Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Демократияны эңсеген, издеген Сатыбалды Жээнбеков


Сатыбалды Жээнбеков (90-жылдарда тартылган сүрөт, үй-бүлөлүк архивден.)
Сатыбалды Жээнбеков (90-жылдарда тартылган сүрөт, үй-бүлөлүк архивден.)

1991-жылы Кыргызстандын башкалардан озунуп эртерээк эгемендикке жетишине ошол кездеги Мамлекеттик телерадиокомитетти жетектеген Сатыбалды Жээнбековдун салымы чоң болгон.

Ал мындан 20 жыл мурда Москвада Советтер Союзун сактап калуу үчүн уюштурулган ГКЧПга каршы пикирин билдирип, демократияны ачыктан ачык эле колдоп чыккан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгондо да Кыргызстанда демократиялык жараяндын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон. Маркум Сатыбалды Жээнбековдун ишмердүүлүгү тууралуу жубайы Фатима Арипова жана иниси, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчи орун басары Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка” эскеришти.

Жусупжан Жээнбеков: Агам демократия деп жүрүп өтүп кетти

Жусупжан Жээнбеков
- Агаңыз Сатыбалды Жээнбеков мындан 20 жыл мурдагы окуяларда, ГКЧПнын тушунда өтө чечкиндүүлүк көрсөткөн. Ошол кезди сүрөттөп берсеңиз?

- Ошол күн бүгүнкү күнгө чейин менин көз алдымда турат. 1991-жылы 19-августта мен агам менен түздөн-түз байланышып турганмын. Мен ал учурда эмне болуп кетет деп Жалал-Абаддагы иш бөлмөмдөгү телефондун жанында бир сутка жылбай отургам. Эгерде ошол күндөрү Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүн жоготкондо, сөзсүз түрдө 1937-жылдардагыдай респрессия болмок. Алар атылмак. Муну мен акем менен сүйлөшкөндө билим отургам.

ГКЧП түзүлгөн күнү мен агам менен сүйлөшсөм, ал ишке кетип бараткан экен. Машинасы жүрбөй атып, жумушка келсе, Акаев чакыртыптыр. Акаевге барса, Шеримкулов, Кулов болуп үчөө отурган экен. Бул менин агамдын айтып берген сөзү. "Эмне кылабыз?" деп отурушкан экен. Ошол учурда "Аскар Акаев кеңири түздөн-түз буйрук бере албады" дейт. Шеримкулов гана ГКЧПны колдобошубуз керек деп айтып чыгыптыр.

Сатыбалды Жээнбеков иш үстүндө
- Ошол учурда Сатыбалды Жээнбеков бир катар маалыматтарды сыналгы аркылуу коркпостон берип турган. Ошол учурда кимдир бирөөдөн уруксат алган бекен же бул өзүнүн жеке чечими болгонбу?

- Ошол учурда көргөзөсүң же көргөзбөйсүң деген түздөн түз буйрук болбоптур да. Ошондо Сатыбалды агам эмне кылышты ойлонуп, Дооронбек Садырбаевге телефон чалыптыр. “Доке, эмне кылам? Бул жактан түздөн түз буйрук болбоду”, - деп сураганда, Садырбаев: “Башта бир өлүм, бала-бакыраңды этият кыл. Мен машине даярдап койдум. Каякка алып барайын”, - деп сураптыр. Сатыбалды агам бала-бакырасын Жалал-Абадга жеткирүүнү суранган экен.


Маркум Сатыбалды Жээнбековдун ырчылык өнөрү да бар эле. Анын аткаруусундагы "Энекем" деген ырды бул жерден угуңуз.



Ошол тапта Орто Азия боюнча бир гана Кыргызстандын сыналгысы иштеп турду. Башка бир дагы сыналгы канал иштеген жок. Бир гана Кыргызстандын сыналгысы аркылуу окуяларды Сатыбалды Жээнбеков көргөзүп турду. Өмүрү өткүчө агам демократия деп жүрүп өттү. Бир тууганы катары айтаарым, кыргыз телевидениеси азыр агамды эч бир эстеп, эскерип койбойт.

Сатыбалды Жээнбеков (солдо)
- Агаңыз Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки демократияга кандай баасын берип жүрдү?

- 90-жылдары менин агам жаш болсо дагы, демократиянын эмне экенин, Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы эмне экенин түшүнгөн экен. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болгон жылы мага айткан сөзү бар. Ошондо “Жусуп иним, биз демократияны жоготтук окшойт. Кандайдыр бир башка жолго түшүп алдык”, - деди. Анан мен эмнени жоготконубузду деп сурасам, “Карызыбыз 1 жарым миллиар доллардан ашып кетти. Бул акча кайда кеткени белгисиз болуп жатпайбы? СССРден калган бардык нерсени талкалап жок кылып жатабыз. Биз жылдан жылга көз каранды болуп баратабыз. Бул улана берсе, биз демократияны жок кылабыз”, - деген. Өмүрү кыска экен, тилекке каршы өтүп кетти.


Фатима Арипова: Сатыбалды ГКЧПга катуу каршы чыккан

Фатима Арипова - Сатыбалды Жээнбековдун жубайы
- Фатима айым, Сатыбалды Жээнбеков кандай адамдык сапаттарга эгедер эле? Ишмердүүлүгү тууралуу кеп салып берсеңиз.

- Сатыбалдынын адамгерчилиги өтө жогору болчу. Аны бирге жашап жүргөндө деле билчүмүн. Азыр ойлосом абдан эле адамдык сапаты жогору экен. Боорукер болчу. Көбүнчө эле жумушка аябай берилип иштечү.


Сатыбалды Жээнбековдун аткаруусундагы "Не все то золото" аттуу ыр



1982-жылдары Сузакта мектепте иштеп, андан кийин сынактан өтүп кетип, шаардагы радиого жумушка чыкты. Андан кийин телевидениеге иштеп баштады. Андан соң профкомдун төрагасы болуп иштеди. 1991-жылдары мамлекеттик телерадиокомитеттин төрагасы болуп эмгектенди. Андан соң депутат болду.

Сатыбалды Жээнбеков иш үстүндө
- Сыналгыны жетектеп тургандагы ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз? ГКЧП түзүлгөн учурду кантип эскересиз?

- Чындыгында телевидениеде жүргөндө баш-оту менен эле иштеди. Телевидениени реформа кылам деп эмгектенди. Ал эми ГКЧП убагында салымы чоң болгон. Ошол убакта эч бир жактан айтылбай, Кыргызстандын сыналгысы эле маалымат берип турган. Ал учурда бизди башка жакка кетирип, Сатыбалды түнү-күнү иштеген. Ошол учурда Сатыбалды “Мен үйгө келбей калышым мүмкүн. Балким мени соттоп жибериши ыктымал”, - деп кооптонуп айтканы бар. “Эгер ал убакта маселе башкача чечилип калса, соттолуп кетмекмин. Бул дүйнө менен кош айтышып кетмекмин”, - деп кийин айтып берди. Ошол учурда, ГКЧП маалында алгачкы сапта Сатыбалды турду да. Тилекке каршы азыр эч ким айтпайт. Өткөндө айтып эскеришеби десек, эч ким айткан жок. Билбейм, унутуп калышты го.

- Сатыбалды Жээнбеков эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары да бийликке сын-пикирлерин айтып жүрдү. Буга эмне түрткү болду?

- Оппозиционер болуп, Акаевдин реформасына каршы чыккан. Кардрдык дайындоолоруна ичи чыккан эмес. Алгачкылардан болуп каршылык акцияларын өткөргөн. 1995-жылы Акаевдин учурунда депутат болгондо Сатыбалды төртүнчү айлампада жеңип чыкты да. Ал учурда бийлик бардык түзүмдөрдү Сатыбалдыга каршы багыттап, депутаттыкка өткөрбөө аракети болгон. Буга карабастан элден айланса болот. Шайлоонун төртүнчү турунда эл баары бир колдоп чыккан.

С. Жээнбеков АКШдагы жыйын учурунда

- Күйөөңүздүн өлүмүнө байланыштуу да ар кыл кептер айтылып жүрөт?

- Ушул күнгө чейин Сатыбалдынын каза болгону мен үчүн табышмак. Менин балдарым деле "эмне үчүн аркасынан түшкөн жоксуз", деп сурашат. Ошол убакта, Сатыбалды каза болгондо деле күйүт менен билбей калыпмын. Сатыбалды каза болгон 1996-жылы май айында кайын сиңдимдин жакыны каза болуп, мен үйдөн жок элем. Сатыбалды экинчи, үчүнчү класста окуган балдары менен калган.


Ал каза болоор күнү кошунам келип, үстөл сурап эшикти каккылаганда, үйдөн башка бирөө “Бул ким?” деп сураган экен. Анан кошунам “Кошуна болом”, деп үстөл сурап келгенин айтканда, чоочун адамдын үнү Сатыбалдыга “Кошунаңыз экен” деп кайрылыптыр. Анан Сатыбалдынын “Балдар сыртта ойноп жүрөт. Эшикти сырттан бекитип кетишти деп айтып койчу” деген үнүн кошунам уккан экен. Ошол күнү үйгө ким келгени билинбей калды.

Анын үстүнө мен да жок болчумун. Ал күнү кичинекей уулум айтат, атасы жаман болуп жатам деп айткан экен. Анан тез жардам чакырышыптыр. Балдар үйдө калып, Сатыбалдыны болсо 4-ооруканага алып барышыптыр. Анан ооруканада каза болуп, ууланган деп айтышты. Көп ичпесе да, ичимдиктен ууланды деп билдиришти. Сатыбалды каза болгондон бүгүнкү күнгө чейин он беш жылга аяк басты. Каза болгону табышмактуу эле бойдон калды.

- Рахмат!
XS
SM
MD
LG