Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:30

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында жергиликтүү бийлик “Жахабанын күбөлөрү” аттуу диний уюмду каттабай жатат.

Мындан улам аталган уюм Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине арызданып кат жолдоду. Дин иштери боюнча комиссия азырынча бул тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Кыргызстанда башка динге өткөн адамдарды жээриген учурлар катталат.

“Жахабанын күбөлөрү” диний уюмдун маалымат катчысы Хамит Искаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында эки жылдан бери аталган уюмду каттабай жатышат. Дин иштери боюнча комиссия анын себебин жергиликтүү кеңештер бул уюмдун уюштуруучуларынын тизмесин бекитип бербегендиги менен түшүндүргөнүн Искаков белгиледи.

Жергиликтүү кеңеш өз кезегинде тизмени бекитүү боюнча мамлекеттик жол-жобонун жоктугуна шылтаган. “Жахабанын күбөлөрү” сотко да кайрылган, бирок майнап чыккан эмес экен.

Бул окуя боюнча Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Нарысбек аттуу “Жахабанын күбөсү” жер-жерлерде кодулаган учурлар болоорун “Азаттыкка” айтып берген эле:

- “Башкалар силерге акча төлөп жатат, ошон үчүн силер диниңерди сатып жатасыңар, силер сатылып кеткенсиңер” деген сыяктуу нерселер айтылат. Мен болсо "ар ким Кудайды өзүнүн жүрөгү менен тааныйт, дин сатып алынбайт, кайсы жолду тандайт - ал адамдын өзүнүн чечими" деп айтам.


“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева соңку учурда диний кастыкка алдырган учурлар көбөйүп жатканын белгиледи. Жергиликтүү бийлик да ушундан улам каттабай жатышы ыктымал деп божомолдойт:

- Былтыркы, мурдагы жылдары башка динге кирип кеткен адамдардын үйүн өрттөгөн, той учурунда өздөрүн өрттөйбүз деген учурлар Ноокатта, Токтогулда болгон. Жергиликтүү бийлик ушундай окуялардын негизинде ошондой чечим кабыл алып жаткандыр. Бирок “жаңжал жарата турган учурлар бар. Ошондуктан курч кырдаалды андан да курчутуп жибербөө керек. Мүмкүн жергиликтүү бийлик жакшы кылып жатабыз деген ойдо жасап жатканы менен кырдаалды курчутуп жатканын көңүлүнө албай жатат болуш керек.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, “Жахабанын күбөлөрү” дин тутуу эркиндиги чектелгенинен улам кайрылган учурлар болот. Мисалы, эки жыл мурун Баткенде аталган уюмдун мүчөлөрүн “Хизб-ут Тахрир” менен байланыштырып кармап, камаганын эскерди:

- “Хизб-ут Тахрир” деген таптакыр башка уюм. Анын ишмердүүлүгү Борбор Азияда, КМШ өлкөлөрүндө тыюу салынган. Бул “Жахабанын күбөлөрү” деген алардан айырмаланып турат, аздыр-көптүр гумандуу деп ушунун баарын далилдеп, каттардын баарын жазып атып сактап калдык. Болбосо аларга катуу кысым кылган. Эгер “Жахабанын күбөлөрүн” каттабаса, анда баарын каттабашы керек. Каттагандан кийин баарын катташ керек. Баарына бирдей мамиле болуш керек.

Жогорку Кеңештеги Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы, “Ар-намыс” партиясынан депутат Каныбек Осмоналиевдин баамында, “Жахабанын күбөлөрү” уюму Кыргызстандын туруктуулугуна шек келтирет:

- “Жахабанын күбөлөрү” бул протестанттык деле динге кирбейт. Католиктерге деле жакындабайт. Булардын өздөрүнүн Кудайга, сыйынууга болгон көз караштары көбүнчө саясатка аралашып кеткен. Кыргызстандын, кыргыз элинин каада-салтына, маданиятына такыр коошпогон, туура келбеген секта. Биздин дин комиссиясы диний уюм, секталар менен ойноп атып, Адилет министрлиги каттоого алып, эми анын азабын эмгиче тартып атышат. Бул дин Кыргызстандын стабилдүүлүгүн камсыз кылаарына көзүм жетпейт.

“Жахабанын күбөлөрүнүн” маалыматына ылайык, Кыргызстанда бул диний уюмдун 5 миңден ашык мүчөсү бар. Адатта бул уюмдун мүчөлөрү китеп-кагаз көтөрүп, үймө-үй кыдырган үгүт ыкмалары менен белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG