Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Улуттук коопсуздук комитети ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдөгү тыңшоочу аппараттар жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуш кылууда.

Атайын кызматтын айтымында, бул мыйзам аркылуу тыңшоочу аппараттарды колдонуу жөнгө салынат. Мыйзамдын жоктугунан учурда аларды жеке ишканалар да колдонуп жатканы айтылууда. Мурдагы бийликтердин тушунда тыңшоочу аппараттар оппозицияны көзмөлдөө максатында колдонуп келгени белгилүү. Мындай көрүнүштөр бүгүн да уланып жатат дегендер да бар.

Тыңшоочу жабдыктар боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү капыстан интернетке жарыяланып, кыйла мезгилге чейин коомчулуктун көңүл борборунда турган. Мындан башка жогорку мамлекеттик жетекчилердин бир нече телефондук сүйлөшүүлөрү интернетке чыгып кеткенин көпчүлүк унута элек болсо керек. Бирок аларды ким, кантип, кандай аппарат менен жаздыргандыгы белгисиз бойдон калган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдөгү техникалык тыңшоочу аппараттар жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- СОРМ боюнча чечим кабыл алдык. Бул оперативдүү иш-чаралардын мыйзамдашкан системасы. Жогорку Кеңешке кайрылдык, өкмөт колдоду. Мунун жоопкерчилиги Коопсуздук комитетинде болот. Буга чейин болгон эмес.

Кыргызстандын башкы чекисти мыйзам долбоорун киргизүүнү, дегеле тыңшоочу аппараттарды колдонууну өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, терроризм коркунучуна каршы туруу зарылдыгы менен байланыштырууда.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, мурда Улуттук коопсуздук кызматында жетекчи кызматтарда иштеген генерал Токон Мамытов бул демилгени колдоого алат:

- Мыйзам керек. Анткени аны азыр банктан тартып, жеке менчик компаниялар, айрым күч түзүмдөрү да орнотуп алып, пайдаланып жатышат. Алар кантип пайдаланып жатат, соттун санкциясы барбы, прокурор көзөмөл кылып жатабы, белгисиз. Негизи прокуратура ким иштеп жатат, адамдардын укугу бузулган жокпу деп көзөмөл кылышы керек.

Жогоруда белгиленгендей, буга чейин Кыргызстанда тыңшоочу аппараттарды жөнгө салган укуктук мыйзам болбосо да, ал кыйла мезгилден бери эле ар кандай жолдор менен колдонулуп жүрөт. Мурдагы бийликтердин тушунда айрыкча аны оппозиция өкүлдөрүн көзөмөлдөө үчүн пайдаланып келишкендиги айтылып келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков ал Акаев мезгилинен бери эле пайдаланылып келатканын мисал тартты:

- Ошол эле аппараттар Акаев мезгилинен бери колдонулуп жүрөт. Ал эми Бакиведин тушунда ал аппараттар жаңыртылган. Азыр деле тыңшоого аябай чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр мен мурдагы Бакиев учурундагыдай чоң аңдуулар, тыңшоолор болуп жатат деп айта албайм. Менимче, абал мурдагыга караганда, чынында эле кыйла дурус.

Мыйзамсыз тыңшоо - кылмыш

Анткен менен парламентте айрым депутаттар азыр да атайын кызмат тарабынан аңдуулар, тыңшоолор болуп келатканын айтып жүрүшөт. Депутат Токон Мамытов буларды белгиледи:

- Менин айрым кесиптештерим “артымдан аңдып жүрөт, тыңшап жүрөт”, - деп да айтып чыгышты. Документ боюнча алсак, мындай фактылар жок, бирок айрым маалыматтар жана белгилер боюнча андай иштер азыр уланып жатат.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов тыңшоолор соттун чечими менен гана жүргүзүлөрүн, уруксатсыз тыңшоолорду жүргүзүү кылмыш экенин белгиледи:

- Биз бүгүн башкача жагдайда жашап жатабыз. Парламентаризм бардык бийлик бутактарын бири-бирин карап туруусун шарттайт. Бир да бийлик одоно мыйзам бузууга барбайт. Бул жерде жарандар утуп атышат. Себеби саясий аңдуу жок, ал мүмкүн эмес. Тыңшоо мыйзамдын негизинде гана, сот макул болсо ишке ашат, макул болбосо – жок.

Эгер мыйзам кабыл алынса, тыңшоочу аппараттарды колдонуу жана ага уруксат берүү укугуна бир гана УКМК ээ болот. Ал эми ким бирөөнү уруксатсыз тыңшагандар жоопко тартылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG