Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Кыргызстандын президенти жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзамга кол койду.

Коомдо катуу талаш жараткан бул мыйзам эми ишке ашабы же дагы эле “көз жумду иштер” улана береби? Мыйзам талаптары менен диний кызматкерлер таанышпы? Мыйзамды аткарууга жергиликтүү бийлик менен тартип коргоо органдары көзөмөлдү күчөтөбү же көнүмүш адат менен көз жумабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана акыйкатчынын балдар жана жаштар укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов катышты.

“Азаттык”: Альберт мырза, Акыйкатчы институту балдар жана жаштардын укугун коргоо боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатпайбы. Секелек кыздардын эрте турмушка чыгуусу акыркы жылдары азайдыбы же көбөйдүбү? Эгер көбөйсө, анын башкы себеби эмнеде экендигин аныктадыңарбы?

Парламент "жериген" нике мыйзамы

Айрым пикирлер боюнча, депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоор, көп аял алууга жолтоо болмок.

Альберт Колопов: Бул маселе боюнча азыр коомчулукта көптөгөн карама-каршы пикирлер жаралды. Айрыкча, зордук-зомбулук менен коштолгон учурларга карата айыптоолор катуу болгондуктан бир аз басаңдоо бар десек болот.

Бирок, эрте турмуш куруу дагы эле айыл жерлеринде көбүрөөк болуп жатат. Мисалы, өткөн жумада эле Нарын облусунда болдук. Ал жердеги жергиликтүү бийликтин жакыр же аярлуу үй-бүлөлөрдүн жана алардын балдарынын абалын жакшыртуу боюнча жүргүзгөн иштерин иликтөөдө ушундай көрүнүштөр бар экендиги жана ага көп учурда көз жумду мамиле болору аныкталды.

“Азаттык”: Демек, негизги себеп жакырлыкта бекен?

Альберт Колопов: Жок, негизги себеп - балдар алданып же зордукталган учурда алардын тагдырына жоопкерчиликте болгон, мыйзамдуу укугу бар адамдардын мыйзамдык талаптарды аткарбаган жоопкерчиликсиздигинде болуп жатат. Алар жабыр тарткан жаш кыздардын тагдырына кайдыгер карашып, зордук көрсөткөн адам соттолуп кетпеш үчүн ар кандай амалдарга барса ага макул болуп коюп жатышат. Ал эми тагдыры талкаланган жаштардын укугу эч корголбой калып жатат.

Эрте никеге каршы мыйзам колдоо тапты

Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Чоңдор бири-бири менен макулдашып алышкандан кийин жаштардын тагдыры эч кимди ойлондурган жери жок. Мисалы, Ат-Башы районунда бир окуяга күбө болдук. Ал жерде 57 жаштагы адам 2001-жылы туулган кызга үйлөнүп алган экен. Ал кишини жоопко тартууга кыздын энеси каршы болуп, “мен кызымды өзүм билем, мен каршы эмесмин” деп, энелик укугунан пайдаланып, тосмо арыз жазып калкалап жатат. Балким анын кандайдыр бир материалдык кызыкчылыгы бардыр, ошол себептен жаш кыздын тагдырын талкалаган тараптын кызыкчылыгын коргоп жатат. Энеси катары тосмо арыз жазгандан кийин тартип коргоо органдарынын ага каршы чара көрүүсүнө мыйзамдык негиз жок болуп жатат.

Ушундай эле окуя Кара-Кулжа районунда да болду. Мектеп окуучусун үч бала зордукташкан. Ошол балдардын бири кызга үйлөнөм десе зордукталган кыздын энеси тосмо арыз жазып берип, үчөөнүн тең жазасыз калышына шарт түзүп, кызынын укугун тепсеп жатат. Мыйзам боюнча энеси баланын өкүлү болуп саналат. Аны бул укуктан сот гана ажыратышы керек. Маселе сотто каралып, чечилгенче кыздын тагдыры талкаланып жатат.

“Азаттык”: Акимжан мырза, молдокелер, диний кызматкерлер мыйзамды так аткаруу үчүн кандай даярдыктарды көрүп жатышат? Мыйзамдын талаптары менен алар таанышпы? Нике кыюуга бардык эле молдолорго уруксат берилеби же атайын лицензия алышабы?

Акимжан Эргешов: Бул мыйзам долбоору даярдала баштагандан бери эле диний кызматкерлер далай сунуштарды айтышты. Алардын ичинен кабыл алынганы болду, кабыл алынбай да калганы болду.

Азыр биздин коомдо үй-бүлө институту жоголуп бара жатат, аны бекемдей турган мыйзамдардын бири катары диний кызматкерлер да салым кошолу деген ойдо көп сунуштарды айтканбыз. Ал сунуштардын бири катары мамлекеттин алдында кызмат кылган диний кызматкерлерге соттолот деген жоопкерчилик арткандан кийин укук да берсин, укук менен бирге акысын да алууга уруксат берсин дегенбиз. Себеби, алар жер-жерлерде нике кыйышып, жаш үй-бүлөлөрдүн мамлекет алдында каттоого барышына жол ачып беришет.

Жөн эле адамдар нике кыюуга бара албайт, ошон үчүн алардын колунда атайын каттоо китепчеси болот жана нике кыюуга кимдер күбө болгондугу, жашы канчада экендиги жазылат.

“Азаттык”: Буга чейин ушундай талаптар бар беле же эми жасаган жатасыздарбы?

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Акимжан Эргешов: Мен ушул маселеге келгенде молдокелер жашы жетпеген өспүрүмдөрдү колунан жетелеп келип, никени зордуктап кыйгандай айтышканы үчүн абдан кейип келем. Чынында андай эмес да! Бул турмушка чыгып жаткан кыздын, келин алып жаткан тараптын, ага макул болуп жаткан ата-энелердин тандоосу да. Алар баш кошуп жаткан жаштар Кудай алдында күнөөкөр болуп калбасын, адалдап коелу деп суранып жатып молдокени алып келип нике кыйдырышат. Анан молдоке Кудай алдындагы милдетин аткарганы үчүн сот жообуна тартылганы туура эмес да. Демек, молдокелерге милдет койгондон кийин укугун да кошо бериши керек.

“Азаттык”: Динара айым, бул мыйзам чындыгында адам укугун коргоочулар каккан добулбастын жана алар коомдо пайда кылган резонанстын негизинде даярдалып кабыл алынбадыбы. Анан 23-ноябрда БУУнун социалдык, гуманитардык жана маданий маселелер боюнча комитети да эрте турмуш курууга тыюу салган резолюция кабыл алды. Бул жагдайдан алганда мыйзамдын ишке ашышына көмөктөшкөн эл аралык долбоорлор эми көп болсо керек деген үмүт бар. Ошондуктан мыйзамдын ишке ашышына укук коргоочулар көз салууну күчөтөбү?

Динара Ошурахунова: Албетте, күчөтөт. Мен коалицияны жетектеп жүргөндө атайын иликтөө жүргүзгөнбүз. Бул жерде бир эле жакырлыктан эмес, алардын эрте турмуш курууга мыйзам тыюу саларынан кабары жоктугунан, билишпегендиги да негизги себеп болуп жатат.

Биз иликтөө жүргүзгөндө 9-10-11-класстын кыздар, балдары арасында мектептен кийин окууга барам дегендери азыраак, дароо эле турмушка чыгуу керек деген ойдо жүргөндөрү көп экендигин билгенбиз. Балдар дагы мектепти бүткөндөн кийин кыздар дароо турмушка чыгышы керек деген ойдо экендиги таң калтырган. Демек, мугалимдери да ушундай ойлорго каршы маалымат бербей, агартуу иштерин жүргүзбөгөндүгү буга түрткү берип жатат. Ошондуктан, Билим берүү министрлиги, Акыйкатчы институту менен биргеликте элге түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүүсү зарыл.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG