Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Жаңы мечитти курууда бактар кыйылган


Жума күндөрү борбордук мечитке адамдар батпай калат.
Жума күндөрү борбордук мечитке адамдар батпай калат.

Бишкек мэриясынын “Зеленстрой” ишканасы мечитти куруу учурунда 22 бак мыйзамсыз кыйылган деп тапты.

Борбордук жаңы мечитти курууда 22 бак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 134 миң сом зыян келген деп, Бишкек мэриясынын “Зеленстрой” ишканасы Свердлов райондук прокуратурасына кайрылган.

Прокуратура 2-февралда кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Бишкек милициясына өткөрүп берген. Муфтият болсо “Зеленстрой” ишканасы жалпы 340 миң сом айып пул салганын, анын 180 миң сому төлөнгөнүн айтууда.

Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин билдиришинче, диний башкармалыктын каражат эсеби сот чечими менен камакта тургандыктан, айып пулдагы калган сумманы төлөө кечеңдеп жатат.

- Мамлекеттин чечим чыгарып, бул жерди мечиттин курулушуна бергенине ыраазыбыз. Бул да чоң жардам. Ал эми мечит курула тургандан кийин бул жердеги бак-дарактар кыйылышы керек болот. Ошондуктан “Зеленстройдун” бизди прокуратурага бергени туура эмес болуп калды. Төлөмдүн кечигип калганы биздин эсептин камакта турганына байланыштуу. Эгер бул маселе жакында чечилсе, аны төлөп беребиз.

2011-жылдагы ажылыкты уюштуруу ишинен түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп, салык кызматы муфтиятты 8 млн сом төлөөгө милдеттендирген. Бирок муфтият ажылыктан салык алуу туура эмес деген пикирде. Бул талаш муфтияттын каражат эсебин жабууга алып келген болчу.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы "Ысык-Көл" кинотеатрынын ордун 2009-жылы мамлекет жаңы мечиттин курулушуна деп, 49 жылга ижарага берген. Бишкек мэриясынын “Зеленстрой” ишканасынан билдиришкендей, ал жердеги бак-дарактар мэриянын менчиги болуп саналат. Андыктан курулуш жүрүп жаткан жердеги бактарды кыюунун жана экологияга келтирилген чыгымдарды толтуруунун мыйзамдуу жол-жобосу бар.

15 миң адам баткан мечит болот

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров мечиттин курулушуна тоскоол жараткан маселелерди талкуулоо үчүн Бишкек шаарындагы тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен жаңы мечиттин курулушуна барды. Ал бактардын кыйылышы боюнча буларга токтолду:

- Бул жердеги бардык маселелер чечилиш керек. Мыйзам бузуулар иштин жол-жобосун билбегендиктен чыгып жатат. “Зеленстрой” бизге айып салып койду” деп жатасыздар. Бирок сиздер да “Зеленстройдун” комиссияларына алар куураган дарактар экендигин аныктап бергенден кийин кыйсаңыздар мындай талаштуу маселе болмок эмес. Колдон келген жардамыбызды беребиз, мамлекет мечиттин курулушуна жолтоо болбош керек.

Мечиттин курулушу боюнча муфтияттын шаардын архитектура башкармалыгы жана “Түндүк электр” ишканасы менен да келишпеген жактары бар. Архитектура башкармалыгы мечиттин башкы планы 2010-жылы бекитилгенин, бирок курулуш учурундагы өзгөртүүлөр архитекторлор менен макулдашылбаганын билдирди. Бирок муфтият архитекторлор өзгөртүлгөн башкы планды бекитүүнү кечеңдетип жатат деп эсептейт.

“Түндүк электр” ишканасы менен болсо, мечитке электр энергиясын тартууда талаштар бар. Ушул тапта жаңы борбордук мечиттин жертөлөсү бүтүп, биринчи кабаты жана мунаралары көтөрүлүүдө. Жалпы курулуш иштери 2016-жылы бүтөт деп болжолдонгон. Курулуштун 70 пайыз чыгымын Түркия мойнуна алган. “Мечит бир эле учурда 15 миң адам сыйган Орто Азиядагы эң ири мечиттердин бири болмокчу” дейт муфтий.
XS
SM
MD
LG