Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

БУУ кыргыз бийлигине кыйноолорду азайтууну эскертти


Кыйноо ыкмалары көбүнчө тергөө абактарында колдонулаары айтылып келет.

Кыйноо ыкмалары көбүнчө тергөө абактарында колдонулаары айтылып келет.

БУУнун адам укуктары боюнча органы кыргыз бийлигине кыйноо фактылары боюнча эскертүү жолдоду.

Аталган эл аралык уюмдун өкүлдөрү сентябрь айында өлкөдөгү бир катар жабык жайларды кыдырып, абал менен таанышып чыккан. Буга чейин да жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар кыйноолор азайбай жатканын билдирип келген эле. Кыргызстанда быйыл кыйноого каршы улуттук борбор түзүү тууралуу мыйзам да кабыл алынган.

Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү Бишкек, Ош шаарларындагы, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жабык жайларды кыдырды. Анын жыйынтыгында тергөө абактары, убактылуу кармоочу жайлар, тартиби начар өспүрүмдөр отурган жерлер жана психиатриалык мекемелердеги абал тууралуу кыргыз бийлигине эскертти.

Бирок баяндаманын мазмуну ачык жарыяланган жок. Аны коомчулукка шардана кылуу керекпи же жокпу, эми кыргыз өкмөтү чечет. Шарт боюнча эл аралык уюмдар баяндама ачык жарыяланганда гана кыйноону азайтууга каражаттан жардам берет.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун БУУнун өкүлдөрү менен жолуккан экен. Анын айтымында, алар Кыргызстанда бул жаатта абал оңолбосо да, жакшы жактарды белгилеген:

- Мурда өкмөттүк эмес уюмдар жабык жайларга кире алчу эмес. Азыр ошол жагынан жакшы өзгөрүүлөр болуп, тоскоолдук жокко эсе дейт. Экинчиси, биз ЕККУ, бейөкмөт уюмдар жана мамлекеттик органдар менен кыйноонун алдын алуу боюнча меморандум түзбөдүк беле. Ошол меморандумду аябай жакшы дешти. Алдыга жылыш бар дейт, бирок өзгөрүү болбой жатканын белгилешти. Мисалы шарт начар, жашаган жайлар, жеген тамактары талапка жооп бербейт, тейлөө дээрлик жокко эсе, дары-дармек менен камсыз болгон эмес, кыскасы акыбал дагы эле оор бойдон деген бүтүм чыгарышты.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму бир топ жылдардан бери Кыргызстандагы кыйноолор боюнча абалга байкоо салып келет. Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова БУУнун өкүлдөрүнө көңүл буруу керек деген жагдайлар тууралуу маалымат берилгенин билдирди:

- Бишкектин СИЗОсунда кыйноого кабылган аялдар, балдар боюнча кылмыш иш козголгон, биз ошол жакты айтканбыз. Ошол эле учурда психикалык ооруканаларды айтканбыз. Аскердик бөлүктөрдө, чек ара аскерлеринде өзүн өзү өлтүргөн учурлар, токмок жеп качкандар тууралуу маалымат бергенбиз.

Абдирасулова ошол эле кезде Кыргызстанда кыйноо боюнча абал өзгөрүүсүз калды деп эсептейт:

- Кыйнагандарга каршы кылмыш иш козголгону менен бир да сот чечими чыкпай жатат. Соттон чечим чыгып, конкреттүү түрдө кыйнагандар жазага тартылмайынча бул улана берет. Экинчи жактан, мурун кыйноо боюнча жаза аябай жеңил болчу. Эң оор деген кылмышка 7 жыл эле каралган. Азыр жакшы нерсе - жаза аябай оорлошту.

Кыйноо дегенде адатта милициянын дарегине доомат көп айтылат. Байкоочулар тартип коргоо органы кылмышка шектелген адамдардын күнөөсүн мойнуна муштум менен менен койгон учурлар кеңири кездешкенин белгилейт.

ИИМдин ардагери, генерал Садырбек Дубанаев кыйноону азайтуу үчүн атайын шарт керектигине токтолду:

-Милициялар урат, сабайт, согот анан сотко жиберет деп атышат. Ошону жоюш үчүн биздеги далилдик базаны чоңойтуш керек. Экспертизаларды көбөйтүш керек. Ошол аркылуу күнөөнү далилдешибиз керек. Геномдук экспертизаны киргизишибиз керек. Бул Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда эбак эле киргизилген. Бизде мындай экспертизаны эч ким жүргүзгөн жок.

Өткөн жылдын аягында Кыргызстанга БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес келген. Ал кыйноону Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш деп баалаган болчу.

Ушул жылы жай айында президент Алмазбек Атамбаев кыйноого каршы улуттук борбор түзүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноого каршы конвенциясына кошулгандан кийин, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган эле.
XS
SM
MD
LG