Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Өлкөдөгү диний кырдаал, экстремизм, террор маселелери тууралуу “Дин, укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун эксперти Данияр Мурадилов айтып берди.

“Азаттык”: Данияр мырза, Кыргызстандагы соңку окуялар, “террор, жардыруулар” деген коркунучтар Кыргызстанды да тооруп келип калганын көрсөттү. Күч органдардын башчылары аларга карата экстремисттер, сепаратисттер деген сөздөрдү колдонуп атышат. Сиз кандай айтар элеңиз? Дегеле өлкөдөгү коопсуздукту, диний кырдаалды кандай бааласак болот?

Данияр Мурадилов: Бул маселе боюнча айтарым, менин жана биздин борбордун жалпы пикиринде бул жерде дин фактору таптакыр жок. Ал эми тиги “Аллоху акбар” деп кыйкырып аткандар, ушул сыяктуу диний лозунгдарды колдонуп аткандар, булар жөн гана динди жамынып алып жанагындай кылып аткандар да. Колдонгондору ошол болуп атат.

“Азаттык”: 29-ноябрда Ош шаарынын эски авто бекетинин жанындагы үйлөрдүн биринде террорчу деп шектелгендерди кармоо операциясы болду. Болгондо да ал үй ошол жердеги мечиттин имамы Фархат Нурматовдун үйү болуп чыкты. Ал имам атышуу учурунда жок кылынды. Ушундай дин кызматкерлеринин, болгондо да килейген имамдын үйүндө толгон-токой куралдар чыгып атканы, булардын террорчу делип айыпталып атканы чоң коңгуроо болуп жүрбөсүн..?

Д.Мурадилов: Менин бул иштердин динге байланышы жок деп айтып атканым, алардын кылып аткан иштеринин эч бирөөсүнүн Ислам дининдеги Куранда болобу, пайгамбардын сүннөтүндө болобу, эч бир жерде мындайга багыт берген, көмөк көрсөткөн же ишарат кылган эч нерсе жок. Мындайча айтканда террорчулукка, экстремизмге багытталган эч нерсе табылбайт ал жакта. Ал эми Фархат Нурматов болобу же башкасы болобу булар динди жамынган гана адамдар. Мисалы Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын ортосунда келишпестик болуп атпайбы ушул маселе боюнча. Бирөө бирди айтса, экинчиси башканы, бирөө “улутук-сепаратисттик” десе, экинчиси “диний экстремист” дейт.

Эми бул жерде динди изилдеген адамдын бул боюнча өзүнүн түшүнүгү болсо, башка адамдар башкача түшүнүктө жараша болуп атат. Анын бардыгы ар бир адамдын руханий дүйнөсүнө, аң сезимине, менталитетине жараша болуп атат. Эгер Фархат Нурматов Кыргызстандын жараны катары өлкөнүн ичинде коопсуздук, тынчтык болушуна багытталган адам болсо, ошол эле окуган Куранында жанагыдай нерселерди көрбөйт эле. Эмнеден улам, кандай нерселерге жетеленип ошол ишке барып атат ал жерден көрө албайт эле.

“Азаттык”: А эмне себептен ушундай радикалдык маанайдагы топтор, адамдар чыгып атат. Эмнеге алардын саны көбөйүп барат? Сиз айткандай динге жамынган, жанагыдай мечиттерге кирип алган?

Д.Мурадилов: Алар көбөйүп атат дегенге кошула албайм го. Бирок жаңы уюмдар пайда болуп атат дегенге кошулушум мүмкүн. Биздин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси К.Дүйшөбаев деле четин чыгарып айтып атпайбы. Кээ бир саясий багыттагылар дагы болуп атат, кээ бир диний уюмдар чыгып атат. Эми мен диний дегенден алысмын, динди жамынып алган кээ бир террорчулук, экстремисттик уюмдар өздөрү пайда болуп, ошолор көбөйүп атканына кошулам. Аларды диний уюмдар десек туура болбой калат.

“Азаттык”: Мен жакында эле Дүйшөмбү шаарында болдум. Ал жакта радикалдык маанайдагы диний агымдар көбөйүп кетти, радикалдык топтор улам өсүп баратат деген негиз менен мамлекеттик деңгээлде чара көрүлүп аткан экен. Маселен, диний негизде кагылыштар көп болгон ислам мамлекеттеринде диний багытта билим алган студенттерге, дегеле ал жакта билим алган тажикстандыктарга окуусуна чектөө коюлуп, чакыртып алуулар да болуп аткан экен. Эми бул жерде аларды сөзсүз эле тууроо керек деген маселе жок, бирок ошол тыштан диний багытта билим алып келип аткандарга көңүл бөлүү керектир?

Д.Мурадилов: Албетте көңүл буруу керек. Бирок кысым көрсөтүү жолу менен эмес. Исламды изилдөө, аны караштыруу жана таанууну террорчулуктун же экстремизмдин призмасынан караштыруу өтө туура эмес нерсе. Эгер Исламды ушундай призмадан, ушундай көз караштан ала турган болсок чоң коркунучтарды алып келет келечекте. Бирок коопсуздукту сактоо маселесинде жакшы иш алып баруу керек. Мисалы, кээ бир студенттер динди окуганы сыртка кетип атат, араб өлкөлөрүнө болобу, Түркияга болобу же башка өлкөлөргө болобу. Мындай учурда коопсуздукту сактоо чарасы боюнча биздин ИИМдин, УКМКнын эрежеге ылайык аткара турган иштери бар. Ошону так аткарышсын, ошол жетет. Мындайча айтканда ар ким өз ишин так, толук аткарышы керек да.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG