Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Укук коргоочулар: Кыйноолор тыйылбай жатат


Кыйноолорго каршы акциядан.
Кыйноолорго каршы акциядан.

Кыргызстанда прокуратура кызматкерлери кыйноолорго каршы талаптагыдай иш жүргүзбөй жатканы айтылууда.

Бул тууралуу 4-майда Бишкекте башкы прокурор Аида Салянованын укук коргоочулар менен жолугушуусунда сөз болду.

Укук коргоочулар прокурорлор түрмөлөрдө жана убактылуу кармоо жайларында кыйноо фактыларына көз жумуп, мындай ишке баргандарды калкалоодо деп доомат артышты укук коргоочулар. Айрыкча аймактарда мындай көрүнүштөрдүн аягы тыйылбай, кыйноо фактылары көз жаздымда калып жатат.

Маселен, Кызыл-Кыядагы “Эл-Сайт” укук коргоо уюмунун төрагасы Муктар Миркадыровдун айтымында, камактагыларга зомбулук көрсөткөн прокуратура кызматкерлери чара көрүүнүн ордуна аларды калкалоодо:

- Балким республикалык деңгээлде чоң иштер болуп жаткандыр. Бирок аймактарда мындай иштерди көрө алган жокпуз. Прокуратура кызматкерлерине орган кызматкерлеринин туура эмес иштери тууралуу айтсак деле эч кандай чара көрүшпөйт. Тескерисинче, прокуратура менен милиция бир болуп, бир жеп, бир ичип көнүп калышкан экен. Алар бири-бирин калкалап жатышат.

Укук коргоочулардын маалыматында, күч органдарынын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүүдөн зордоп көрсөтмө алууга көнүшкөн.

Баш прокурор Аида Салянова мындай сындын орундуу экенин моюнуна алып, кыйноолорду азайтуу үчүн прокуратура болгон аракеттерин жумшап жатканын билдирди. Анын айтымында, түрмө жана убактылуу кармоо жайларындагы кыйноо фактыларын аныктоо үчүн бул жайларды маал-маалы менен текшерип жатышат. Маселен, быйылкы жылдын үч айында жабык жайларды 614 жолу текшерип, 7 кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокурор ошентсе да узак убакыттан бери күч органдарындагылар үчүн адатка айланган көрүнүш менен күрөшүү оңой болбой жатканын айтат:

- 20 жылдан бери адатка айланган нерсени бир жылдын ичинде оңдош реалдуу эмес. Тилекке каршы, укук коргоо органдарынын иштөө ыкмалары, кыйноолор бир адатка айланып калыптыр. Мындай нерсе комплекстүү түрдө, жалгыз гана прокуратура эмес жалпы коомчулук күрөшүүнү талап кылат. Анын үстүнө, прокуратурадагы кадрлардын көпчүлүгү мурдатан бери эле иштеп жүргөндөр да. Бирок бүгүнкүдөй жолугушуу, кеңешүү менен бара-бара прокуратурада адилет мамилени түзүүгө аракет кылабыз.

Прокуратура жабык жайларды текшерип, кыйноого каршы иштердин бетин ачып жатабыз дегени менен анын жыйынтыгы сезилбей жатканын укук коргоочулар белгилешти.

Маселен, жакында эле “Эдвокаси” укук коргоо борбору Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда жүргүзгөн мониторингде бир нече кыйноо фактылары аныкталган. Кызыгы, укук коргоочулар барардан бир күн мурун эле прокурорлор текшеришип, бул райондо бир да адам зомбулукка тушуккан эмес деген жыйынтыкка келишкен экен.

Аталган борбордун өкүлү Жеңишбек Тороев мындай көрүнүшкө прокуратураны кыйноо фактыларына үстүртөн мамиле кылганы себеп болгонун белгилейт:

- Бизде кыйноого кабылгандар прокурор ар дайым милиция тарапты колдоорун билишет. Ошондуктан прокуратуранын текшерүүсү үстүртөн болбошу үчүн аны үтүр-чектине чейин аныкташ керек болуп жатат. Болбосо, прокуратурадан текшерүү барса эле баары жайында, анан артынан укук коргоочулар кирип эле көптөгөн мыйзам бузууларды аныктап жатат. Мындай кырдаалда же прокурор өз кесибин билбей жатат, же өз ишине илең-салаң мамиле кылып, үстүртөн текшерди деген эки гана жыйынтыкты айтса болот.

Укук коргоочулардын кыйноолордун дээрлик көпчүлүгү ИИМге караштуу убактылуу кармоо жайларында катталаары тууралуу маалыматын бул министрлик ар дайым четке кагып келет. Бул ирет да бул дооматка ИИМдин илимий-изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыров төмөнкүчө жооп берди:

- Бизде эми кыйноолор бар, бирок мурункудай эмес. Жок десем кудайга деле күнөөлүү болом. Аны да түшүнүш керек. Бизде кылмыш ачуунун пайызы деген бар. Көпчүлүк учурда ошого байланыштуу болуп калышы да мүмкүн. Муну да карап чыгыш керек болуп жатат. Буга күрөшүү үчүн азыр коомдук көзөмөлду киргизсек жакшы болот эле. Ал үчүн арыз менен кайрылуулардын өлкө боюнча электрондук тизмегин ишке киргизели деп жатабыз.

БУУ Кыргызстанда кыйноолор кеңири тараган көрүнүш катары баалаган эле. Мындай бааны өткөн жылы декабрда Улуттар уюмунун кыйноолорго каршы атайын баяндамачысы Хуан Мендес өлкөдөгү түрмөлөрдө жана убактылуу кармоо жайлардагы абал менен таанышкан соң берген эле. Мендес кыйноолорду азайтуу үчүн кыргыз бийликтерине бул көрүнүшкө жазаны күчөтүү, абак жайлардагы абалды оңдоо сыяктуу сунуштарын берген. Быйыл май айында бул сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн келген БУУнун баяндамачысы камактагы зомбулукту мыйзамдык базаны чыңдоо аркылуу оңдоо аракети болгонун, бирок мындан азыраак майнап чыкканын белгилеген эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG