Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жаңы иликтөөсүнө караганда, акыркы кезде жашы жете элек куракта никеге турган кыздардын саны өсүүдө. Укук коргоочулар ата-эненин, нике кыйган молдонун, тартип коргоо органдары жана жалпы коомчулуктун жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгын белгилешүүдө. “Аялзат” берүүсү ушул темага арналат.

Баткендик келиндин окуясы

Атын атагысы келбеген баткендик келин оюнга тойбой турган куракта, 9-классты бүтүп-бүтпөй турмушка чыккан. Турмуш куруу, бала багуу, кайын-журтка кандай мамиле кылууну аңдап билбеген, үй-бүлө куруу жоопкерчилигин сезбеген бала кыял кызды көчөдө ойноп жүргөн жеринен ала качып кетишет. Оюнга тойбой турган куракта боюна бүтүп, эки балалуу болот. Бирок үй-бүлөлүк турмушу ойдогудай болгон эмес.

- Мектепте окуп жатканда эле ала качып кетишкен. Ошентип турмушка чыктым. Азыр эки балам бар. Тагдырым тайкы болду, кыйналдым. Кызым боюмда бар кезде кайнатам үйдөн чыгарып койду. Башка жакта жашап жүрдүм, жашоом бир аз оңоло түшкөнсүдү. Кийин күйөөм көчөдөгү балдарга кошулуп кетти, кыздар менен жүргөнүн да байкап калдым. Ичип келет. Баарына кайыл болуп, моюн сунуп жүрө бердим. Бир жолу кайнатам кызуу болуп келип мага атырыла баштады. Кур менен сабамакчы болуп тап берди. Апама чалып, катуу жаанга карабай түндөп чыгып кеттик. Азыр ойлосом жаштык кылыпмын. Турмушка такыр даяр эмес экем. Сүйөм деп көзүм көр болуп калгандай, апамдын да сөзүн укпай турмуш курууга макул болуптурмун. Азыр азап тартып отурам.

Изилдөөдөгү сандар

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынан алдындагы өспүрүм курактагы никелердин алдын алуу долбоору өлкөнүн түштүк аймактарында, Талас, Чүйдө изилдөө жүргүздү. Анда кызын 14-17 жашында күйөөгө берүү көрүнүшү өзбек тектүү жарандар көбүрөөк жашаган же диний көз караштар үстөмдүк кылган айылдарда болсо, азыр өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кездешип жатканы белгиленген. Долбоордун өкүлү Гүлбарчын Жумабаеванын айтуусунда, балакатка жете электе турмуш курган көрүнүштөр көбүнесе айыл жеринде кездешет. Көп учурда ата-эненин макулдугу менен болгондуктан кыздар өз укуктарын коргоо үчүн атайын органдарга кайрылбайт, укугу бузулуп жатканын деле билбейт.

"Өспүрүм курактагы нике деген - бул кыздардын 18 жашка толо электе, 9-11-класста окуп жаткан учурунда эле турмуш куруп кетүүсү",- дейт Гүлбарчын Жумабаева.

- Бул барып-барып чоң социалдык көйгөйгө айланары айдан-ачык болуп турат. Өкүнүчтүүсү - жаш курактагы никенин көбү ажырашуу менен аяктаганы. Мисалы, Ош облусуна караштуу Ноокат районунда бүгүнкү күндө жүрүп жаткан сот иштеринин 70 пайыздан ашууну ажырашуу, алимент, балдарга жөлөк пул алуу боюнча экен. Мындай талап менен чыккандардын көбү жаш үй-бүлөлөр. Айыл өкмөтү "нике күбөлүгүбүз жок эле, аталыгын аныктап бер, алимент алып бер" деп бизге келишет дейт. Айылда 9-класста окуган кызга үйлөнүп, аны кетирип жиберип эки баласы менен кайра эле 9-класстын кызын алып алгандар бар экен.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, эрте жашта турмушка чыгуу, төрөө жана бойдон алдыруу көрүнүштөрү 2011-жылдан бери азайбай келатат. Ал эми ЮНИСЕФтин көрсөткүчтөрү боюнча, өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул айыл жеринде 16 пайызга чейин барат. Ошентип жыл сайын 7-9 миңдей өспүрүм кыз күйөөгө тиет. Ал эми аймактар боюнча Нарында эрте турмушка чыккандар мурда 10 пайызды түзсө, азыр 19 пайыздан ашкан. Жалал-Абадда 9,5дан 13 пайызга өскөн. Ысык-Көлдө 14 пайыздан 10го түшкөн.

Молдонун "нике кыюу укугун" чектөө зарылбы?

Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Мындай шартта нике күбөлүгүн алып расмий катталбай эле, мыйзамды кыйгап өтүп диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып жашаган “амалдуулар” да жок эмес. Мындан улам укук коргоочулар ата-эненин, нике кыйган молдонун, тартип коргоо органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгын белгилешүүдө. Экинчиден, мындай көрүнүштү көрүп-билип туруп көз жумган ошол эле мектептин мугалимдери, кошуна-колоң жана жалпы коомчулуктун кайдыгерлиги кедергисин тийгизүүдө.

- Биз бул маселени изилдеп жүргөндө да бир окуяны айтып беришти. Бир кызды өз эркине каршы эле ата-энеси кудалашып, 9-класста турмушка бермей болушат. Ал кыз тийбейм деп үйүнөн качып кетет. Ата-энеси кызыбыз жок деп милицияга кайрылат. Милиция кызды тапса барбайм деп, шолоктоп ыйлаптыр. Анысына карабай кызды ата-энесине алып келип беришет. Ата-энеси түнү менен кызын уруп-согуп чыккан экен, ал уксус ичип алыптыр. Бирок ошого карабай кызын дарылатып кайра эле күйөөгө беришиптир. Өкүнүчтүүсү, азыр ата-энелер да бул менин балам, эмне кылсам өзүм билем, деп мамиле кылып калышты,- дейт Гүлбарчын Жумабаева.

Айнуру Алтыбаева

Айнуру Алтыбаева

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын молдолордун жоопкерчилигин мыйзам негизинде күчөтүп, күбөлүктү көргөндөн кийин нике кыйсын деген демилгесин 5-чакырылыштагы эл өкүлдөрү колдогон эмес. Алтыбаева бул жолу да мыйзам долбоорун кошумчалап, далилдер менен негиздеп кайрадан алып чыкканы жатат.

“Өспүрүм курактагы никелердин алдын алуу” долбоорунун координатору Диана Макенбаева бул багытта төмөнкүлөргө токтолду.

- Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса иш-аракеттер акырындап жүрө баштамак. Биз коомчулукка маалыматтарды бере баштайт элек. Диний кызматкерлер дагы өздөрүн мыйзам чегинде тарбиялап, бир эрежеге түшмөк. Анткени Ноокатта жергиликтүү бийлик ушул сыяктуу өзүнчө жобо кабыл алып коюптур. Ошол деле аздыр-көптүр таасирин тийгизип, кыздардын эрте турмушка чыгуусу бир аз азайды дешет.

Анткен менен муфтияттын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтогазы алар деле “молдор жашына карабай нике кыят” деген сөздөрдү угушарын, бирок эрте никеге туруу боюнча бир да расмий кайрылуу жоктугун билдирүүдө. Биз андан муфтият ушул маселеге байланыштуу фатва чыгарышы мүмкүнбү деген суроо узаттык.

- Бардык тараптарды карап, иликтөө жүргүзүп анан бир чечимге келүүсү мүмкүн. Биз деле угабыз, бирок нике маселеси боюнча бизге эч ким кайрыла элек. Сиз айткандай 18 жаштан кийин турмушка чыкса жакшы эле болмок. Бардыгын биз биле албайбыз эмне болуп жатканын.

Бойдон алдырган секелектер да көбөйгөн

Адистер кабыргасы ката электе турмуш куруп, төрөгөн кыздардын көбөйүшүнө ички-тышкы миграция, маалыматтын жоктугу, социалдык-экономикалык жана диний жагдайлар себеп экенин белгилешет. Анткени изилдөөдө өспүрүмдөрдүн турмушка чыгуусу айыл жеринде, ошондой эле колунда жок үй-бүлөлөрдө көбүрөөк экени айтылган.

Молдолор кыздардын жашын сурабай нике кыят деген дооматтар көп

Молдолор кыздардын жашын сурабай нике кыят деген дооматтар көп

2013-жылы миңден ашуун баланы 16-17 жаштагы өспүрүмдөр төрөгөн. Өткөн жылы алтымыштан ашуун эне өлүмү катталса, арасында 18ге толо элек келин төрөттөн каза тапкан. Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген жана бул өсүү гана үстүндө.

Бойдон алдыруу учурлары деле азайган эмес. Мисалы, 2012-жылы секелектер арасында бойдон алдырган 208 учур катталса, 2013-жылы алардын саны 216га жеткен. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гинеколог-эндокринологу Анара Ордокова кош бойлуу экенин өтө кеч билген же бойдон алдырган өспүрүмдөр көбөйгөнүн ырастады.

- Өспүрүмдөр арасында төрөгөн жана бойдон алдырган учурлар өсүп жатат. Кээде алар кош бойлуу экенин өтө кеч билишет. Азыр мынча кыз бойдон алдырды деп статистиканы айтуу кыйын. Анткени учурда медикаментоздук бойдон алдыруу кеңири жайылды. Башкалардан угуп алып эле ар кайсы жерден таблетка сатып алып колдонушат. Кесепетин билишпейт, эске алышпайт. Бойдон түшүргөндөн кийин кан калып калып ооруганда гана дарыгерлерге кайрылышат. Жаш кыздар көп учурда менчик клиникаларга барат. Алар балким мындан кийин тукумсуз болуп, төрөй албай калышарын билишпейт. Ошондуктан маалымат берүү зарыл.

Кыргызстанда никеге туруудагы жаш курагынын чеги көрсөтүлүп жана никеге турууга мажбурлаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылганы менен, күнөөлүү адамды жоопко тартуу механизми жакшы иштебейт. Мисалы, кыз ала качууга катышкан, бул кылмышка аралашкандардын көбү дээрлик жазасыз калат. Изилдөөдөгү маалыматтарга караганда, күн сайын 30дан ашуун кыз ала качууга дуушар болгон. Ал эми жылына алардын саны 12 миңге жетсе, 2 миңдейи зордуктоого кабылат.

Ал ортодо Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыздарды 19-20 жаштан кийин гана турмушка чыгууга чакырганы кызуу талкууга алынууда. Анын сөзүнө караганда, кыздар мектепти аяктан соң кеминде дагы үч жыл билим алып, андан кийин гана турмушка чыкканы дурус. "Бул менин тапшырмам" деген президент прокурорлорго анын аткарылуусун көзөмөлдөөнү тапшырган. Мындан соң 20га чыга элек ондогон кыздардын алдын ала белгиленген тойлору токтотулган.

Ал эми Кыргызстанда азыр бул көрүнүш жергиликтүү деңгээлде гана көтөрүлүп келет. Мисалы, кыздардын эрте турмушка чыгуусуна каршы, ала качуунун алдын алуу, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Нарын мамлекеттик университетинин студенттери “Аруузат” кыймылын түзгөн. Ал эми Ош облусунун Ноокат районуда жергиликтүү бийлик молдолор жашы жетелек кыздарга нике кыйбасын деген жобо чыгарган. Бирок булардан азырынча коомчулук, өзгөчө укуктары бузулган кыздар күткөндөй майнап чыга элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG