Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Бельянинов Бажы биримдигине чакырды


Бажы биримдигине Беларус, Орусия, Казакстан мүчө
Бажы биримдигине Беларус, Орусия, Казакстан мүчө

13-февралда Кыргызстанга Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов келди. Ал өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, энергетикалык тармакта кызматташуу жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан менен Орусия кеңири масштабдагы келишимдерге өткөн жылы сентябрь айында жетишкен. Ал келишимдерге ылайык, эки тарап Жогорку Нарында төрт ГЭС, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан. Андан сырткары Орусиянын Кыргызстандагы аскердик базаларын бириктирүү, Кыргызстандын карыздарын кечүү макулдашылган.

Мына ушул келишимдердин ичинен Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей турганы Бишкекте көбүрөөк козголо баштады.

Бул маселени оппозиция эле эмес, президенттин жакын өнөктөшү делген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да көтөрүүдө. Натыйжада Камбар-Ата боюнча келишимди парламентте ратификациялоо кечеңдеп жатат. Муну энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов да мойнуна алып турат.

Бажы биримдиги тууралуу карикатуралардын бири
Бажы биримдиги тууралуу карикатуралардын бири
Коомчулуктагы күмөндү жоюу үчүн депутаттар Камбар-Ата боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү 19-февралга белгилешти.

Андрей Бельянинов башында турган орус делегациясын дал ушул маселе көбүрөөк тынчсыздандыргандай. Ошондуктан Бельяниновдун төмөнкү сөзү “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей болду:

- Биздин кыргыз кесиптештерибиз сентябрда жетишкен келишимдерди ратификациялоону тездетүүнү суранышкан. Биз өкмөттүн алдына аны тездетүү боюнча маселени койобуз. Бул - Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимдер.

Бельянинов ошондой эле март айынан тарта Кыргызстан экспортерлору үчүн Орусияга “жашыл коридор” ачыларын кошумчалады.

Кыргыз-орус мамилесиндеги урунтуу маселелердин бири - Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү. “Жашыл коридор” Бажы биримдигинин артыкчылыгын Кыргызстанга көрсөтүп, аны чечкиндүү кадам таштоого шердентиш керектей.

Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан энергетикалык келишимдерди алдыга жылдырууга кызыкдар экенин Бельянинов менен жолугушууда тастыктады. Ал ошондой эле март айында Москвага боло турган сапарында “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча келишимге кол коюуга үмүтү бар экенин билдирди:

- Биздин Москвага сапарыбыз учурунда “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча келишимге кол койобуз деп үмүттөнөм.

Жантөрө Сатыбалдиевдин марттагы Москвага сапары учурунда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны да өткөрүлөт. Анда Кыргызстандын чек арасын бекемдөө эң орчун маселелердин бири болот дейт Бельянинов. Анткени Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен жалпы Бажы биримдигинин чек арасын коргоо, уюмга кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгына доо кетирбөө негизги маселелерден деп кошумчалады орус делегациясынын башчысы.

Москва Кыргызстан ушул жылы эле Бажы биримдигине кирсе деп турат.

Кыргыз бийлиги да быйылкы жылы толук даярдыкты көрүп, келерки жылдан баштап Бажы биримдигинде болууну пландаштырып жаткан. Бирок кыргыз өкмөтү үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди парламентте ратификациядан өткөрүү жана Бажы биримдигине кирүү үчүн чечимди кабыл алуу жеңил эмес.

Анткени кыргыз коомчулугунда бул эки орчун маселе боюнча бир жактуу пикир жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG