Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

20-январда Жогорку Кеңеш Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө келишимди денонсациялоону колдоду. Келишимге 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган.

20-январда Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда ГЭСтерди куруу жөнүндө келишимди денонсациялоо каралып, парламент үч окууда аны денонсациялоону колдоп, добуш берди.

Шаршемби күндөгү талкууда Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимдердин аткарылбай калганына финансы-экономикалык кризиске байланыштуу Орусиянын мүмкүнчүлүгү чектелиши айтылды.

Москва ГЭСтерди куруудан түз баш тартпаса да аларды куруу келишимин өзгөртүүнү, насыялардын үстөгүн көбөйтүүнү жана мөөнөттөрдү узартууну сунуштаган. Бирок ал сунушту кыргыз тарап кабыл алган эмес. Анткени анда ГЭСтер иштеп чыккан электр энергиянын баасы өтө кымбаттап, долбоордун өзүн актоосу кыйындамак.

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш

Экономика министринин орун басары Нурлан Садыков кыргыз тарап ГЭСтерди курууда өз милдетин бир аз кечигүү менен болсо толук аткарганын билдирди. Москва Жогорку Нарын каскадында айрым иштерди баштаганы менен Камбар-Ата-1 боюнча суроолорду жоопсуз калтырганын Садыков белгиледи:

- Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул жөнүндө Орусияга билдирилген. 2014-жылы июнь айында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сунуш берилген. Бирок Орусия тараптан бир дагы жооп келе элек.

Садыковдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесинде ГЭСти куруунун эки варианты каралган: биринчиси 2 млрд. 900 млн. долларга бааланса, экинчи вариант боюнча 1 млрд. 900 млн. доллар жумшалышы керек эле.

Ал эми Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСти “Русгидро” 727 млн. долларга курууну пландаган. Төрт ГЭС жыл сайын 1 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн “Русгидро” 37 млн. доллар короткону маалымдалды. Бирок “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов анча өлчөмдө каражат кеткени чоң шек жаратат деди:

- Нарын каскады салынып аткан жерден мен көп өтөм. Ал жерде 37 млн. доллар эмес, 5 млн. доллар кеткен чыгымды көрө элекмин. Ошондуктан 37 млн. доллар эмнеге жумшалганын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайбыз. Ал эми бул келишимди денонсациялоого барышыбыз керек. Бул биздин кызыкчылык.

Жогорку Кеңештеги талкууда келишимди денонсациялоодон кийин Орусия тарап кетирген чыгымды төлөп берүү маселесин коюшу мүмкүн экени белгиленди. Кыргыз өкмөтү ал чыгымды төлөп берүүнү жаңы инвесторго жүктөөнү пландаштырып жатканы маалым болду. Ал эми жаңы инвесторду табуу боюнча аракеттер жасалып жаткан менен конкреттүү инвестор жок экени айтылды.

Кыргызстан менен Орусия 2013-жылы жетишкен дагы бир келишим аткарылбай калуу коркунучунда турганы жакында эле маалым болду. Белгилүү болгондой, 2013-жылы Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошуп 1 долларга саткан. “Газпром” беш жыл ичинде Кыргызстандагы газ тармагына 20 млрд. рубль же 2014-жылда айтылган кездеги курс боюнча 679 млн. доллар инвестиция салуу милдетин алган. Бул сөздү “Газпромдун” башчысы 2014-жылдын башында айткан эле:

Президент Атамбаев "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер менен

Президент Атамбаев "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер менен

- Биз Кыргыз Республикасынын алдында беш жыл ичинде 20 млрд. рублдан кем эмес инвестиция салуу милдетин алдык. Эгерде реконструкция жана модернизациялоо программасы андан көбүрөөк акчаны талап кылса, анда биз көбүрөөк акча салабыз.

“Газпромдун” жетекчилиги ошондой эле Майлуу-Суу-4 жана Көгартта газ кенин издөөгө 100 млн. доллар жумшоону убада кылган. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга газ куурларын тартуу да жогорку деңгээлде айтылган. Бирок өкмөт башчы Темир Сариев жакында эле Экономика министрлигине жана Бишкек мэриясына жаңы конуштарды газдаштыруу ишин тездетүүнү буйруп, эгер ал аткарылбаса “Газпром” газдаштыруу долбоорунан баш тартышы мүмкүндүгүн эскертти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG