Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Али Осман Зорго Түркиядан жактоочулар келди


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында кармалып жаткан түрк жараны Али Осман Зорду жактап Түркиядан эл аралык адвокаттар келди.

Алар Осман Зорду саясий туткун деп эсептешүүдө. Ал эми Түркия бийлиги аны "террорчулукка катышы бар" деп күнөөлөп, Кыргызстандан өткөрүп берүүсүн суранууда.

Түркиядан келген “Жаңы доор” укук коргоо уюмунун өкүлдөрү Али Осман Зорду Түркияга өткөрбөө өтүнүчү менен Кыргызстанга кайрылды. "Эгер Кыргызстан экстрадация кылса, демократиялык беделине доо кетирип алат" деди аталган уюмдун баш катчысы, жактоочу Гүвен Йылмаз.

Түркияда Осман Зор "террорчулукка тиешеси бар" шектелүүдө
- Бир топ уюмдар жана адамдар Али Осман Зорду кармоо мыйзамсыз болгондугун айтып, адилеттикти талап кылышууда. Бул иш Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирет деп, анын токтотулушун сурап, Али Осман Зорду экстрадиция кылуу Кыргызстан үчүн уят болорун айтып жатышат. Биз баарыбыз бул билдирүүлөр менен макулбуз.

Кыргызстан Женева Конвенциясына кол койгон. Али Осман Зор Түркияда саясий куугунтукка алынууда. Саясий качкын макамын алуу маселеси каралганга чейин анын камалышы мыйзамсыз.


Гүвен Йылмаздын айтымында, Германиядан жана Батыштын башка өлкөлөрүнөн саясий качкын макамын алууга Осман Зордун толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок кандаштар деп, ал Кыргызстанды тандап алган.

Осман Зорду сураган Түркиянын нотасы бар

Али Осман Зорго Түркияда "террорчул топко жетекчилик кылган" деп айып тагылууда. Ошондой эле айрым маалымат каражаттары аны “ал-Кайида” террорчул уюму менен байланышы бар экендигин жазып чыгышкан. Бирок Түркиядан келген адвокаттар мындай айыпты төгүндөп жатышат. Гүвен Йылмаз:

- Али Осман Зорду “ал-Кайида” террордук уюмунун мүчөсү деген сөздөр пайда болууда. Осман Зор бул уюмдун мүчөсү эмес. Бул калп жана чындыкка дал келбейт.

Али Осман Зорду Кыргызстандын атайын кызматтары 2-майда бир айлык мөөнөткө камакка алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Нурланбек Токталиев чет жердик жаран шектүү болгон үчүн камакка алынганын “Азаттыкка” тастыктады.

- Түркиянын атайын кызматтарынын бизге берген маалыматына караганда, Осмон Зор террорчул “Улуу Чыгыш жоокерлеринин ислам фронту” (IBDA) уюмунун активдүү мүчөсү. 2011-жылдын март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Тышкы иштер министрлиги аркылуу Түркия элчилигинен “Улуу Чыгыш жоокерлеринин ислам фронту” террорчул уюмунун мүчөсү Түркиянын жараны Али Осман Зорду кармоого көмөктөшүү нотасы келген.

Саясий качкын макамы берилеби же жокпу?

Түрк жараны Осман Зор өткөн жылы Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигине саясий качкын макамын берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул өтүнүч азыр министрликте каралып жаткандыгын, июндан башында чечим чыгарылып калышы мүмкүн экендигин министрликтин маалымат катчысы Назгүл Мурзаева билдирди.

- Түркия Республикасынын жараны бизге былтыр 2010-жылдын 15-июнунда качкын макамын сурап кайрылган. Мыйзам боюнча министрлик бир жылдын аралыгында жообун бериш керек. Азыр каралып жатат. Июндун башында чечилип калат го.

Али осман Зор азыр камакта
Али Осман Зор Кыргызстанда 2009-жылдан бери жашап, журналист катары Түркиядагы “Баран” жана башка маалымдоо каражаттарына Кыргызстан тууралуу кабарларды берип турган.

Осман Зор - Түркиядагы “Баран”, “Айлык”, “Апталык” гезит-журналдарынын негиздөөчүсү жана бир нече интернет ресурстарынын ээси экендиги айтылууда. Алардын айрымдары Германия, Швеция, Швейцария жана Сирия өлкөлөрүндө иштейт экен. Осман Зор мурда да түрк бийликтери тарабынан 12 жылга абакка кесилип, жети жыл отургандан кийин 2004-жылы боштондукка чыгарылган.

Кыргызстанда түркиялык жаранга “Адилет” укук клиникасы жана укук коргоочу Токтайым Үмөталиева укуктук көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле “Таза дин” деп аталган кыймыл колдоого алууда.

XS
SM
MD
LG