Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Күчтөп айып тагуу адаты кала элек


Укук коргоочулар кылмышка шектүү жарандар кыйноолорго көбүнчө кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кабылаарын айтып келишет.
Укук коргоочулар кылмышка шектүү жарандар кыйноолорго көбүнчө кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кабылаарын айтып келишет.

Кыргызстандагы тергөө абактарында жасалма айыпты күчтөп моюнга алдыруу аракеттери дале токтобой жатканы айтылууда.

Канткен менен жабык жайлардагы кыйноо боюнча арыздангандар быйыл былтыркыга караганда азайганы 9-декабрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин көчмө жыйынында айтылды. Бирок укук коргоочулар мындай көрүнүш тыйылбай жатканын, арыздангандардын үнү тиешелүү мекеме-органдарга жетпей, күнөөлүүлөр жазасыз калаарын белгилешет.

"Тергөөдөн көрдүм кордукту..."

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Авазбек милициянын кордугун айтып даттанган ондогон адамдардын бири. Ал 2010-жылы май айында жалган жалаа менен кармалып, күч органдарынын зомбулугуна кабылганын айтууда:

- Мени Балыкчыдагы экологиялык бекетте чөнтөгүмө маңзат сала коюп кармашты. Шаардык милицияга алып барып, күнөөнү мойнуңа алгын деп, кечки саат 6дан түнкү 10.30га чейин башка-көзгө тээп сабашты. Мен күнөөнү мойнума алганга аргасыз болгом. Балыкчынын соту мени 3 жыл 3 айга кескен. Облустук сот болсо чечимди жокко чыгарып, ишти убакыт өткөнүнө байланыштуу деп кыскартып салган. Мен кыскартылышын каалабайм. Жөн жерден күнөөлүү болуп, жөн жерден кыйноого кабылдым.

Авазбек ошондон бери кол көтөргөн милицияларды жоопко тартуу боюнча болгон жерге арызданып, бирок аракети майнапсыз калганын белгиледи.

Акыйкат издегендердин арасында Гүлүмкан Топозова да бар. Анын уулу Майрамбек Топозов 2011-жылдын башында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Арашан айылында атайын кызматтын куралчан топту жок кылуу операциясынан кийин кармалган. Операция маалында жардырылган үйдө жашап жүргөн Майрамбекке Аламүдүн районунун милициясы кылмыштуу топко тиешеси бар деген күнөө такканга аракет кылган экен:

- Баламды сабап-тепкилеп, ийинин айлантып салышыптыр. Үч жолу операция болгон. Таяктан кийин башы жакшы иштебей калды. Келиним дагы төрөгөн, азыр беш баласы менен жашаар жери жок, көрбөгөн кордукту көрүп жүрөт. Балам болсо "мен майып болдум, эч кимге керегим жок" деп эки-үч жолу муунуп өлмөй болуп араң алып калдык. Башы ооган жакка кетет, издеп тапсак таптык, болбосо жок болуп эле ушундай акыбалга келдик.

Адвокат Динара Медетбекова милициянын кордугуна кабылгандардын укугун коргоп келет. Анын баамында, соңку учурда кыйноо көрүнүшү азайган жок, кыргыз милициясы айыпты муштум менен мойнуна коюуну адат кылып алды:

- Биринчи кармаганда тергөөчүгө чейинки эки сутка бар. Ошо кармалгандан кийин 3-4 сааттын ичинде кыйноо болот. Алар ушинтип тергөөчүгө даяр алып кирип жатат. Кылмышты мойнуна коюп алып кирип, тергөө ошол көрсөтмө менен жүрүп жатат.

Аракет бар, берекет аз

Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жумашев кылмышка шектелип кармалгандар айыпты күч менен коюу ыкмасын жокко чыгарган жок. Анын айтымында, кыргыз милициясы мындай тажрыйбадан арылуу аракеттерин көрүп жатат:

- Ушундай ыкманы жоюу үчүн азыр ички иштер органдарын реформалоо жүрүп жатат. Эгер биз аны жасай алсак, анда биз уруп-согуп көрсөтмө алуу ыкмасынан кетебиз. Тактап айтканда, милиция кызматкерлери ачылган кылмыш иштеринин көрсөткүчтөрү үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. Алардын иши элдин, жарандык коомдун ишеними менен бааланат. Эгерде биз ушундай реформаны ишке ашыра алсак анда адам укугунун бузулушун, анын ичинде кыйноолорду азайтабыз.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов кыргыз өкмөтүнүн кыйноону азайтуу иш-аракеттерин “Азаттыкка” айтып берди:

- Жок деп айта албайм. Азыр деле бар. Бул маселени түп-тамырынан бери чечкенге аракеттенишибиз керек. Мына көп жылдан бери БУУнун деңгээлинде эл аралык уюмдар мурунку бийликке, мурунку президенттерге, атайын бөлүк түзүп койгулачы, ушундай фактылар менен иштеп, ушундай фактылар менен кайрылганга бир киши болсо да дайындап койгулачы деп суранып келген. Мына ушул 22 жылдан бери жасалбай келген иштерди жакында эле ишке ашырдык. Өкмөттүн чечими менен катчылык уюштурулду. Катчылык биринчи отчетун убагында даярдап, иштин жыйынтык берип жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, быйыл былтыркыга караганда кыйноо боюнча арыздангандар 31 пайыздай азайды. Жакындан бери кыйноолорду тыюу боюнча координациялык кеңеш иштеп жатат. Былтыр жайында кыйноолорду ооздуктоо боюнча Улуттук борбор да түзүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG