Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Красноярск крайындагы кыргыз диаспорасынын жаштар канатынын жетекчиси Сүйүн Келдибаев менен маек.

Сүйүн Келдибаев - токсонунчу жылдары иш издеп келип, Красноярск крайына отурукташып калган миңдеген кыргызстандыктардын бири. Ал бүгүн Красноярск шаарындагы “Содружество” дүң соода базарынын администрация башчысы.

Сүйүн Келдибаев: Мен атадан төртүнчү уулмун. Кимисинин колунан келсе, ал улуу-кичүүгө карабайт экен. Мусулманчылыкта атасы кичине үйдө жашап атканда, баласынын чоң үйдө жашашы мүмкүн эмес деп уккам. Ошентип, атама үй салынып калган. Кийин айыл-апаны чакырып, тамак берип, атамдын колуна ачкычты карматканда ыйлап жиберген. Ал үй Красноярскиде жүргөн он жылдык мээнеттин үзүрү эле. Бул жерге келгенде деле ишибиз шыр жүрүп кеткен эмес. Тааныш жок, күтүп алган киши жок болуп, аябай эле кыйналганбыз.

“Азаттык”: Эмне үчүн Красноярскини тандап алдыңар эле?

Сүйүн Келдибаев: Токсонунчу жылдардын ортосунда, Кыргызстанда жумушсуздук күч алып турган маалда биринчи Бишкекке келгенбиз. Бир жашта балабыз бар. “Дордойдо” иштечүбүз. Келинчегимдин бир тааныштары Красноярскиден келип, дүңүнөн товар алып турчу. Үчүнчү ирет келгенде эле “биз барсак болобу?” деп сурасак “акчаңар кана?” дешти. Атамдын бир уюн сатып, ошонун акчасын иштетип жатабыз десек, жүргүлө анда, жол киреңерди мен төлөп берейин, барганда кутуласыңар” деди. Үч күн ичинде жыйналдык да, жөнөп кеттик.

Сүйүн Келдибаевдин экинчи кызы

Сүйүн Келдибаевдин экинчи кызы

Красноярскиге келсек кыргыздар аз экен, жыйырма чактыдай эле. Бизде бири-бирине боор тарткан жакшы сапат бар эмеспи, тааныбаган адамдарга эле кол созуп дегендей. Ал кезде базарда жыйырма сантиметрлик орун табыш азап эле. Таңынан туруп алып мен баштык көтөрөм, келинчегим базар кыдырып орун издейт. Анда үй алалы деген деле ниет жок, эптеп курсак тоюп, кийим бүтөлүп калса деген кезибиз.

Кудай берем десе берет экен, алты айдан кийин Кыргызстанга чөнтөгүбүз калың бардык. Баратканда эле туугандарга чалганбыз, Оштон эки бөлмө үй караштыргыла деп. Үй алдык. Анан жакындарга жардам берүүнү ойлондум. Окууну бүтүп, ишсиз жүргөн агаларым бар эле. Бирөөсүн алып кеттик. Анын иши жүрүшүп, кийин үй-бүлөсүн көчүрүп барды. Пайданы тең бөлүп иштеп калдык. Кайра Кыргызстанга барып, кийинки агамды алып келдим. Ага да Оштон бир бөлмөлүү квартира сатып бердим. Эми биротоло үйлөнтүп коюуну ойлондум. Атама кеңешсек “деги ага акчаңар барбы?” деп сурап жатпайбы. Агама келинчек алып, дүркүрөтө той бердик.

“Азаттык”: Байлык топтолдубу анан?

Сүйүн Келдибаев: Эми мен баймын деп айтпайм. Алардын катарына да кошулбайм. Мага атам “балам, сени канчалаган адамдар сыйлап жатышат. Ошол сый сенин байлыгың" деп айткан. Үй-жайым өзүмө жетерлик. Алдыда минген машинем бар. Ашыкча дүнүйө топтогон эмесмин.

“Азаттык”: Анан жаңы иштер башталды...

Эркин күрөш боюнча "Манас" кубогу үчүн таймаштын алдында, 31-август

Эркин күрөш боюнча "Манас" кубогу үчүн таймаштын алдында, 31-август

Сүйүн Келдибаев: Аңгыча сооданы чогуу баштаган орустар деле биздей беш-алты жашка чоңоюшту. Бир күнү алар “чоңдордон “крыша” таптык, жер алабыз, базар ачсак жардам бересиң” деп айтып калышты. Азыркы “Содружество” базары турган жер токой эле. Ал жерди тегиздеп, базар башташты. Анан аларда бул жерге кантип контейнер коюп, орундарды жайгаштырабыз деген суроо жаралды. Мен товарды таштап, үйгө бардым да, болочоктогу базардын чиймесин чийип, базардын жетекчисине алып барып бердим. Эртеси таң атпай эле чалышып, “деректирге жакты, контейнерлерди ушундай тартипте койобуз” дешти.

Он күн ичинде эле катарлар толуп, соода жүрө баштады. Көбүнчө четтен келген улуттар соода кылат - кыргыздар, тажиктер, кытайлар. Агама да контейнер алып бердим. Канат деген жигит экөөбүз чогуу соода кылчубуз. Кийин дагы бир жигитти жаныма алдым. Ошентип төрт кыргыз башкалардын арасынан бөлүнүп чыктык да, базардын административдик иштери бизге өттү.

“Азаттык”: Азыр базарда канча кыргыз иштейт?

Сүйүн Келдибаев: Биздин базарда кеминде 1000дей кыргыз бар.

“Азаттык”: Красноярскиде жашайт деген 11 миң кыргыздын калганы кайда иштейт?

Сүйүн Келдибаев: Алар шаар ичиндеги көптөгөн майда базарларда соода кылышат. Биздики дүң базар.

“Азаттык”: Бул жердегилердин басымдуу бөлүгү жаштар, 50 жашка чейинкилер окшойт?

Күрөштүн күйөрмандары

Күрөштүн күйөрмандары

Сүйүн Келдибаев: 50 жашка чейинкилер деле азыраак. Көпчүлүгү 30 менен 40тын ортосунда. Азыр эми 18-20 жашка чейинкилер көбөйдү. Көбү бул жакта туулган, мигранттардын балдары. Мисалы, менин келгениме эле 17 жыл болду, андагы бир жаштагы кызым бойго жетип калды.

“Азаттык”: Кызыңар өзүн кыргызстандыкмын деп эсептейби?

Сүйүн Келдибаев: Кыргызстанга кетебиз дешет. Бул жерде үч балам бар. Кетебиз деп эле турушат.

“Азаттык”: Эми кете аласыңарбы?

Сүйүн Келдибаев: Аны турмуш көргөзөт. Кетебиз дегенге эле 17 жыл болду. Кудай буюрган күнү барып калаарбыз.

“Азаттык”: Кыргыз жаштарынын уюму да иштейт турбайбы бул жерде?

Сүйүн Келдибаев: Мен администрацияга иштей баштаганда өкмөттүн өкүлчүлүгү жок болчу. Анан мага соодага тиешеси жок эле көйгөйлөр менен келгендер көбөйдү. Көбү жардам сурап келет. Иши жүрүшкөндөр кайрылбайт. Ошон үчүн телефон чалса эле жардам керек экенин билесиң.

Анан кыргыздар көбөйгөнү бөлүнө баштады, район, облус болуп. Анан аксакалдар кеңеши чогулуп, мага “биз бул жерде нан табалы деп жүрөбүз, жаштарга акыл айткан киши керек экен. Өзүң баштарын бириктирип бер, сенин тилиңди алышат” деп кайрылып калышты. Анан жаштарды байкап көрүп, чын эле ойлонуп калдым. “Кой, эл бар үчүн иштеп жатам, буларга жардам берейин" деп чечтим. Адегенде спорт зал ачтым да, жаштарга айттым “район-облус болгонду токтоткула, баарыбыз кыргызбыз, бир жерден келгенбиз. Ынтымактуу болуп, акысыз машыгып кеткиле” деп. “Машыктыруучуңардын акысын өзүм төлөйм, ага көнбөй эле мушташа берсеңер Кыргызстанга кетесиңер” дедим.

Эми ошол спорт залдын убайын көрүп, балдарыбыз күрөшкө чыгып, волейбол боюнча турнирлер өтүп жатат. Сибир боюнча 14 диаспора ичинде волейбол боюнча төрт жолу мелдеш болду, Красноярск шаары төрт жолу кубокту жеңип алдык. Алтынчы жолу былтыр бүткүл Орусия боюнча Урал-Сибир кубогу өттү. Анда да биздин команда биринчиликти алып келди. Мушташ боюнча да алдыңкы орунда келатышат. Бул деген сыймык да. 17 жылдан берки ишимдин үзүрү. Орустардын арасында да жүзүбүз жарык. Жаштар спорт менен алаксыбаса көчөгө чыгып чылым чегип, мушташып жолдон чыгат экен.

“Азаттык”: Силер баары бир Орусия жарандыгын алдыңар да. Сыртта жүргөн кыргыздар Кыргызстандын экономикасы үчүн инвестиция сала алабы? Бул жагын караштырдыңарбы?

Сүйүн Келдибаев: Караштырганбыз. 2006-жылы бул жердеги орустар менен иш ачалы деген аракет болгон. Ошол жылдары ушундай демилге көтөргөндөр көп болгон. 2008-2009-жылы жер издегенбиз. Ошол кезде Кыргызстанда үйүн жакшы салса эле, чотур сурап, “положенец” дегени айыл-кыштактарды бирден көзөмөлдөгөнү мода болуп кеткен. Ошол себептүү, эртең “салык” төлө десе орустарга уят болбоюн деп, ал оюман кайткам. Өкмөттүн казынасына түшчү салык болсо бир жөн, өкмөттүн байыганы - биздин байыганыбыз. Бирок жанагы көрүнүш көп бизнесменди артка кайтарды да.

“Азаттык”: Азыр аны жандантуу ою барбы эми?

Сүйүн Келдибаев: Андан бери деле төрт-беш жыл өтүп кетти. Үйдө отуруп, КТРди, ЭЛТРди көрөбүз. Дагы деле Кыргызстан тынч эмес. Салган акчасы күйүп кеткен бизнесмендер жүрөт. Аны көргөндө стабилдүүлүк болсун, күтө туралы дейт экенсиң.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG