Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Мигрантка кол салгандар жазасын ала элек


Мелис Асанов
Мелис Асанов

Кыргызстандык Мелис Асановго жана Кайратбек Курмушевге 12-апрелде Москванын метросунда улутчул маанайдагы топ кол салган. Мелис Асанов тергөө иштери бүтпөй, сот баштала электигин “Азаттыкка” билдирди.

29 жаштагы Мелис Орусияда 2010-жылдан бери жашайт. Екатеринбург шаарында ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп, түзүгүрөөк эмгек акы издеп, Москвага көчүп келген.

"Кафеде ашпозчу болуп иштечүмүн. Шеригим менен түнкү 12лер чамасында жумуштан чыгып, үйгө баратканбыз. Метрого түшүп, вагонго киргенде эле топ балдар-кыздардын отурганын көрдүк. Алардын көз караштарынан эле бир нерсени байкагам. Алардан алысыраак өтүп, вагондун аягына барып отурдук. Бир маалда арасынан бир бала биз жакка басып келип, саат канча болгонун сурады. Кайратбек жооп бергиче эле чөнтөгүнөн газ баллон алып чыгып көзүнө чачты. Мен бетимди жапканга үлгүрүп калдым. Өзүмдү жана Кайратбекти коргоюн дегенде эле башка-көзгө ургулап, эки-үч жолу тээп калды. Аңгыча вагон ачылып, бир топ бала чуркап кирип эле бизди тепкилей баштады. Шеригимдин көзү көрбөй калгандыктан, алар көптөп кеткендиктен эч нерсе кыла албай калдык. Кудай сактады" дейт Мелис Асанов.

Бул окуя тасмага түшүп калып, интернетке жайылып кеткен. Анда вагондун ичинде кыргызстандык мигранттардан тышкары башка да жүргүнчүлөрдү көрүүгө болот. Бирок эч кимиси жардам берүүгө ашыккан эмес.

"Мен көптөн бери орустар менен иштейм. Бардыгын улутчул деп айтууга болбойт. Ошол маалда алар өз коопсуздугу үчүн коркушту деп ойлойм. Биз вагондон чыккандан кийин полиция кызматкерлерин таба албай бир топ жүрдүк. Акыры тапканда болгон окуяны айтып, арыз жаздык. Бизге полиция кызматкерлери “аларды табабыз” деп сөз беришкен эле. Бир аптанын ичинде табышты. Мен ишенгем эмесмин. Балким, видео таркап кеткендиктен ушундай болдубу, ким билет" деп кошумчалады Мелис Асанов.

Кылмыш иш боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги төрт киши камакка алынганын билдирген. Алардын айрымдары 18ге толо элек өспүрүмдөр экени аныкталган.

"Ошондон бери тергөөгө ары-бери сүйрөп жүрүштү. Алар менен көздөштүрүштү. Экөө кечирим сураса, бирөө үн каткан жок. Дагы бирөө жашы жете электигине байланыштуу үй камагында экен. Бирок ушул күнгө чейин тергөө иши бүтпөй, сот боло элек. Мен өзүм андан бери иштей элекмин. Азыр эми Кыргызстанга кетейин деп жатам. Башым ооруйт, катуу залака тийген окшойт. Доктурга деле көрүнгөнүм жок, акча жагынан тартыш болду. Компенсация төлөнөт дешкен. Бирок, сот болмоюнча ал нерсе деле чечилбейт окшойт. Москвада жүргөндө да эки жагымды карап, метродон качып калдым. Екатеринбургда мындай эмес. Бул жакта бир гана орустар эмес, бардыгы эле башкача" дейт Асанов.

Жыл башында апрель-май айларында Москвада такырбаштар борбор азиялык мигранттарга бир нече жолу кол салышкан.

“Белый вагон” деп аталган улутчул маанайдагы акция өтүп, метролордо кол салуулар болуп жатканын орусиялык басма сөз каражаттары да жазып чыккан.

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында абдан күчөп кеткен. Соңку учурда деле чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганын интернетке жарыяланган видеолор, кабарлардан улам байкоого болот.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG