Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

4-мартта Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын бешинчи курултайы өттү. Анда жыл башынан бери муфтийдин милдетин аткарып келаткан Максатбек ажы Токтомушев 3 жылга муфтий болуп бекитилди.

Уламалар кеңеши Аалымдар кеңеши болуп түзүлүп, алардын курамы да, саны да өзгөртүлдү. Жаңы муфтийдин шайланышы менен акыркы төрт жылдан бери муфтияттын тегерегинде болуп келе жаткан чыр-чатак, жаңжалдарга чекит коюлат деген үмүттөр акталабы?

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы муфтийди шайлоону, жаңы уставды кабыл алууну жана Уламалар кеңешин өзгөртүүнү карады. Ушул жылдын 7-январында Уламалар кеңеши тарабынан муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланган Максатбек ажы Токтомушевдин талапкерлиги жалгыз каралып, аны курултайга катышкан делегаттар дээрлик баары колдоп, бирөө гана каршы болду. Токтомушевге каршы добуш берген делегат өз позициясын түшүндүрүп, бирок атын атоодон баш тартты.

- Мен жеке өзүмдүн каалоом же азирети муфтийге каршы болгондугум үчүн мындай добуш берген жокмун. Чындыгында каршы адамдар да жок эмес. Ошолордун позициясын гана билдирип коюу максатында ушундай добуш бердим. Эч убакта бирдей жүз пайыздык көрсөткүч болбошу керек. Муфтий да “ушундай пикирдеги адамдар да бар экен" деп ойлой жүрсүн.

Жаңы уставдын “жаңылыктары”

Мындан тышкары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставы кабыл алынды.

Уставга ылайык, Уламалар кеңеши Аалымдар кеңеши деп, кайра түзүлүп, анын курамы да, саны да өзгөртүлдү.

Жаңы устав боюнча муфтий, орун басарлары, казылар жана алардын орун басарлары мурдагыдай болуп, Аалымдар кеңешине мүчө боло албайт. Кеңештин курамы мурда 35 адамдан турса, азыр Аалымдар кеңеши 21 адамдан туруп, туруктуу иштемей болду. Анын төрагалыгына бир жылга Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов шайланды.

Бирок мурда анын курамы 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан квота менен шайланып келсе, жаңы устав боюнча Аалымдар кеңешине мүчөлүккө кабыл алууда ислам дини боюнча билим деңгээлине басым жасалган. Аалымдар кеңешине атайын түзүлгөн комиссия кырктан ашык талапкердин ичинен 21 адамды тандап алган. Жаңы уставды жазуу комиссиясынын төрагасы жана курултайга модераторлук кылган экс-муфтий Чубак ажы Жалилов буларга токтолду:

- Аалымдар кеңешин шайлоодо аймактарга маани берилген жок. Биз талапкерлерди караганда алардын адамгерчилигине, коомдогу ордуна жана эң биринчи кезекте диний билимине басым жасадык. Ошондуктан, айрым адамдар кирбей калышты.

Бирок жаңы устав боюнча Аалымдар кеңешине аймактын көйгөйлөрүн айтып, жеткирип туруу үчүн ар бир облустан экиден “аймактык өкүлдөр” деген түшүнүк кирди. Ар облустан экиден адам жана муфтий баш болгон казылар Аалымдар кеңешине катышууга, айрым маселелерде аймактын, муфтияттын таламын талашып сөз сүйлөөгө толук укуктуу. Болгону алардын добуш берүү укуктары чектелген.

Мамлекет жана муфтият

Уставды иштеп чыгууда жана курултайды өткөрүүдө муфтият мамлекет менен, анын ичинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен тыгыз кызматташканы айтылды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев алгачкы кадамдар муфтиятта реформа башталды деген үмүттү пайда кылууда деген ойдо:

- Бул жолу мурдагыдай болгон жок. Уставды толук талкуудан өткөрүп, андан кийин гана алып чыгып бекиттиңиздер. Мунун өзү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында реформалар башталды дегенге ишенимди жаратып жатат.

Анткен менен Орозбек Молдалиев дин ишмерлерин сындап өтүп, алардын алдында дагы оор иштер турганын эске салды.

- Жаманатты болгон иштердин баарынан арылыш керек. Жаманатты болгон иштер кайдан чыгат? Эрежеден четтеп, “бир аз ушинтип койсок деле болот” дегендер бар экен. Анын натыйжасы эмнеге алып келет деген маселени да ойлонолук. Ажылык алдыда турат, аны да башкача негизде уюштуруу керек. Курултайды абдан жакшынакай баштадыңыздар. Үлгү көрсөтүп, эми ажылыкты да ушундай жакшы уюштуруп коюңуздарчы.

Муфтийлер тарыхы

Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандын эгемен тарыхындагы онунчу муфтий болсо, акыркы төрт жылда эле алты муфтий алмашкан. 2010-жылдан бери алмашкан муфтийлердин кээ бири ажылыкка тиешелүү коррупциялык аракеттерге айыпталса, башкалары токмоктолуп, керек болсо аларды уурдап сабап кеткен фактылар да кездешкен. "Эми ажылык иштердеги мыйзам бузууларга чекит коюлат жана муфтиятта реформа болот" деп ишендирүүдө жаңы шайланган муфтий.


Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы Кара-Кулжа районунда туулуп, 1990-жылы Кара-Кулжадагы орто мектепти аяктаган. 1991-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтуна тапшырып, аны 1995-жылы бүтүргөн. Алгач дин илимин Бишкекте алып баштап, 1997-жылы Пакистандагы Аль-Арабия университетинин шариат факультетине тапшырып, аны аяктаган. Акыркы жылдары Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары кызматтарында иштеген.

Токтомушевден мурда 1,5 жылдай муфтий болуп иштеген Рахматулла ажы Эгембердиев Жаңы жыл алдында интернетке чыгып кеткен тасма чуусунан кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Анын жаш келин менен махабат ышкысына батып жатканы тартылган тасма интернетке жарыяланып кетип, Эгембердиев ал үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Абдулатиф Жумабаевди айыптаган. Жумабаев өз кезегинде бул курулай айыптоо, суу кечпеген доомат экенин айтып, өз айыбын жашыруу үчүн Эгембердиев элдин көңүлүн башка нерсеге бурууда деп билдирген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG