Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Эл аралык байкоочулар 23-ноябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин пайдасы менен зыянын талкуулашты. Талкууга катышкан Франция, Түркия, Швеция жана Орусиянын экономист-окумуштуулары Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинен утушу арбын болгону менен өлкө экономикасы бир катар кыйынчылыктарга туш болоорун чечмелеп беришти.

Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун сунушу менен Франциядагы Пьер Мендес Франс жана Түркиядагы Галатасарай университеттеринин окумуштуулары Кыргызстандын Бажы биримдигинин курамына киришинин пайдасы менен зыянын эсептеп чыгышкан.

4 айга созулган изилдөөгө катышкан Пьер Мендес Франс университетинин экономика жана менежмент бөлүмүнүн башчысы, доктор Фарук Үлгендин айтымында, Бажы биримдигине киришинен оң натыйжаларды күтүүгө болот:

- Биз жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо, жалпысынан оң натыйжаларды күтүүгө болот. Мисалы, Бажы биримдигине кире турган болсо, коңшу өлкөлөр менен болгон сода-экономикалык интеграциянын негизинде өлкө ИДПсында 2,5-3 пайызга өсүү жана кошумча жумуш орундары менен камсыз болоору күтүлүүдө. Бирок бул өтө эле кыска мөөнөт үчүн эсептелген. Бул жерде Кыргызстандын өкмөтү орто жана узак мөөнөттө экономикасын өнүктүрүү саясатын кандай жүргүзөт? Мындан өтө көп нерсе көз каранды.

Ошону менен катар изилдөөчүлөр Бажы биримдигинин кириши менен Кыргызстан бир катар жагымсыз жагдайларга да даяр турушу керектигин эскертишүүдө.
Базарларда иштеген 45 миң сатуучу жана алардын заказын аткарган 154 миңден ашык тигүүчү жумушунан айрылса, бул мамлекет үчүн баш ооруга айланат.

Стамбулдагы Галатасарай университетинин окутуучусу, профессор Халук Левент Кытайда өндүрүлгөн товарларды алып сатуу менен алектенгендерге абдан эле оор болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн бир катар коркунучтуу жактары да бар. Мисалы, биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаңы бажы тарифи колдонула баштаган учурда Кытай баш болгон башка өлкөлөрдөн алып келинген айрым тармактарга терс таасирлерин тийгизиши мүмкүн. Жалпы жыйынтык боюнча кичине өсүштү көрүп жатабыз. Бул өсүш адеп байкалышы мүмкүн. Бирок ар дайым андай болот деп айта албайбыз.

Өкмөт өксүктөрдөн кабардар

Бажы биримдигине кирүү чоң тобокелчиликтер менен коштолоорун Кыргызстандын каржы министри Мэлис Мамбетжанов да мойнуна алууда:

- Кыргызстандын Бажы биримдигине кирген учурда опурталдуу жагдайлар сөзсүз түрдө болот. Биринчиден, Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнүн Бажы биримдигине кирген төлөмдөрү менен ыңгайлаштыруу маселелери. Азыркы учурда биздин орточо бажы төлөмү жалпы көлөмдүн 5,1 пайыз түзсө, ДСУнун алындагы милдеттемелердин көлөмү 7 пайызды түзөт. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн орточо бажы төлөмү 10,6 пайызды түзөт. Мындай жол менен Бажы биримдигине кире турган болсок, бажы төлөмүнүн көлөмүн эки эсеге көтөрүү керек болот.

Анткен менен өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Бажы биримдигинен Кыргызстанга оң жагдайлары арбын болоорунан үмүт этүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, Бажы биримдиги түзүлгөндөн бери Казакстан, Орусия жана Беларус ортосундагы товар алмашуу 40 пайызга көбөйүп, өлкөгө тартылып келген инвестициянын көлөмү арткан. Мында улам алып-сатаарлыктан түшкөн күнүмдүк пайдага алданбай, Бажы биримдигине кирүү менен жергиликтүү өндүрүштү көтөрүү зарылдыгын Бабанов белгиледи:

- Бизде азыр өнөр жай токтоп калды. Биз азыр башкалардын даяр продукциясын алып келип эле кайра сатуу менен алектенип жатабыз. Мунун негизинде биздин экономикабыз соода-сатыкка айланып кетти, өндүрүш, кайра иштетүү өнөр жайынын "таш-талканы" чыгып калды.

Жумушсуз калгандар кайда барат?

Өкмөт реэкспортту азайтып, анын ордун тигүүчүлүк жана агрардык тармакты өнүктүрүү менен толтурууну көздөп жатканын айтууда. Бирок тигүүчүлүк менен алектенгендерди арзан сырье менен камсыз кылган Кытайдын кездемелерине бажы төлөмү көбөйгөнү тынчсыздандырып, кандай жол менен бул тармактын өнүгөөрүнө баш катырышууда.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун айтымында, Бажы биримдигинин айынан жумушунан айрылган жүз миңдеген адамдар өлкөгө жаңы баш ооруну жаратышы мүмкүн:

- Негизинен патент алып, соода тармагында 22 миңден ашык адам иштейт. Бирок тиешелүү патент албастан, стихиялуу түрдө иштегендердин саны абдан эле көп.

Эгер Бажы биримдигине кирген соң өкмөт кандайдыр бир чараларды кабыл албаса, булардын баары жумушсуз калышы мүмкүн. Мындай учурда чоң базарларда иштеген 45 миң сатуучу жана алардын заказын аткарган 154 миңден ашык тигүүчү жумушунан айрылса, бул мамлекет үчүн баш ооруга айланат.


Бирок Бажы биримдигине Кыргызстандын киргизүү боюнча комитеттин башчысы Сергей Глазев Кыргызстан үчүн атайын жеңилдиктер карала турганын убада кылууда. Айрым байкоочулар Орусиянын мындай боор тарткан мамилеси Кыргызстан аркылуу Кытайдын чек арасын көзөмөлгө алууга болгон аракети менен байланыштырууда.

Ошол эле учурда Евробиримдиктеги каржылык каатчылыктан кийин Кыргызстанды "ашка жүк, башка жүк" өлкө катары санап, Бажы биримдигине кошуп алуу аракети солгундаганы айтыла баштады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG