Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Ошто жаңы мечит ишке кирээри менен эле талаш-тартыштын чордонунда калды.

Сулайман-Тоо археологиялык коругунда жайланышкан Сулайман-Тоо мечити өзүнө бөлүнгөн жерден сырткары музейдин жерлерин да мыйзамсыз ээлеп алгандыгы ачыкка чыкты. Мечит мунараларынын бийиктиги да тоонун көрүнүшүн тосуп калды дешет музейчилер. Адистер мунун баары ыйык жайдын ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калуусуна шарт түзө турганын айтышат. Ал эми диниятчылар мунун баарын четке кагууда.

«Сулайман-Тоо» улуттук археологиялык музейинин директору Абдраим Тургунбаев бул көйгөйдү мечит курулушу баштала электен бери көтөрүп келатат. Диниятчыларга кайра-кайра айтканына карабай жаңы түшкөн сыйынуучу жай эми минтип өзүнө бөлүнгөндөн ашыкча жерди ээлеп жатып калды:

- Биз мусулманчылыкка, мечитке каршы эмеспиз. Бирок баары мыйзам чегинен чыкпашы керек. Булар өздөрүн кооз кылыш үчүн, Сулайман-Тоо музейин, биздин объектилерди талкалап атат. Мамлекет коруктун аймагынан мечит үчүн 0,78 сотых жерди берген, ал документалдуу түрдө бекилген. Бирок булар 2,5 гектар жерди ээлеп алып атышпайбы? Бул туура эмес да.

Музейдегилерди мечиттин аянтынан башка дагы кабатыр кылган нерсеси бар. Коруктун илимий иштер боюнча башкы адиси Чынарбек Жолдошев мунаралардын бийиктиги тоонун турпатын тосуп калганын айтат:

- Документалдык жактан көрсөтүлгөн нерселер башка болуп атат дагы, иш жүзүндө такыр башкача болуп чыгып калып жатат. Бийиктиги тоонун визуалдык көрүнүшүнө тоскоол берип, бир капталын дээрлик көрсөтпөй калды. Аны башында макулдашкандай пас эмес, өтө эле бийик кылып куруп салышкан. Андан сырткары азан чакырганда дагы акырыныраак айтуусу зарыл деп санайбыз. Анткени анын үнү тоого жаңырганда зыян келтирбегидей болушу керек. Маселен, ал жерде байырлап жаткан кекиликтерди үркүтүп, же чочутуп коюшу ыктымал.

Чынарбек Жолдошев так ушул маселелер Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесиненен чыгып калуусуна шарт түзгөн жагдайлардын бирине айланганын да баса белгиледи:

- Сулайман-Тоо комплексинин карамагында ХIХ кылымдан калган «Рават Абдуллахан» мечити бар. Маселен ушул мечитке оңдоо иши жүргүзүлсө, же дагы башка нерсе болсо биздин музейдин адистери менен кеңешип туруп кылышат. Биздин эксперттер барып текшерип, уруксат бергенден кийин гана ар кандай нерселерди жасай алышат. Эгерде коруктун ичинде мечитgи, же дагы башка курулушпу курула турган болсо ал сөзсүз түрдө музейдин бир бөлүгү болуп калышы керек. Анткени ал дагы мындан 50-100 жыл өткөндөн кийин өзүнчө баалуулук катары калып калышы мүмкүн. А бул Сулайман-Тоо мечити факт жүзүндө укуктук жактан муниципалдык жеке башкармалыкка баш ийип калып жатат.

Ал эми диниятчылар бул айыптоолордун баарын четке кагууда. Сулайман-Тоо мечитинин имамынын орун басары Жанарбек Матиев «Азаттыкка» буларды айтты:

- Куруп бүткөндөн кийин келип минтип доомат коюу туура эмес. Анткени бул мечиттин курулушу Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тизмесине кире электен мурда пландалган. 3-4 жыл мурда эле мечиттин мунараларын бийик кылуу иштелип чыккан. Мечиттин ээлеген жери да чоңоюп кетти дегенине ынанбайбыз. Бул жер түз эмес болгондуктан тегиздеп кайра жасаганбыз. Ошол үчүн көп жерди ээлегендей сезилип калып жатса керек. Анан муну эми чоң көйгөйгө айландыруу акылга сыйбайт.

Матиев ошондой жаңы мечиттин имараты археологиялык комплекске тескерисинче көрк кошо турган жай деп эсептейт:

- Менимче, бул мечит тескерисинче Сулайман-Тоонун көркүн арттырып, анын архитектуралык баалулугу катары туристтерди тартууга да салым кошушу мүмкүн. Билишимче, бул Кыргызстандагы, Фергана өрөөнүндөгү эң чоң мечиттердин бири болуп олтурат. Сулайман-Тоо мечити Азия боюнча башка бир курулуштун стилин кайталабаган, өзгөчө мечит болуп турат. Буга алар сыймыктанышы керек.

Сулайман-Тоо мечити эл аралык жана жергиликтүү донорлордун колдоосу менен 4 жылда курулуп бүттү. Курулушка кеткен 1 млн. 200 миң доллар каражаттын тең жарымын саударавиялык уюмдар көтөрүп берген. Имараттын ичи-сыртына жалпысы болуп 20 миңдей адам намаз окууга болот.

ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине Сулайман-Тоо археологиялык музейи 2009-жылы кирген. Уюмдун талаптарына ылайык, тоонун жакасында курулуштар жок болуп, болсо дагы 10 метрден ашпашы керек болгон. Бирок бул жагынан алганда тоонун айланасындагы мечиттен башка да бир нече мыйзамсыз курулуштар алынбай келатат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG