Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:43

Түрк жараны Али Осман Зордун тагдыры арсар


УКМКнын абагында кармалып жаткан Түркия жараны Али Осман Зор ачкачылыгын улантууда.

Аны жактаган “Таза дин” кыймылы Осман Зор мыйзамсыз туткундалып тургандыгын айтып жатышат. Осман Зор Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан май айында камакка алынган болчу.

Осман Зорду кармоого ким кызыкдар?

“Таза дин” кыймылынын өкүлү Сабыржан Мамбетовдун белгилешинче, түрк жараны Али Осмон Зордун Улуттук коопсуздук абагында кармалып турушу мыйзамсыз. Ал өз жүйөөсүн Кыргызстандын күч түзүмдөрү эл аралык мыйзамдарды бузуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

- Кыргызстан эл аралык Европа Конвенциясынын беренелерин бузуп
жатат. Анда башка өлкөгө өткөрүлүп берилүү үчүн кармалган адам 40 күндүн аралыгында өткөрүлүп бербесе, тезинен бошотулушу керектиги жазылган. Биз Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу адат болуп калгандыгын билебиз. Эми андан өтүп, Европалык Конвенцияны бузуп жатабыз.


Мамбетовдун айтымында, Али Осман Зор Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында 12 күндөн бери ачкачылык кармоо менен мыйзамсыз туткундалып жатканына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бургусу келүүдө. Бирок Улуттук коопсуздук кызматы анын ачкачылык кармап жаткандыгын тастыктаган жок.

Осман Зор 2-майда УКМКтарабынан бир айлык мөөнөткө камакка алынып, кармоо мөөнөтү кийин узартылган. Буга Зорду кармап, өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн Түркиянын өтүнүчү негиз берген.

Сабыржан Мамбетов Осман Зордун кармалышына Кыргызстан көбүрөк кызыкдар деген ойдо.

- Түркиянын Тышкы иштер министрлиги “буга биздин тиешебиз жок, Башкы прокуратура кат жөнөткөн” деди. Бирок Али Осман Зордун туугандары Түркиянын Башкы прокуратурасына кайрылса, “биз жөнөткөн эмеспиз, Стамбул шаардык прокуратурасы жөнөткөн” деп айтыптыр. Чындыгында эле Стамбулдун прокуратурасы кат жөнөткөн экен. Бирок Осман Зордун туугандары Стамбул шаардык прокуратурасын сотко беришип, 30-майда сот болду. Анда Стамбул шаардык прокуратурасы Осман Зорду өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүнөн баш тарткан.

Качкын макамын берүү өтүнүчү четке кагылды

Али Осман Зор Түркияда ИБДА террористтик уюмунун мүчөсү деп айыпталууда. Бирок Зор өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт. Андыктан, өткөн жылдын 15-июнунда Кыргызстандын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине качкын макамын берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган министрликтин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Базаркүл Керимбаева Зордун качкын макамын берүү өтүнүчү жакында четке кагылганын тастыктады.

- Бардык негиздер каралып чыкты. Мыйзамдарга ылайык, биз аны качкын эмес деген чечим чыгардык. Ал азыр сотко берип жатат. Биринчи инстанция болду, эми экинчи инстанцияга берип жатат.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев Али Осман Зорго байланыштуу иш мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, Осман Зорду Түркияга өткөрүп берүү же бербөө жагы азырынча аныктала элек.

- Али Осман Зордун жактоочулары качкындарды берүү же бербөө жөнүндө чечимдерди жөнгө сала турган эл аралык Европа Конвенциясы тууралуу айтып жатышат. Ошонун негизинде мыйзам бузуу болуп жаткандыгын белгилешүүдө. Бирок ал Конвенцияга Кыргызстан кол койгон эмес. Башкача айтканда, анын эрежелери бизде иштебейт.

Али Осман Зор Кыргызстанга 2009-жылы келип, ишкердик менен алектенип жүргөн. “Таза дин” кыймылынын билдиришинче, ал Түркия жана Европанын айрым өлкөлөрүндөгү бир катар гезит-журналдардын жана интернет сайттардын негиздөөчүсү болгон. Мындан тышкары, Осман Зор мурда да түрк бийликтери тарабынан 12 жылга абакка кесилип, жети жыл отургандан кийин 2004-жылы бошотулган. Али Осман Зорго “Таза дин” кыймылынан тышкары, Кыргызстанда “Адилет” укук клиникасы укуктук көмөк көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG