Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Өткөн жылы Сапаргүлдүн чуулуу окуясынан кийин Москвадагы кыргыз кыздардын жүрүм-туруму өзгөрдү, ага жараша, эркек жердештеринин да мамилеси өзгөрдү деген пикирлер бар. Чыныгы абал кандай?

2012-жылдын февраль айынан тарта Орусияда башка улут өкүлдөрү менен жүрүп алат деп намыстанган кыргыз жигиттер мекендеш кыздарын кордогон видеолор интернетте жайылганы белгилүү.

Алгач он беш чакты эркектин курчоосунда жылаңачталып, ур-соккуга дуушар болгон Сапаргүлдүн окуясы жумурай журттун үрөйүн учурса, кийин андай кордоо тасмалары интернетте тополоң чыгарган эле.

Минтип кордолгон Сапаргүл өзү да жарма патриоттордун “тарбиялоо жараянына” туш болбогонун учурунда билбегенин кийинчерээк “Азаттыкка” курган маегинде айтканы бар:

- Мени уруп-сабап атканда алар мага “башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыргыздын кыздарын өлтүрүп, жок кылып салып атабыз, азыр сени да суракка алып бүткөндөн кийин, өлтүрүп ыргытып жиберебиз” деп айтышкан. Мен “патриот” деген сөздү, ошондой өздөрүн “патриотпуз” деген уюм бар экенин кийинки тасмалардан уктум.

Бул кордоп мазактоо фактылары боюнча тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгоп, кылмышка шектүү жигиттер издөөгө алынып, айрымдары кармалышкан. Бирок ал жөнүндө сөз башка.

Бул жолу ошол тасмалар бир жылдан кийин кыргыз мигранттарынын жүрүм-турумуна канча таасир эткенине кызыктык. Бул суроону Москвада жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык кыз-жигиттердин өздөрүнө, Орусия борборунда иш алып барган жарандык коомдун өкүлдөрүнө узаттык.

Москва шаарындагы “Айкөл Манас” спорт клубунун президенти Нургазы Амиракулов “Сапаргүлдүн окуясы” кээ бир кыздарга сабак болду деп эсептейт:

- Медалдын эки жагы бар сыяктуу эле, ал тасмалардын кыргыз кыздарынын жүрүм-турумуна жакшы таасири да тийди. Мен өзүм жеке кээ бир кыздардын “биз коркуп калдык, балдар кыздарды жазалап жатканынан улам кафелерге да барбай калдык. Ушундай патриот балдар бар экен, жөн эле сүйлөшүп койсоң да кармап кетишет экен” деген чочулоолорун уккам.

Бойго жете элек кыздарды Кыргызстандан сыртка ата-энесинин коштоосунда гана чыгаруу керек, же болбосо аларды сыртка чыгууга тыюу салуу зарыл дейт Амиракулов:

- Биздин каныбызда болсо керек, кыргыздар анча-мынча жакшы сөзгө көнбөйбүз. Бул жерден кээ бир кыздарга “ичимдик ичпе, тамеки тартпа, сен болочоктогу энесиң” деп айтсаң, “ишиң болбосун” деп каяша айтышат. Ошондуктан он сегиз жашка чейинки кыздарды ата-энесинин коштоосусуз сыртка чыгарбоо керек. Бизде деле эне, эже, карындаш, кыз бар. Алардын келечеги да тынчсыздандырбай койбойт, ошол үчүн эсибиз барда этегибизди жабышыбыз керек.

Дагы бир кыргызстандык жаран Жалалдин Оболбеков Сапаргүлдүн сабагы тетирисинче сырттагы кыз-келиндерге коркуу сезимин алып келди деген ойдо:

- Менин жеке оюм боюнча ал тасмалар кыздарга коркунуч алып келгенден башка эч кандай пайда берген жок. Кыздар көчөдө жүргөндө башка улуттун өкүлдөрү жанына туруп калса, ошол жерден качып кетүүгө аракет кыла башташты. Ал эми чынында туура эмес жолдо жүргөндөр ошол боюнча эле жүрүшөт. Ачыгын айтсам Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык кыздарды жүрүм-туруму начар деп күнөөлөй берүү туура эмес. Биздин кыздардын көпчүлүгү өздөрүн адептүү, ыймандуу, тарбиялуу алып жүрүшөт, алар баш көтөрбөй иштешет.
Эгер ары жагынан начар болсо, аны эч кандай тарбия оң жолго сала албайт.

Мекендеш кыздарды оң жолго салабыз деген жарма патриот эркектердин аракети айыптоого татыктуу деген пикирди Жазгүл аттуу маектешибиз ортого салды:

- Кудайга шүгүр, азыркы убакта ошентип “тарбиялап атыптыр” деген сөздөр азайып калды. Мен аны тарбия деп эсептебейт элем. Кыздардын өзүнөн көз каранды баары, эгер кыз өзүнө бекем турса, ага эч ким тийише албайт. Эгер ары жагынан начар болсо, аны эч кандай тарбия оң жолго сала албайт.

Жазгүлдүн пикиринде, кыздар кыйынчылыктан улам ушундай жолго барып жатышат. Андай эле кыздарга күйсө, ал жигиттер аларды ар кандай кыйынчылыктан калкалабайбы деп суроо салат Жазгүл:

- Ошол кыздар кимдир бирөөлөргө ишенип келишет. Бул жерде бири-бирине каралашуу, күйүү бар, жок эмес, бирок иштегиси келбесе, көчөдө калуу опоңой эле. Ошондуктан ишенгени карабай койгон кыздар айла жок ачка калгандыктан тажик же башка улуттардын жигиттерине көз каранды болуп калышат.

Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамиля Бегиева миграция – запкы жеген кыз-келиндердин гана эмес, бүтүндөй жаштар муунунун трагедиясы деп эсептейт:

- Ошол эле Сапаргүл үч уулдун энеси, кадырлуу үй-бүлөнүн кызы экен. Аны ар кандай жолдор менен кордогон жанагы жигиттердин жосунсуз жоругунан кийин ал кайра кантип элдин бетин карайт? Бул жарма патриоттордун кылганы жалгыз Сапаргүлдү эле эмес, бүт кыргыз элин жер караткан өтө орунсуз, адам колунан келбөөчү, дити барбоочу иш.

Москвада кезиккен кыздар менен сүйлөшө келсең, көпчүлүгү башында эжеси, агасы же башка тууганы менен келгенин, кийинчерээк алардан бөлүнүп, өз алдынча жашап-иштөөгө өткөнүн айтышат. Дээрлик бардыгы 12 сааттан кем иштебейт, айрымдары түнкү нөөмөттө бир жумушта иштеп, күндүзү 2-3 саат эс алып, кайра эле үй жыйнамай, терезе жуумай сыяктуу утурумдук жумуштарда да иштешет.

Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий маалыматы боюнча өткөн жылы өлкөгө сыртта жүргөн мигранттар дээрдик 1,5 млрд. доллар которушкан. Анын басымдуу бөлүгү - Орусияда иштеп жүргөн кыз-келиндердин азап менен менен тапкан акчасы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG