткезчилиги токтотулуп, чек ара контролу жакшыртылууга тийиш. Бул - согушчандарды камоого алып, эркин жүрүүсүнө бөгөт койот деп ишенебиз.

Ал эми пакистандык жазуучу жана журналист Ахмед Рашиддин пикиринче, ӨИКти жок кылууга кызыкдар өлкөлөрдүн алсыздыгы - кыймылдын кубаттануусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө:

- Тажикстанда жакырчылык өкүм сүргөнү, мамлекеттик ишканалардын кыйраганы жана элдин миграцияга агылып кеткени жалпыга маалым. Кыргызстан эбегейсиз саясый сыноону баштан кечирүүдө. Өзбекстанда бийлик өтө репрессивдүү жана бул мамлекеттин келечеги кандай болоору белгисиз. Бул мамлекеттер бекем эмес.

Мындай шартта эчен ирет ок жыттаган ислам жоочулары менен бет келсе, алардын чабуул коюп туруп, ойт берме тактикасына Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскерлери канчалык туруштук берет, белгисиз, дешет айрым серепчилер.

XS
SM
MD
LG