Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Кыргызстандын Орусияга жылына 200 миң тонна жашылча-жемиш жана 50 миң тонна эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз өкмөтү ушул аптада Орусияга азык-түлүк, жашылча-жемиш экспорттоо боюнча өз сунушу менен чыкканы турат. Бирок эксперттердин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирмейинче, Орусияга азык-түлүк экспорттой алышы күмөн. Президент Алмазбек Атамбаев болсо, Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Бажы биримдигине тезинен кирүүгө кызыкдар экенин дагы кайталады.

Кыргызстандын орус базарына кирүү үмүтү

Орус өкмөтү Батыш мамлекеттеринен азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди импорттого тыюу салганы бул боштукту башка өлкөлөр менен катар Кыргызстан да толтурууга кызыкдар болууда. Орусиянын Айыл чарба министрлиги да Кыргызстанды жашылча-жемиш импорттолушу мүмкүн болгон мамлекеттердин катарына кошту. Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, кыргыз өкмөтү 15-августта Бирдиктүү экономикалык аймактын отурумунда буга байланыштуу атайын сунуш менен чыкканы турат.

- 15-августта Москвада вице-премьер-министрлердин деңгээлинде Бирдиктүү экономикалык аймактын кеңеши болот. Ушул кеңеште бизге да сөз берилет. Анда биз Кыргызстандын продукциялары Орусиянын жана Бажы биримдигине мүчө башка мамлекеттердин чек араларынан өтсүн, ал жактарда сатылсын деген сунуш менен чыгабыз.

Данил Ибраевдин оюнча, Кыргызстан элинин 70 пайызы айыл чарбасы менен алектенет. Андыктан, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк жана жер-жемиштердин Орусия базарына чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар.

Айыл чарба министрлиги да эсеп-чотун жасап, Орусияга экспорттоого мүмкүн болгон азык-түлүк товарлардын тизмесин түзүп турган чагы. Аталган министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын башчысы Асылбек Жумабеков:

- Кыргызстан Орусияга 200 миң тоннага жакын жашылча-жемиш сата алат. Бул деген помидор, картошка, сабиз, капуста, алма-өрүк жана башкалар. Ошондой эле 50 миң тоннага жакын эт продукцияларын экспорттосок болот,- дейт.

Колду байлаган Бажы биримдиги

Бирок Кыргыз өкмөтүнүн Орусияга азык-түлүк товарларын экспорттоо үмүтү Бажы биримдигине же Бирдиктүү экономикалык аймакка толук мүчө болуп кирмейинче ишке ашчудай эмес. Бирдиктүү экономикалык аймактын Интеграция жана макроэкономика департаментинин жетекчиси Татьяна Валоваянын пикиринде, буга Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербегендиги башкы себеп. Валовая бул пикирин 11-августта Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын талкуулаган 12-отурумда билдирди:

- Санкцияларга байланыштуу Орусия базарында эч кандай дефицит болбойт. Биздин орусиялык өндүрүүчүлөр, жакынкы шериктерибиз, анын ичинде Кыргызстан алардын ордун толтура алат деп ойлойм. Бул өзүнүн жашылча-жемиши, эт, сүт азыктары менен даңаза болгон кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жасалып жаткан иштер кыргыз продукцияларын Орусиянын, анын ичинде Казакстандын жана Орусиянын базарына сатылуусуна шарт түзөт.

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенче кыргыз товарларын сатуу үчүн Орусия, Беларус, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан кирген Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмунун мыйзамдык нормаларын колдоно туруу сунушу менен чыгууда. Бирок ал Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык аймакты түзгөн Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери тарабынан кандай кабыл алынары азырынча белгисиз.

Бажы биримдигине киргиси келген президент

Ал ортодо 11-августта президент Алмазбек Атамбаев Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан мүмкүн болушунча Бажы биримдигине тез арада кирүүгө кызыкдар экенин дагы бир ирет кайталады.

- Албетте, мен буга чейин да айткандай, ушул жылдын акырына чейин Бажы биримдигине кирүүнү каалайт элек. Эгер бул эки тараптуу каалоо жана чыныгы колдоо болсо... Кыргызстан азыр бул жаатта катуу иштеп жатат.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусунан кийин Орусия Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 500 млн. доллар бермей болгонун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча 181 пункттан турган жол картасы кабыл алынган. 11-августта Бишкектеги Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин талкуулаган жыйында анын 5 пункту гана толук аткарылганы айтылды. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге чейин жол картанын 101 пункту ишке ашырылууга тийиш, калганы андан кийин бир жыл аралыгында аткарылышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG