Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Москвадагы RusEnergy консалтинг компаниясынын аналитиги Михаил Крутихин “Азаттык” менен маегинде Орусиянын мамлекеттик компаниялары башка өлкөлөрдө алган инвестициялык милдеттенмелерин эмне үчүн аткара албай жатканы, алар кабылган каржылык каатчылыктын себептери тууралуу айтып берди.

Крутихин: Алгач Орусияда мамлекеттин каржысы боюнча өтө татаал кырдаал түзүлгөнүн эске алуу керек. Өкмөт бюджетти толтуруу үчүн мамлекеттик компаниялардын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын максималдуу түрдө колдонууга умтулууда. Мындан улам инвестицияны талап кылган долбоорлордун баары токтотулуп жатат. Биринчи кезекте, Орусиянын тышындагы долбоорлор садага чабылууда. Орусия азыр Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да ири долбоорлордон баш тартууга мажбур. Анткени, жөн эле акча жетпей жатат. Бишкек чечим кабыл алууда мына ушул чындыкка таянышы абзел.

"Aзаттык”: ГЭСтер боюнча узак сүйлөшүүлөр аркылуу жетишилген келишимди бузуунун демилгечиси Москва эмес, Бишкек болду. Орусия алардан түз баш тарткан эмес, шарттарын өзгөртүүнү сунуш кылган. Азыр каражат жок деп жатпайсызбы, акча жакында кайра түшөрү күтүлбөйбү?

Крутихин: Акча күтүлбөйт. Анткени, мунайга баанын арзандыгынан, орус экономикасынын структурасындагы, экономиканы башкаруудагы проблемалардан улам Орусиянын бюджетине түшкөн киреше кескин кыскарды. Эгер кандайдыр бир олуттуу реформалар болбосо, ири долбоорлорго акча жөн эле артпайт. Олуттуу реформаларды күтүү да мүмкүн эмес болуп турат. Алар башталган күндө деле жыйынтыгы узак убакытты, кошумча чыгымдарды талап кылат.

"Азаттык”: Кыргызстанда ГЭС курабыз деген “РусГидро” менен “РАО ЕЭС” бүгүн кирешесин тикелей жоготуп жаткан мунай секторундагы компаниялар эмес. Албетте орус рублинин куну качышынан улам чет элдик валюта менен эсептегенде алардын да кирешеси азайды. Азыр мамлекеттик компанияларда киреше болсо да өкмөт алып коюп жатабы?

Крутихин: Албетте, алар мамлекеттик компания болгондуктан акчасынын баары өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт. Орусиянын башкы көйгөйү федералдык бюджетте. Бюджетте акчанын тартыштыгы көпкө кармалууга аракеттенүү үчүн өкмөттү чыгашаларды болушунча кыскартып, мунай-газ эле эмес, башка сектордогу компаниялардын долбоорлорун токтотууга мажбурлоодо.

“Азаттык”: ГЭСтер боюнча келишимге адеп башында кол коюлганда эле Орусиянын мамлекеттик компаниялары бул долбоорлорго ириде экономикалык кызыкчылыктан эмес, орус өкмөтүнүн көрсөтмөсүнөн улам эле барды деген пикирлер үстөмдүк кылган эле.

Крутихин: Бир жагынан бул да туура. Менимче, азыркы каржылык каатчылыктын шартында орус өкмөтүндө Орусиядан түштүктө жайгашкан өлкөлөр менен мындай каржы кызматташтыгы аны менен бирге коюлган саясий максаттарды аткарбай жатат деген көз караш бекемделгендей. Каржылык чыгым көп болгону менен андан саясий эффектти күтүүгө мүмкүн болбой жатат. Бул өлкөлөр келечекте саясий жактан Орусия федерациясына караганда Кытай менен көбүрөөк кызматташтыкка барчудай.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтүнүн “Газпром” менен да келишими бар. “Газпром” 600 миллион доллардын тегерегинде инвестициялык милдеттенме алган. “Газпромдун” каржылык абалы кандай?

Крутихин: Менин болжолумда “Газпромдун” мындай акчасы жок. Ал дагы үнөмдөөгө мажбур болуп отурат. Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгын ал таза чыгаша менен аяктады. Түз инвестиция жасагыдай кошумча каражаты жок. “Газпром” атүгүл Орусия үчүн өтө чоң саясий мааниси бар, Сибирден Кытайга кетчү газ түтүгүнүн курулушун токтотуп турат. Бул долбоор азыр кыймылсыз абалда.

Айтып коюшум керек, “Газпромдун” Орусияга коңшу мамлекеттер менен алака-катышынын буга чейинки тажрыйбасы бул компания ишенимдүү өнөктөш эмес экенин далилдеди. Келгиле, “Газпромдун” Казакстан менен Түркмөнстанга берген убадасын эстеп көрөлү. Ал Каспий газ түтүгүн курууну, Орто Азия - Борбор газ түтүгүн жаңыртууну убада кылган эле. Өкмөт аралык келишимдерге кол коюлганы менен бул долбоорлор деле аткарылбай калбадыбы.

“Газпром” Түркмөнстандан көгүлтүр от сатып алуу боюнча келишимин да бир тараптуу түрдө үзүп салды. Андыктан, “Газпром” абийирдүүлүгүн көргөзүп, Кыргызстанда кайсыл бир ири долбоорлорду аткара баштайт деп күтпөй эле койгула. Азыр анын буга акчасы деле жок.

“Азаттык”: “Газпромдун” жүгүртүүсү милиарддаган доллар да. Кыргызстандагы инвестициялык милдеттенмеси 600 миллион доллардын тегерегинде. Ал дагы дароо эмес, бир нече жылда өздөштүрүүлүсү керек. Ушундай шарт да чын эле “Газпром” үчүн кыйынчылык жаратабы?

Крутихин: Албетте, компаниянын бүгүнкү каржылык абалын караганда, ал азыр киреше таппастан, таза чыгашага учуроодо. Биринчи кезекте акчасын жоготууда, ал эми базары кеңейген жок. Өндүрүш потенциалы чоң, газ скаважиналары көп болгону менен бирок бул газды сатыш үчүн базар таба албай жатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG