Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Кыргызстанда диний адабияттарды көзөмөлдөө укугун муфтиятка жана орус православ чиркөөсүнө берүү демилгеси көтөрүлүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: "Теңир жыйыны" диний уюмунун жетекчиси Кайырбек Маңыбаев, теология доктору Самаган Мырзаибраимов жана Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Эгемберди Эрматов: "Кыргызстанга ар кандай диний агымдарга тиешелүү жана ар кандай маанидеги диний адабияттар кыргыз тилине которулуп, тарап жатат. Арасында диний экстремисттик жана Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмун колдогон адабияттар болушу мүмкүн.

Биздин диний масхабга туура келбеген ар кандай адабияттар көзөмөлсүз эле элге тарап жатканын баарыбыз билебиз. Ошондуктан буларды көзөмөлдөө үчүн атайын адистерди тартып, маани-маңызын карап, электен өткөрүү маселесин койгонбуз. Ошол максатта мыйзам жазылган болчу.

Равшан Эратов

Равшан Эратов

Өзүбүздүн ички саясатыбызды, диний саясатты да тыкан жолго салалы деген максатта жазылган болчу. Анын үстүнө Конституцияда кашкайтып “дин менен мамлекет ажыратылган” деп жазып койгон. Ошондуктан мамлекет көп эле көзөмөл кыла берсе болбойт.

“Азаттык”: Кайырбек мырза, диний адабияттарды көзөмөлдөө укугун муфтиятка жана орус православ чиркөөсүнө бергенди туура көрбөй жатасыздар. Эмнеден кооптонуп жатасыздар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Кайырбек Маңыбаев: Биринчиден, Кыргызстанда бардык диндер бирдей укукта. Экинчиден, бир дин экинчи динди көзөмөлдөгөн туура болбой калат. Мисалы, Кыргызстанда ислам жана православдардан сырткары католиктер, буддисттер, жөөттөр, протестанттар бар. Ошолордун баарын эле караган болбойт. Анын артынан туура эмес түшүнүктөр, келишпестиктер чыгып калышы мүмкүн.

Чет өлкөдө ал тургай диний комиссия деле жок. Албетте Батыштын бардыгын эле туурай берген жарабайт, Кыргызстанда комиссиянын болгону деле жакшы. Ал комиссияда эч бир динге тартпаган, өз ишин мыкты билген жана чыгарган жыйынтыгына да жооп берген эксперттер болушу керек.

“Азаттык”: Муфтияттын бул багытта позициясы кандай?

Кайырбек Маңыбаев

Кайырбек Маңыбаев

Равшан Эратов: Буга чейин деле Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгында өзүнүн атайын эксперттик тобу бар. Радикал, "Хизб-ут Тахрир" өңдүү, же биздин Абу-Ханифа масхабына жана суний багытка дал келбеген китептер чыгып кетпеши үчүн Уламалар кеңешинин токтомунун негизинде көзөмөлдөп, текшерип анан чыгарат.

“Азаттык”: Бул биздин масхабга туура келбейт деп бир топ китептерди чыгарбай койот деген кооптонуулар айтылып жатпайбы?

Равшан Эратов: Ислам багытындагы диний адабияттарды көзөмөлдөөнү муфтиятка берсе туура болот деп эсептейм. Башка агым, диндерге байланыштуусун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына берсе болот.

Самаган Мырзаибраимов: Мен илим адамы катары эч кимде көзөмөл болбош керек деп эсептейм. Себеби илимий көз караштар мамлекеттик же дагы башка чектөөлөрсүз ээн-эркин ойлонуп, ачык айтылышы керек. Керек болсо мамлекеттин түзүлүшүнө карама-каршы келген ой-пикирлер да айтылышы керек.

Самаган Мырзаибраимов

Самаган Мырзаибраимов

Эң идеалдуу болбосо да салыштырмалуу жакшы мамлекеттик түзүлүштү таба билиш үчүн да ар кандай көз караштарга уруксат бериш керек.

Ал эми көзөмөл кандай болуш керек? Бир китеп жазылды же келди дейли. Аны эксперттер, илим адамдары өздөрүнүн сын пикирлери, илимий көз караштары менен гана жактап же сындай билиш керек. Бир гана ислам дини эмес, Ханафий масхабынын ичинде да бири-бирине көз карашы төп келбеген илим адамдары болгон.

Керек болсо туура эмес нерсени иликтөө үчүн да факультеттерге таратыш керек. Ошондуктан көзөмөлдөө деген илимий натурага туура келбей тургандыгын айтып кетким келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG