Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Рио-2016: Үч кыргызстандык мелдештен четтеди


Отар Бестаев
Отар Бестаев

Кыргызстандык спортчулардын алгачкылары Рио-де-Жанейродогу олимпиада оюндарына мелдештерге чыгып, күч сынашты.

Боксчу Эркин Адылбек уулу Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан олимпиада оюндарындагы мелдештерин токтотту. Ал жарым чейрек финалда колумбиялык мушкер Карилльо Хуан Карлос менен беттешип, упай боюнча жеңилип калды. Адылбек уулу 7-августка караган түнү 81 кг чейинки салмакта рингге түшкөн эле.

Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарынын расмий ачылуу аземинде кыргыз желегин көтөрүп чыккан.

Оор атлетика боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Жаңыл Океева да жалпы эсепте 10-орунга илешип, мелдешти токтотту.

Эркин Адылбек уулу
Эркин Адылбек уулу

Андан мурдараак кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев египеттик атаандашын утуп, жарым чейрек финалда азербайжандык спортчудан жеңилип калган жана мелдештен четтеген.

Төрт жыл күткөн спорт майрамы

Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын ачылыш аземи 78 миң адамга ылайыкташкан “Маракана” стадионунда 5-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7де, Бишкек убактысы боюнча 6-август күнү таңкы саат 5те башталды.

Миңдеген адам катышкан шаан-шөкөт менен коштолгон иш-чара үч саатка созулду. Алгач Бразилиянын желеги гимндин коштоосунда стадиондо илингенден кийин ачылыш аземине катышкан расмий коноктор тааныштырылды. Андан соң өлкөнүн 1500-жылдан бери басып өткөн жолунан баштап азыркы мезгилге чейин мелдеш өтүп жаткан аймактын тарыхы чагылдырылган шоу тартууланып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарынын ачылыш аземине канча каражат сарпталгандыгы тууралуу маалымат жок.

Ошентсе да айрым булактар бул жолку оюндардын бюджети 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиаданын бюджетинин тең жарымын түзгөнүн айтышууда. Лондондо мындан төрт жыл мурун өткөн Олимпиаданын ачылыш аземине гана 42 миллион доллар сарпталган.

Ошондой эле экологияга байланышкан маселелер да унутта калган жок. Глобалдык жылуулук, абанын булганышы, токойлордун кыйылышы өңдүү экологиялык көйгөйлөр да эске салынып, табиятка аяр мамиле жасоо керектиги дүйнө коомчулугуна көрсөтүлдү.

Салтанаттуу жүрүшкө катышкан ар бир команданы коштоп көчөт отургузулган челек көтөргөн өспүрүмдөр да стадионго чыгышты. Бул оюндарда экология көйгөйүнө көңүл бурууга чакырууга өзгөчө басым жасалганынын дагы бир далили катары таймаштарга катышкан ар бир спортчу көчөт отургузары айтылууда.

Азем оюндун катышуучулары жана делегаттардын салтанаттуу жүрүшү менен коштолду.

Жалпысынан 207 команда өз желегин көтөрүп чыкты. Алардын арасында Косово менен Түштүк Судан өлкөлөрү алгачкы жолу катышууда. Ага кошумча качкындардын курамасы да Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында байге үчүн ат салышат.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Рио-2016 оюндары дүйнөдө өрчүп бараткан өзүмчүлдүккө карата жооп болоорун белгиледи.

- Өзүңөрдү, бири-бириңерди жана Олимпиадалык баалуулуктарды сыйлагыла. Биз өзүмчүлдүк өркүндөп жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Рио-де-Жанейродогу оюндар биздин аларга жообубуз жана шериктештиктин туу чокусу. Биз чоң олимпиадалык үй-бүлөнү кубаттайбыз.

Кыргызстандын делегациясы 155-катар менен салтанаттуу жүрүшкө чыкты. Өлкө туусун боксчу Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыкты. Бул оюнга Кыргызстандан 19 спортчу аттанган. Жалпы машыктыруучу, дарыгерлер өңдүү өлкөнүн расмий делегациясынын курамы 45 адамды түзөт.

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов Рио-2016 Олимпиадасынын ачылыш аземи тууралуу буларды айтты:

- Ачылыш аземинин башталышын биз көрө алган жокпуз. Анткени салтанаттуу жүрүшкө чыгуу үчүн кезек күтүп көпкө туруп калдык. Жүрүшкө чыккандан кийин Эл аралык олимпиада комитетинин желеги көтөрүлгөнүн, ант берүү аземин жана Олимп отун жагуу салтанатын көрдүк. Абдан кызыктуу болду.

Кыргызстандык спортчулар. Сүрөт megacom.kg сайтынан алынды
Кыргызстандык спортчулар. Сүрөт megacom.kg сайтынан алынды

Акырында оюндарды символу болгон Олимп оту жагылды. Олимп отун марафончу, Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси Вандерлей Кордейру тутандырды. Ал футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пелени алмаштырды. Пеле ден соолугуна байланыштуу жоопкерчиликтүү ишти аткаруудан баш тарткан. Бул билдирүүдөн кийин Олимп отун "Роллан Гаррос" мелдешин үч жолу уткан теннисчи Густаво Куэртен жагат деген кептер тараган эле.

Кыргызстандык спортчулар. Сүрөт megacom.kg сайтынан алынды
Кыргызстандык спортчулар. Сүрөт megacom.kg сайтынан алынды

Ушуну менен Олимп оюндары Түштүк Америкада алгачкы жолу, Латын Америкасында экинчи жолу өтүп жатат. 5-августта башталган мелдештер 21-августта жыйынтыкталат. 306 топтом медаль спорттун 27 түрүнөн ойнотулат. Ага 206 өлкө жана качкындар командасы, жалпысынан 10 500 атлет катышат.

Салтанатка күбө болгон “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Руслан Меделбек ачылыш аземинин орчундуу учурлары тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Рио-2016 Олимп оюндарынын ачылыш аземине 40тан ашуун мамлекеттин президенттери катышты. Бразилиянын президентинин милдетин аткаруучу Мишел Темер "XXXI Олимп оюндарын ачык деп жарыялайм" деп айткан кезде стадиондо отурган көрүүчүлөр нааразылыгын билдиришти. Бул учур эсте калаарлык болду. Негизинен Олимп оюндарынын ачылыш аземи глобалдык жылуулук, табият менен таттуу мамиледе болуу өңдүү чакырыктар менен да коштолду.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG