Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Орусия мигранттарга талабын күчөттү


Орусиядагы кыргыз мигранты. «Чөп чабык» (Орусия, Екатеринбург шаары). 2012-жыл.

Орусиядагы кыргыз мигранты. «Чөп чабык» (Орусия, Екатеринбург шаары). 2012-жыл.

Орусиянын "Чет элдик жарандар" жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эми бул өлкөгө иштегени келгендер максатын так көрсөтүшү керек.

Эгер маселен, миграциялык картага “жумуш” деп жазылбай калган болсо, ал жаран Орусияга киргенден кийин иш таба албайт. Ал ортодо кыргыз бийликтери өз атуулдарын Орусиянын кара тизмесинен чыгаруу аракетин көрүүдө. Бирок ушу тапта андан 9 гана кыргызстандык чыккан.

Мигранттарга карата жаңы эреже июль айынын соңунда киргизилген. Учурда бул боюнча көптөрү толук кабардар эмес. Буга байланыштуу орус бийликтери кыргыз төбөлдөрү менен биргеликте Бишкекте расмий түшүндүрмө берди.

Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филиппов журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде мындай деди:

-“Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы” жөнүндөгү мыйзамга ушул жылдын 22-июлунда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Орусия Федерациясына иштейм деп бараткан киши, миграциялык картага кирүү максатын сөзсүз түрдө “жумуш” деп белгилеши керек. Мурда “жеке”, “конок”, “туризм” деп тандап келип, анан Орусияда ишке кирип, калып келгендер болгон. Аларга биздин миграциялык кызмат да иштөөгө уруксат берип келген. Эми андай болбойт. Сырттан кирген жаран эгер “жумуш" деген бөлүктү тандабаса, ага ал жакта иштөөгө уруксат берилбейт.

Орусия, Москва. 2012-жыл.

Орусия, Москва. 2012-жыл.

Маалым болгондой, Орусияга кирүүдө орус тилинен тест тапшыруу 2-3 ай мурдараак киргизилген. Сентябрдан баштап мигранттар Орусиянын мыйзамдары жана тарыхы боюнча экзамен тапшырууга тийиш.

Бирок айрымдар соңку кырдаалдарга байланыштуу Орусия бул аракеттерди жакын арада кайрадан жумшартат дешет. Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Руслан Эшимов 2015-жылы кара тизме да жоюлуп кетиши мүмкүн деген үмүттө:

- Евросоюз менен АКШнын Орусияга киргизген санкцияларына каршы Орус Федерациясы да санкция жарыялады. Дагы санкцияларды даярдап жатышат. Азыркысында 7-8 өлкөдөн келчү жашылча-жемиш жана башка айыл чарба продукциялары киргизилбей турган болду. Анын ордун толтуруу үчүн Орусия өзүнүн ичиндеги айыл чарбасын өнүктүрүүсү керек. Аны өндүрүү үчүн кеминде 35 миллиондой жумушчу керек. 5 миллиону жергиликтүү элден чыккан күндө деле, дагы 30 миллион мигранттын күчүнө муктаж болушат. Буга байланышуу мигранттарга карата киргизилген эрежелерди жеңилдетип же көз жуумп коюшат. Керек болсо Бажы союзуна киргенден кийин Кыргызстан үчүн кара тизмени жоюп салат. Башка өлкөлөргө жойбосо дагы кыргыз мигранттары үчүн кара тизме алынат деп ишенем.

Орусиядагы кыргыз мигранттары. Сахалин, 2013-жыл.

Орусиядагы кыргыз мигранттары. Сахалин, 2013-жыл.

Ал ортодо кыргыз бийликтери Орусияда кара тизмеге кирген кыргызстандык мигранттардын саны 60 миңден ашканын айтууда. Аларды бул тизмеден чыгаруу боюнча сүйлөшүү аракеттеринен азырынча жыйынтык азыраак. Бишкектин кийлигишүүсү менен азырга чейин болгону 9 киши кара тизмеден чыккан.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев буларга токтолду:

- Чынында жардам сурап кайрылган Кыргызстандын жарандары аябай көп. Бирок биз биринчи кайрылган 100 кишинин тизмесин Орусиянын Федералдык миграция кызматына бердик. Алар азыр тизмени карап жатышат. Биринчи жолу 9 адамдын кара тизмеден чыгарууга жетиштик. Кара тизмеден негизинен 3 категориядагы адамдар чыгышы мүмкүн. Биринчиси - Орусияда окуп жаткан студенттер. Экинчиси - ошол жакта үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү калган кишилер, маселен аялы Москвада жүрөт, бирок өзү кара тизмеге кирип калган мигранттар. Үчүнчү категория - ал жакта атайын келишим менен иштеп жаткан жогорку квалификацияга ээ адистер. Булардын ичинен да кичинекей административдик эрежелерди бузгандар гана чыгарылышы мүмкүн.

Орусиядагы кыргыз мигранты. Москва, 2013-жыл.

Орусиядагы кыргыз мигранты. Москва, 2013-жыл.

Бекмурзаев муну менен катар эле аталган министрлик алдында Паспорттук виза кызматы уюшулганын билдирди. Орусияга кетип жаткан кыргызстандыктар ал жакта иштөө үчүн патентти ушул жерден 8800 рублга алса болот. Бул борбор аймактарда да уюштурулушу мүмкүн.

Канткен менен кара тизмеге кирип, Орусияга кете албай калган кыргызстандыктар элетте жумушу жок колоктоп калышты. Мурда ээн калган айрым айылдарда жаштардын саны кадимкидей көбөйүп калганын байкоого болот. Ошондойлордун бири өзгөндүк Курманбек Сатибаев:

- Мен былтыр 8 ай Москвада иштеп келгем. Ал жерде кенебестик кылып жүрө берип, миграциялык мөөнөтүм өтүп кетиптир. Анан Орусиянын Миграция кызматы кара тизмеге киргизип салыптыр. Мен Кыргызстанга келип, кайра кетейин десем, "ал жакка бара албайсың" дешти. Кара тизмеден чыгуу такыр мүмкүн эмес экен. Азыр Бишкекте аз айлыкка иштеп, эптеп тирилик кылып жүрөм. Айылда жумуш жок. Мен эле эмес канчадан бери көрбөгөн достор, жаштар бүт эле кайтып келип, бош жүрүшөт.

Расмий эсепте 700 миңдей кыргызстандык чет өлкөдө. Алардын 570 миңге жакыны Орусияда, 85 миң кыргыз жараны Казакстанда, 30 миңге жакыны алыскы чет өлкөлөрдө. Расмий эмес булактарда чет жакта жүргөн кыргызстандыктар миллиондон ашуун экени айтылат.

Учурда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу жарандарды ишке орноштуруу борбору атайын келишимдерге ылайык, Орусия жана Казакстанга эки миңден ашуун жумушчуну жөнөткөнү турат. Алар негизинен курулушчулар, тигүүчүлөр жана электровоз-тепловоз айдоочусу сыяктуу кесип ээлери болот.

Бир ай мурда кыргыз өкмөтү миграция боюнча жаңы стратегия иштеп чыгаарын жарыялаган. Анда мигранттарды колдоо эле эмес, алардын башын бириктирип, мамлекеттик органдар менен кызматташуу жолдору көрсөтүлмөкчү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG