Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Анын автору депутат Аида Салянова буга түрткү болгон көйгөйдүн социалдык кесепеттерин негиздеп берди.

Бирок муфтият шарият жолунда балакатка жеткен куракты эч ким жокко чыгара албасын айтып, мусулманча нике кыюу жарандык абалдагы расмий каттоодон жогору турушу керек деген пикирди карманууда.

Эрте турмушка чыгуунун кесепеттери

Жогорку Кеңеш турмуш курууга жашы жетпегендерге нике кыюуга тыюу салган ченемди Кылмыш-жаза кодексине киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы 18 жаш. Бул мыйзам күчүнө кирсе, жашы жете электерге диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Аида Салянова мындай ченемди киргизүүгө түрткү берген кесепеттерди төмөндөгүчө негиздеди:

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

- Статистиканы карасак, 20 жаштан кийин төрөгөн келиндердин өлүмүнүн саны менен 18 жашка чейинкилердикин салыштырдык. 18 жашка чыга элек келиндердин өлүмүнүн саны 30 пайызга жогору экенин көрдүк. Жаш курагы жетиле электе турмушка чыккан кыздардан төрөлгөн балдар дагы алсыз, араң жан болору катталган. Ушуга окшогон көп көйгөйлөр бар. Статистика боюнча Кыргызстанда азыр 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны 160 миңди түзөт. Анын ичинен алты миңи 15 жашка чейинки секелектер. Бул эмне деген көрсөткүч! Булар эми кенедей эле кыздар да. Эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздар да. Анан ошолор турмушка чыгып, кантип бала төрөйт? Жашоону кантип алып кете алат?

Мыйзамда мүчүлүштүктөр барбы?

Мыйзам долбоорунун концепциясын жактыргандар көп болгону менен, анын аткарылышын камсыздоо шарттары суроо жаратты. Мыйзам долбоорунда кызды ала турган эркекти, ага жол берген ата-энени жана диний жөрөлгөнү жасаган молдону жашы жете элек кызга нике кыйган тарап катары жоопко тартуу жагы каралган.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов бул жагдайда тараптардан көрсөтмө алууда жана далил чогултууда маселе чыгарын айтып, мыйзамдык эрежелер так киргизилмейинче аталган кылмыш беренеси иштебей каларын белгиледи:

Парламент "жериген" нике мыйзамы

Айрым пикирлер боюнча, депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоор, көп аял алууга жолтоо болмок.

- Мыйзам долбоорунун кам иштелип чыккан жактары бар. Анда жашы жете электерге нике кыйылганын далилдөө бир топ көйгөй жаратышы мүмкүн. Бул маселеде кагаздар аркылуу текшере турган эч нерсе жок. Бардыгы оозеки сөз түрүндө болгондуктан, бул боюнча көрсөтмөлөрдү күбөлөндүрүү татаал. Анан калса мында ким кимге каршы көрсөтмө берет? Ким арызданат жана ким жабырлануучу катары өтөт? Тергөөчү сөздүн арты менен иш козгошу мүмкүн. Бирок аны далилдөө кыйын болуп калсачы. Анда эле бул ченем иштебей калганы турбайбы.

Бирок мыйзам долбоорунун автору ага макул эмес. Депутат Аида Салянова укук коргоо органдары жабырлануучунун арызы жок эле коомдук айыптоонун негизинде кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк бере турган укуктук ченемдер киргизилгенин белгиледи:

- Тергөө органдары мындан дагы оор жана татаал иштерди иликтеп, тергеп, далилдеп эле келе жатат. Андан маселе жок. Бул жерде кылмыш куугунтугу коомдук айыптоонун негизинде жүрөт. Мыйзам шарттарына ылайык, укук коргоо органдары жабырлануучу арыз менен кайрылышы керек деп күтүп отурбайт. Анткени бул иште ата-энесинин мажбурлоосуна жана сөзүнө кирген секелек кыз кантип кайрылмак эле? Укук коргоо органдары факты боюнча түшкөн сигналдын жана башка тараптардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде эле кылмыш ишин ачып, тиешелүү тараптарды суракка алууга мүмкүнчүлүгү болот.

“Мыйзам күтөт, шарият күтө албайт”

Бул мыйзам долбоору буга чейин бир топ коомдук талкуудан өткөн. Дин иштер башкармалыгы көйгөйдүн социалдык кесепеттери бар экенин тааныган менен, нике кыюудагы шарият жоболорун жогору коюуну эскертет. Шарият боюнча нике курагы балакатка жеткен учур болуп эсептелинет.

Фронтбек кызы: Нике тууралуу мыйзам иштебейт

Кыргызстандын ар бир намаз окуган жараны нике кыя алат. Аны эч ким тыя албайт.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов өтө эле эрте турмуш куруу көйгөйүн жөнгө салууда эки башкача түшүнүк болуп жатканы тууралуу мындай дейт:

- Шариятта “эркек же кыз бала канча жашынан турмуш куруш керек” дегенде “балакатка жеткен куракта” деп айтылган. Бул жерде укук берилген. Бирок алар мына ошончо жашка чыкканда турмуш куруу керек деп шарият мажбурлабайт. Бул жерде көйгөйдү чечүүнүн жолу жаш кыздардын эрте турмушка чыкканында эмес, жалпы эле баш кошкусу келгендерге бир учурда нике кыюуну жана мамлекеттик каттоону камсыздай албай жатканыбызда. Кудай астындагы никеге өтпөй туруп, бир дагы мусулман башка бирөөгө баш кошуу жөрөлгөсүнө өтүүгө акысы жок. Андай болсо зынаага эшик ачуу деген сөз. Ошондуктан алгач нике кыйылып, анан мамлекеттик каттоого турса болот. Мыйзам боюнча дагы 30 күн аралыгында каттоодон өтсө болот.

Буга чейин парламенттен өтпөй калган долбоордо нике күбөлүгү көргөзүлмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу чарасы каралган эле. Адистердин айтымында, бул бир эле жашы жете электерге нике кыюуга эмес, жалпы эле токол алууга каршы чара болгон. Анткени көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, токолдорго нике күбөлүгү берилбейт. Бирок соңку мыйзам долбоорунда андай чаралар каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун автору анда "алгач расмий каттоодон өтүү керекпи же башында нике кыйуу зарылбы" деген талаш маселе деле жок экенин белгиледи. Мыйзам нике кыюуга укугу бар молдого жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен нике кыюуну жана паспорттун негизинде алардын өздүгүн каттоону гана милдеттендирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG