Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Кулчулуктун жиби тушаган тобокелдик


Орусияга бирөөлөрдүн убадаларына ишенип иштегени келип, ар кандай оор кырдаалга туш болгон эмгек мигранттар арбын кездешет. Айрымдары кадимки кулчулукка түшсө, арасында документтерин алдырып, чет жерде кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Кыргызстандык Жаныбек Иманкасымов ноябрь айында “жакшы жумуш таап берем” деген убадага ишенип, Орусияга бирөөлөрдү ээрчип келген тааныштары жөнүндө кеп салып отурду.

“Акча табалы” деп келген эмгек мигранттарды акырында Москвадагы тигүүчү цехтеги жумуш берүүчүгө акча берип, ортомчуларды салып отуруп, араң бошотуп чыкканын айтат.

- Бирөө келинчегимдин курбусу экен. Аларды Кыргызстандан телеканалдардагы жарыя аркылуу бир аял “ушундай жумуш бар, айына 60-70 миң аласыңар” деп алып келип, бул жакка келгенде 60 миң эмес, 60 сом дагы таппай калышкан. Тескерисинче, карыз болуп чыгышты. Бир армян бала менен барып, 42 миң төлөп, төртөөнү алып чыкканбыз. Акырын эле сүйлөшүү жолу менен алып чыгып кеттик, акчасын берип. Алар бизди полиция менен күтүп турушуптур. Булардын паспортун “эмгек келишимин түзөбүз” деп алышкан, андан кийин “биринчи жол чыгымдарын иштеп бергиле, андан кийин беребиз” деп алып коюшкан. Төртөө тең Орусияга биринчи жолу келиши, тааныштары жок, дагы жакшы цехтеги бир баланын интернети болуп калып, анан бизге байланышкан. Дарбаза менен курчалган чоң имарат экен. Эч жакка чыкпай ошол жакта жашап, иштеп жатышыптыр. Эч кандай шарт жок. Жада калса терезе жок.

Москвада курулушта иштеген Имран Кененбаев бул тармакта дагы мындай окуялар кез-кезде болуп турарын айтат. Адатта курулушка ишке деп келгендер оор жагдайга топ-тобу менен туш болушат.

- Мындай окуялар көп эле болот. Менин башыман өткөн эмес. Бирок, угуп, өз көзүбүз менен деле көрүп келгенбиз, жардам берген учурлар да болот. Бир инибиз менен баш-аягы 19 баланы Кыргызстандан Адыл деген бала бул жакка алып келип сатып жиберген. Аларды почта тараткан жерде иштетишкен. Документтерин алдырып коюшкан. Ошол жерден алты баланы чыгарганбыз. Үч балага 15 миңден берип, үчөө качып чыккан.

Орусияда кулчулукка түшкөн мигранттардын көйгөйүнө казакстандык 21 жаштагы Несибели Ибрагимованын окуясы коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ал декабрдын башында Москвадагы азык-түлүк саткан дүкөндөн кулчулуктан качып чыккан.

- "Дүкөндө жумуш бар, айына 30 миң рубль төлөп берем" деп чакырышкан. Ушул жылдын май айында келгем. Мени Москвадан тосуп алышып, ошол заматта телефонумду, документтеримди алып коюшту. Себебин сурасам, “жоготуп аласың” дешти. Ошентип, бир ай иштедим, андан кийин апам менен сүйлөштүрбөй коюшту. Дүкөндүн кожойкеси уруша баштады, тамак беришпейт, суу жана каткан нан менен жан сактап жүрдүм. Ошол эле дүкөндө уктачубуз, күнүнө 18-19 саат иштеп, 3-4 саат эле уктачубуз. Арак ич деп кыйнашчу.

Учурда Несибели Ибрагимова Казакстанга кайткан. Казакстандын омбудсмени Аскар Шакиров орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковага бул окуя боюнча тергөө иштерине тыкыр көзөмөл салууну өтүнгөн. “Жарандык көмөк” комитети, “Мемориал” укуктук борбору жана “Альтернатива” коомдук кыймылы Ибрагимовага укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүшүүдө.

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган.

“Альтернатива” кыймылынын өкүлү Алексей Никитин Орусияда кулчулукка чет элдик мигранттар менен катар эле региондордон чоң шаарларга умтулган орус жарандары деле кабыларын белгилейт. The Walk Free Foundation эл аралык уюму Дүйнөдөгү кулчулук индекси боюнча докладында былтыр Орусияда 1 миллионго жакын адам кулчулукта экенин маалымдаган.

- Биз кайрылган жарандарга эле жардам берип келебиз, кулчулукка каршы масштабдуу иш жүргүзбөйбүз. Ал үчүн атайын мамлекеттик органдар бар. Көбүнчө бизге региондордон келип чоң шаарларда кулчулукка түшүп калган орус жарандар кайрылышат. Өлкө ичинде эле эксплуатацияга туш болгондор дагы болот. Андан тышкары Украина, Беларус жарандары кайрылып калат. 2015-жылы бир кыргызстандыкка жардам бергенбиз, жакында эле казакстандык жарандарга көмөк көрсөттүк. Мигранттардын кулчулукка кабылышы - бул бир аз башкача кырдаал. Көбүнчө аларды мекенинен эле уюштуруп алып келишет. Албетте, вокзалдарда тосуп, көчөдө калгандарды дагы алдап азгыргандар деле чыгат. Мындай кулчулукка көбүнчө мыйзамсыз мигранттар туш болот. Тигилер мигранттын мыйзамсыз абалын колдонушат.

“Жарандык көмөк” комитетинин адиси Марина Лексина Орусияда кулчулукка кабылган чет элдик жарандардын абалын алардын орус тилин, жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылуу шарттарын билбегендиги оорлотуп жатканына токтолду.

- Мигранттарды мажбурлап бекер иштетип, анан талаага таштап койгон учурлар болот. Көп эмес, бирок, бар мындай көрүнүш. Тааныш же туугандары эле мекенден ар кандай убадалар менен алып келип, бул жакта кулчулукка сатып жибергендер дагы болот. Ал эми мигранттардын күчүн колдонгондор аларды бейтааныш жерге алып барып, эч ким менен байланыша албай, жолуга албай калгандай кылып, аларды обочолоп коет. Мындай учурларда адам мүмкүн болушунча башка бирөөлөргө байланышка чыгып абалын айтууга аракет кылышы керек.

Орусияда учурда 600 миңге чукул кыргызстандык иштейт. Москвадагы элчиликтин маалыматы боюнча, былтыркы жыл ичинде кулчулук боюнча жарандардан кайрылуу түшкөн эмес. Ал эми 2015-жылы Ковров шаарында мыйзамсыз иштеген тигүүчү цехтен элчиликтин жардамы менен сегиз кыргызстандык жаран кулчулуктан чыгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG