Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Кыргыз өкмөтү Орусиядан артиллерия, танк жана башка оор аскер техникаларын сураганын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев билдирди.

Табалдиев орусиялык РИА Новости маалымат агенттигине маегинде өз өкмөтү Орусиядан артиллериялык куралдарды, танк, зениттик көчмө комплект, машине, талаа жана стационардык госпиталдарды жана башка оор аскер техникаларын сураганын ачыктады.

“Кыргыз тарап керектүү курал-жарактардын тизмесин Орусияга жиберип, азыр жообун күтүүдөбүз”, - деди Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору Адылбек Курбанов “Азаттыкка”:

- Керектүү делген курал-жарак, аскерий техниканын тизмеси Орусияга жиберилген, эми алар аны карап, кайра бизге жибериши керек. Өткөн жылдын декабрында бул боюнча тараптар сүйлөшүшкөн, анан орус тарап бизге жообун бермек болгон. Сиз жогоруда айткан куралдардын баарын сураганбыз, азыр жооп күтүп жатабыз.

Былтыр сентябрда орус президенти Владимир Путин Бишкекке расмий сапар менен келгенде Кыргызстан аймагында Орусиянын бирдиктүү аскерий базасын түзүү тууралуу макулдашуу болгон.

Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. Мунун алкагында Орусия Кыргызстандын карызын кечүү, ГЭС куруу жана аскердик-техникалык жардам берүү жагы каралган болчу.

Мурдагы коопсуздук кызматкери, генерал Артур Медетбеков Кыргызстан Орусиядан курал алуу боюнча дээрлик алты жылдан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатканын, эгерде айтылган курал Кыргызстанга берилчү болсо, бул жардам куралдуу күчтөрдү ирдентээрин айтат:

- Айтылган куралдарды Орусия берчү болсо, армиянын духун көтөрүп, куралдуу күчтөрдү чыңдаганга абдан жардам болмок. Бирок бизге заманбап, жаңы куралдар берилбейт, ошентсе да ал куралдар Кыргызстан үчүн жаңы деп эсептелинет.

Медетбеков кыргыз тарап бул куралдарды сатып албай, жардам катары алып жатканын кошумчалады. Буга чейин Кыргызстан Орусиядан жардам иретинде алчу куралдын баасы 1 млрд. 100 млн. доллар деп болжолдонуп жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов депутат болуп турган кезде бирдиктүү база куруу боюнча келишим тууралуу айтып, келишимде Орусиядан эски эмес, заманбап курал алуу жагы каралган деп айтканы бар.

Улуттук гвардиянын мурдагы башчысы Абдыгул Чотбаев кыргыз армиясы учурда Советтер Союзунан калган эски курал менен жүргөнүн, бүгүн армия эле эмес, бүтүндөй күч структуралары курал жаңылоого муктаж болуп турганын айтат:

- Бүгүн бизде эмне курал болсо, анын баары Советтер Союзунан калган куралдар. Кыргызстанга акыркы учурда Кытай, Түркия, Америкадан жардам катары бир аз гана атайын курал келгени болбосо, Союз учурундагы куралыбыз менен эле отурабыз. Азыр курал заводдун баары Орусияда, анын үстүнө алар биздин негизги өнөктөшүбүз. Алардан жаңы куралдарды сурашыбыз керек.

Мындан сырткары 2014-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгарууну көздөгөн АКШ да Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга курал-жарак, аскерий техникасын калтырып кетүүнү убада кылган эле. Генерал Артур Медетбеков аймактагы коопсуздукту эске алып, 2014-жылы Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн баары эле чыкпасын айтып, алар кеткен күндө да Кыргызстанга оор техника же курал-жарак эмес, талаа уюлдук байланыштарын, автоунаа жана жеңил техникалык жабдыктарды гана таштап кетет деген пикирде.

Айтор азыр Советтер Союзунан калган курал менен отурган же заманбап курал сатып алууга чамасы жетпеген кыргыз өкмөтү ири державалардын берген куралын алууга даяр болуп турган чагы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG