Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Мектептерде акча чогултуу күчөдү


Бишкектеги бир мектептин окуучулары, 2011-жылдын 1-сентябры.
Бишкектеги бир мектептин окуучулары, 2011-жылдын 1-сентябры.

Бишкектеги мектептерде жөнү жок акча чогултууга байланыштуу чыр чыкты. Бишкек шаардык проркуратурасы №24 мектеп-гимназиянын жетекчилигине окуучулардан жөнсүз акча чогулткан деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Аталган мектептин жамааты муну негизсиз каралоо катары баалоодо.

Ал ортодо Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы мектептердеги окуучулардан акча чогултууларга каршы чараларды күчөтүлгөнүн жарыя кылды.


Кылмыш иши иликтенүүдө


Кыргызстандын Эсеп палатасы жана каржы полициясы Бишкектеги №24 мектеп-гимназиянын жетекчилиги окуучулардан топтолгон каражатты өз пайдасына жумшаган деп кылмыш ишин козгоду. Билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы Керез Жукееванын айтымында, азыркы учурда бул кылмыш иши ар тараптуу иликтенип жатат:

- Эсептөө палатасы жана Каржы полициясы менен биргеликте Билим берүү министрлигинин аудитордук комиссиясы бул мектепте текшерүү жүргүзүштү. Бул факт боюнча Каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголду. Эгерде булардын баары далилденсе, №24 мектептин директору кызматтан четтетилет.
Мугалим балдарга күндө эле "акча алып келгиле" дей берет экен. Балдар мугалимдер абдан орой мамиле кылып, апалары ооруп жатса да жан койбой, акча талап кылаарын айтат.
Бүсалкын Амираева


Министрликтин маалыматына караганда, №24 мектепте коммерциялык класстар түзүлүп, андан топтолгон каражаттарды жетекчилик өз пайдасына жумшап турган. Билим берүү министрлигинин топтогон материалдарынын негизинде кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Азиз Алиев да тастыктады.

Анткен менен мындай айыптоолорду мектептин жамааты төгүнгө чыгарууда. Мектептин мугалимдери калк арасында кадыр-баркка татыган мектепке Билим берүү министрлиги жөнү жок кийлигишип жактанын айтып жатышат.

№24 мектептин директорунун орун басары Лина Ли мектептин мугалимдери окуучулардан акча топтоо иштерине киришпээрин билдирет:

- Биринчиден, окуу жылдын башынан баштап эле бардык класс жетекчилер менен мугалимдер окуучулардан акча чогултпоо боюнча милдеттенме алышкан. Буга түздөн-түз жооп беришет. Ошондуктан, биздин мугалимдер окуучулардан бир да тыйын чогултушпайт. Мунун баарын ата-энелер комитети аткарышат. Ал эми мектепти колдоо фонду боюнча айта турган болсок, анда жыйналган акчалар кайда, эмнеге жумшалаарын ата-энелер чечишет. Бул жерде директордун эч кандай тиешеси жок. Биздин директор мындай иштерге эч кийлигишпейт, ал өзүнүн түздөн-түз милдети болгон мектепти башкарат.

Аталган мектепте балдары окуган айрым ата-энелер мектепти колдоо үчүн ар ай сайын акы төлөп келишкенин жашырбайт. Алар мындай кадамды балдарынын жакшыраак шартта билим алышын камсыздоо аракети менен түшүндүрүшүүдө. Алардын бири Каныкей Эгембердиева:

- Биз акчаны өз ыктыярыбыз менен чогултабыз. Биз билим берүү тармагындагы абалды жакшы түшүнөбүз. Мугалимдердин маянасы төмөн, балдарыбызды жакшы шарттары бар мектепке бергибиз келет. Аларды окутуп жаткан мугалимдер сапаттуу билим берүүгө кызыктар болушу керек. Мисалы мен өз баламды мугалимдердин жетишпестигинен сабактар үзгүлтүккө учураган мектепке бергим келбейт.


Күчөтүлгөн чарадан кандай майнап чыгат?


Ошол эле учурда сөз болуп жаткан мектептин директорунун дарегине мурдатан дооматтар коюлуп келгенин Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова билдирди. Анын айтымында, түшкөн арыздардын үстүнөн мектептин директору эки ирет сөгүш алган:

- №24 мектептин жетекчилигине шаардык билим берүү башкармалыгынын дооматтары бар болчу. Себеби арыздар түшкөн. Бул директорго эки ирет сөгүш жарыяланган. Алардын бири акча чогултуу боюнча, бири ата-энелер менен мамиле түзүүдөгү кемчилиги боюнча. Азыр бизге прокуратурадан көрсөтмөлөр келди, биз директорду жумуштан бошотобуз.

Ниязованын маалыматы боюнча, учурда мектептердеги окуучулардан акча чогултууларга каршы чаралар күчөтүлдү. Акыркы аралыкта Бишкектеги 40тан ашык мектептин директорлоруна сөгүш жарыяланып, 7 директор жумуштан алынган.

Ага карабастан окуучулардан акча топтомой күндөн-күнгө күчөгөнү айтылууда.
Биз эң чоң системалуу жүрүштөрдү жасашыбыз керек. Болбосо мектеп бизнес борборуна айланып калган. Мектептин эки негизги субьекти - мугалим менен окуучу сыртта эле калды.
Каныбек Осмоналиев

Мектептеги жөнсүз акча чогултууга каршы түзүлгөн “Демилге” ата-энелер тобунун өкүлү Бүсалкын Амираеванын айтымында, мектепке акча төлөөдөн баш тарткан ата-энелердин балдары мугалимдер тарабынан психологиялык басымга дуушар болушууда:

- Күнүнө акча алып кел деп мугалим балдарга айтат экен. Балдардын өзүнө сурасак, мугалимдер абдан орой мамиле кылып, апалары ооруп жатса, алардын жанын койбой, телефон чалышып, акча талап кылаарын айтат. Булардын көпчүлүгү мигранттар да. Алар батирде турушат. Батирге акча төлөсө, мектепке төлөй албайт. Кийим-кече да керек.


Мектеп - акча табуунун булагы


Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран акысыз билим алуу укугуна ээ. Бирок ага карабастан ар кандай шылтоо менен акча чогултуу Бишкекте туташ мүнөзгө ээ болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев да жашырбайт. Осмоналиев Бишкектеги акча чогултууну тамыры тереңде экенин айтууда:

- Мектептерде айрыкча, Бишкектеги мектептерде ата-энелер кеңеши, колдоо фонду деген гепотетикалык түзүмдөрдү түзө коюшуп, акча жасап жатканы жашыруун эмес. Тилекке каршы, бир-эки мектептин директорун жумуштан бошотуп, же бир-эки мугалим байкушту кармап алып, муну менен күрошүп жатабыз деп компойуп жүргөн шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине таң калам. Биз эң чоң системалуу жүрүштөрдү жасашыбыз керек. Болбосо мектеп бизнес борборуна айланып калган. Мектептин эки негизги субьекти - мугалим менен окуучу сыртта эле калды.

Осмоналиевдин билдиришинче, дал ушул маселени парламентте алып чыгып, Бишкектеги бир канча мектептеги абалды өз көзөмөлүнө алууда. Ошол эле мезгилде коомчулукта мамлекеттин бөлгөн каражаты балдар заманбап билим алуусунаа шарт түзүүгө жетпейт, ошондуктан ата-энелердин колдоосуна уруксат берип, бирок аны атайын мыйзамдар менен бекемдеш керек деген да көз караштар бар.

Бишкек шаарында жалпысынан 93 мектеп иштеп, анда 104 миңден ашык окуучу билим алууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG