Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Өлкөдөгү диний кырдаалды татаал деп баалаган президент Алмазбек Атамбаев чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, мамлекетти жоготуп алуу коркунучу алыс эмес экенин эскертти.

Бул тууралуу президент 3-февралда “диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты” талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйынында айтты. Бийлик органдары мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу үчүн конституциялык укугунан пайдаланып, бардык тиешелүү чараларды көрүшү мүмкүн экенин белгилеген президент өзгөчө сын пикирди ислам дининин өкүлдөрүнө багыттады.

Атамбаев: Маданият менен дин аралашып кетти

Учурда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат улуттук жана регионалдык коопсуздуктун заманбап чакырыктарына, азыркы демократиялуу, дин аралашпаган мамлекеттин талаптарына толук жооп бербейт. Ошондой эле айрым диний уюмдардын өлкөдө өз окууларын таратуу боюнча ишмердүүлүгү Кыргызстан үчүн олуттуу конфликтердин булагына айланууда. Бул тууралуу Коргоо кеңешинде айтылды.
Байыркы кыргыз элибизге чоочун үрп-адат, жарашпаган жүрүш-турушту, өөн келген кийимди таңуулап жатышат. Көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти...

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынын ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө дин менен маданияттын айырмасын билбегендер көбөйүп баратканын белгилеп, сынга алды:

- “Чала молдо-дин бузар” дегендей, айрым мусулман сөрөйлөр ислам дини менен Араб, Бангладеш, Пакистан маданиятын чаташтырып, элибиздин маданиятын, жада калса улуттук кийимин чанып, байыркы кыргыз элибизге чоочун үрп-адат, жарашпаган жүрүш-турушту, өөн келген кийимди таңуулап жатат. Көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти.

Жыйында президенттин ислам дининин өкүлдөрүнүн абалына өзгөчө басым жасаганы байкалды. Анын пикиринде, бул жаттагы чар-жайыттык өлкөнү жок кылууга алып келиши да мүмкүн.

- Албетте, биз мусулманбыз, бул ата-бабаларыбыздын дини, мурасы. Бирок биз ошол эле учурда кыргызбыз! Ошону унутпасак! “Манастын эстелигин койдурат” деп мусулман сөрөйдүн бири мага 2012-жылы жихад жарыялаган. Ыйык ислам динин жамынып алып, кыргыздарды ата-бабаларын, адат-салтын, жада калса кийимин унуттуруп, маңкурт кылам дегендер күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Биз буга жол берсек, өлкөбүздү жоготобуз, кыргыз элин жоготобуз! Анткени тилин, дилин унуткан эл - эл эмес!

Муфтият да унутта калган жок

Жыйында муфтияттагы кырдаал, ажылыктын тегерегиндеги чыр-чатактар да унутта калган жок. Президент Атамбаев Кыргызстан муфтиятын ыйык ислам дининин жана анын ханафи мазхабынын борбору болуудан калып, акча менен алек болгон коммерциялык борборго айланып бараткандай деп сыпаттады. Ошону менен бирге айрым саясатчылар дин өкүлдөрү менен биргелешип, динди курал кылып жатканын кошумчалады.

Бишкектеги борбордук мечит.

Бишкектеги борбордук мечит.

- Айрым мусулман өлкөлөрүн карасак, ал жерде саясатчылар динди өз максатына пайдаланып, саясий курал кылып алышкан. Динчилер саясатка киришкенде мамлекет эмне болоорун Ооганстан, Ирак, Египет, Сирияга окшогон өлкөлөрдөн так көрсөк болот. Бул өлкөлөрдө эл экиге бөлүнүп, жарандык согуш жүрүп жатат. Кыргызстанда да айрым саясатчылар кээ бир дин кызматкерлери менен бирге динди саясатка аралаштырууга аракет кыла баштады. Бул өтө терс көрүнүш. Бул саясий оюндарга бөгөт коюшубуз керек. “Оюндан от чыгат” деп элибиз бекеринен айтпайт.

Атамбаевдин пикиринде, жогорудагы көрүнүштөр бийликти чечкиндүү кадамдарды жасоого шарттап жатат. Ал бийлик мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу үчүн конституциялык укугунан пайдаланып, бардык тийешелүү чараларды көрүшү мүмкүн экенин эскертти.

- Диний чөйрөдөгү процесстерди, өзгөчө мусулмандар арасында болуп жаткан процесстерди мамлекет көзөмөлгө алып, туура багытка салбаса, анда бөтөн күчтөр бул процесстерди башкарып, элибиздин биримдигине, мекенибиздин келечегине балта чапканы турат. Күчтүү, эгемендүү Кыргызстан өзүбүзгө гана керек. Ошондуктан биз бүгүн элибиздин биримдигин, кайталангыс руханий баалуулуктарын, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калуу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Конституцияда “Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо... максатында мамлекет бардык тиешелүү чараларды колдонууга милдеттүү” деп так жазылып турат.

Ханафи мазхабын өнүктүрүү зарыл

Президенттен соң Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев өлкөдөгү диний кырдаал боюнча негизги баяндама жасады. Ал жыйындан кийин журналисттерге Кыргызстанда салттуу саналган ханафи мазхабын өнүктүрүү зарылдыгы талкууланганын айтып берди:

- Биздин ханафи мазхабы экстремизмге, терроризмге жол бербейт. Өзү толеранттуу дин. Мисалы, бизде проваслав дини бар. Канча бир жылдан бери ханафи мазхабы менен жуурулушуп, ынтымакта жашап келатышат. Экөөнүн ортосунда эч убакта конфликт болгон эмес. Өзүбүздүн ханафи мазхабын калыбына келтирип койсок, ал өзү эле экстремисттерге жана башка агымдарга каршы аракеттерди жасай баштайт.

Мечиттеги балдар. Нарындын Чаек айылы.

Мечиттеги балдар. Нарындын Чаек айылы.

Чет элдик борборлор тарабынан Кыргызстандагы айрым бир диний чөйрөлөргө максаттуу колдоо көрсөтүлүшү, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, анын казыяттарынын диний чөйрөдө болуп жаткан процесстерге таасиринин төмөндүгү кырдаалды ого бетер таталдаштырып жатканы да баса белгиленди.

Орозбек Молдалиев кошумчалагандай, “Таблиги жамаат” (дааватчылар) боюнча да маселе талкууланып, анын Кыргызстанга коркунучу бар-жогун изилдөө тапшырылган.

- Изилдөө жүргүзүү маселеси тапшырылды. Бизде азырынча “Таблиги жамаат” кооптонуу жарата элек. Бирок коркунуч келтирбейт деп эч ким ага кепилдик да бере албайт. Анткени “Таблиги жамаатка” мүчө болуп жүргөн бир адам террорист болуп кеткен факты бар. Бирок бүт жамаат ошондой болуп кетет деп да айталбайбыз. Экинчиден, Пакистанда, Ооганстанда мурда “Таблиги жамаатта” жүргөндөр жихадга катышкан фактылар көп.

Муфтий: Катачылыктарды оңдосок болот

Коргоо кеңешинде ислам дини коомдо уюштуруучу, байланыштыруучу жана өркүндөтүүчү зор мүмкүнчүлүккө ээ экендиги, ал күчтү жакшы нукка багыттап, адептүү, эркин, билимдүү кыргызстандыктардын жаңы муунун калыптандыруу милдети турганы айтылды.

Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков диний чөйрөдө диний уюмдарды реформалоону талап кылган кырдаал түзүлгөнүн айтууда. “Бул биринчи кезекте өлкөнүн мусулмандар башкармалыгына тиешелүү. Азыркы кырдаалда ал уюм өз алдынча реформа жүргүзө албайт. Мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын биргелешкен ишмердиги аркылуу гана диний чөйрөдөгү максаттарга жетишүүгө болот”, - деп эсептейт Жээнбеков.

Коргоо Кеңешинин жыйынына муфтийдин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушев да катышты. Анын журналисттерге айтышынча, кеңеште айтылган сын-пикирлер чыны менен орундуу. Бирок аны жоюуга болот:

- Айтылган сындардын баарын мойнубузга алышыбыз керек. Кээ бир адамдар Пакистандан, Ирандан, Түркиядан жана Аравиядан окуп келип жатышат. Алар ханафи мазхабын алып келип жатышат. Ошону менен бирге алардын үрп-адат, салтын, коомдо болгон нерселерин да алып келип жатат. Эгер алардын идеологиясы, жүрөгүндөгү ишеними элге жакшылык каалоо болсо, сырткы кийимдерин, келбеттерин, биздин менталитетке туура келбегендеринин баарын жөнгө салсак болот. Бул кыйын эмес. Албетте, эгер алардын жүрөгүндө башка адамдарды өлтүрүү, өлкөнүн өнүгүүсүн каалабагандык, өкмөткө каршылык боло турган болсо, анда бул чатак нерсе.

Диний негиздеги карама-каршылыктарга, радикалдуулукка жол бербөө, динге сабырдуу мамиле жасоону калыптандыруу, негизги диний окуулар тууралуу калкты көбүрөөк маалымдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык өз ара аракеттенишүү принциптерин жана ыкмаларын түп тамырынан бери кайра карап чыгуу зарылдыгы да белгиленди.

Коргоо кеңешинин жыйынына эксперттер да катышып, өз пикирлери менен бөлүштү. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси, теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, 2006-жылдан бери биринчи жолу диний абал жогорку деңгээлде талкууланды, ал эми өлкөнүн эгемендик тарыхында алгачкы жолу мамлекет өзүнүн диний саясатын иштеп чыгууга аракеттенүүдө.

Курман айт намазы. Бишкек, 15-октябрь, 2013

Курман айт намазы. Бишкек, 15-октябрь, 2013

Бирок Кадыр Маликов кеңеште майда-барат маселер талкууланып, олуттуу чечимдер кабыл алынбай калды деген пикирде:

- Кыргызстанда исламды өнүктүрүүнүн жалпы концептуалдык маселелери талкууланышы керек болчу. Өлкөдөгү исламдын интеллектуалдык жана социалдык багыттагы өзүнүн улуттук долбоору каралса болмок. Мындан тышкары, диний коопсуздуктун концепциясы да талкууланышы керек эле.

Коргоо кеңешинде бир катар чечимдер кабыл алынып, 2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна 2014-2020-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгып, киргизсин делип, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди.

Президент ага жарандык коомдун өкүлдөрү, биринчи кезекте диний уюмдар активдүү катышаарына ишеним билгизсе, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты каржылоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, колдонууга кыргыз өкмөтү даяр экендигин айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG