Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Полиция бөлүмүндө өчкөн өмүр


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандык 37 жаштагы Эдил Касымов Москванын четиндеги Одинцоводо полициянын бөлүмүндө 4-январда каза тапкан. Маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып кетүүдөн мурда мигранттын полиция бөлүмүндөгү өлүмүн териштирүүнү суранышууда.

Эки баласы менен жесир калган Зульфия жолдошу менен Москвага бир жыл мурун келген. Бири шаарда, экинчиси шаар четинде иштегендиктен Зульфия күйөөсүнүн каза болгонун Кыргызстандан туугандар менен байланышканда гана уккан.

- Он жылдан бери чогуу жашайбыз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Мен шаарда ашпозчу болуп иштейм, ал Москванын алдында курулушта иштечү. Телефонумду жоготуп алып, акыркы айларда байланыша албай жаткам. Өлгөнүнө бир топ күн болуп кетиптир, мен эки күн мурун эле уктум. Көчөдө калып өлгөн жок, уруп-тепкилеп өлтүрүп коюшуптур. Ал иччү эмес, намаз окучу.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Маркум менен бирге иштеген Абай Акимбаев жаңы жыл алдында курулуш токтоп, кыштын кыраан чилдесинде көчөдө калышканын айтат. Көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде түнөп жүргөн мигранттар полиция кызматкерлери тарабынан бир нече жолу камакка алынып, төртүнчү жолкусунда Эдил Одинцовонун Успенский полиция бөлүмүндө каза тапкан. Абайдын айтымында, полиция бөлүмдөрүндө күзөтчүлөр тарабынан ур-тепкилер болгон.

- 28-29-декабрда курулуш токтоп, башка объектиге барганбыз. Ал жакта дагы иш жок, төрт күн вагондо жатып, 15-январдан кийин келгиле деп чыгарып жиберишкен. Анан шаарды деле, метрону деле билбейбиз. Ошентип, көчөдө калдык. Подъездерге кирип түнөчүбүз. Суукка чыдабай ичип койчубуз. Полиция келип салып кетчү. Мен аны сабашканын көргөнүм жок. Бирок, ал өзү “жонум ооруп жатат, катуу сабап коюшкан экен” деп акыркы күнү арызданып калган. Менин болсо көзүм көгала, көкүрөк тушум ооруп жатат, бутуман аксап жүрөм. Чыкканда кайра эле башка подъезддерге барып түнөп жаттык. Акыркы жолкусунда кармаганда, аны биринчи алып кетишкен. Мени алып барышканда, ал уктап жаткан болчу. Түн ичинде кырылдап жаткан. Тез жардам келип, нашатыр спирти менен тургуза албай кетип калышкан. Эртең менен турбай калды.

Мамлекеттик миграция агенттигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Марлес Шаршеев учурда Одинцоводогу прокуратурага кыргызстандык мигранттын өлүмүн териштирүү боюнча арыз жазылганын айтат. Ал эми маркумдун сөөгү тийиштүү экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин мекенине жөнөтүлмөкчү.

- Прокуратурага Акимбаевдин атынан арыз жазылды. Мыйзам чегинде карап чыгабыз дешти. Жообун элчиликке жөнөтүшөт. Негизи туугандары кайрылышты, “полиция бөлүмүндө каза болуптур, териштирип бергиле” деп. Эми прокуратурада өздөрүнүн процедуралары боюнча карап чыгышат. Азырынча канча убакытта аныкталып, такталарын айта албайбыз.

Жылына Орусиядан Кыргызстанга ар кандай себептерден улам каза тапкан 300дөн ашуун мигранттын сөөгү жөнөтүлөт, алардын дээрлик жарымы Москва шаары жана Москва облусуна туура келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG