Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Тонолгон куралдын көбү элдин колунда


ИИМ былтыр Ош окуясынан кийин элден алынган курал-жарактарды көрсөтүүдө, Ош, 2010-жылдын 24-июну.
ИИМ былтыр Ош окуясынан кийин элден алынган курал-жарактарды көрсөтүүдө, Ош, 2010-жылдын 24-июну.

Шайлоо алдында УКМК менен ИИМ былтыркы апрель, июнь окуяларында элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды кайтарып алуу амалын издөөдө.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдиришинче, былтыркы апрель жана июнь окуяларынан кийин элдин колуна өтүп кеткен ИИМдин 1177 курал-жарагынын 44 пайызы гана кайтарылды. Турганбаев соңку мезгилде апрель жана июнь окуяларында жоголгон куралдарды колдонуу менен жасалган кылмыштар көбөйгөнүн да кошумчалады.

ИИМ кармалган кылмыш тобунан алынган курал-жарактарды көрсөтүүдө, 2011-жылдын 1-августу.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, аталган мекемеге тиешелүү 263 ар кыл курал-жарактын учурда 43ү гана кайтарылды.

Ошол себептүү да айрым депутаттар менен эксперттер элдин колунда калган куралдарды кайтарып алуу иштери чабал жүрүп жатканын белгилешип, бул президенттик шайлоо маалында колдонулуп кетпес бекен деп кооптонуп турушат.

Депутат Камила Талиева да элдин ушундай кооптонуусун ортого салды.

- Шайлоо алдында Ош шаарынын эли абдан кооптонуп жатат. Курал-жарак кайтарылбаса Кудай сактасын деп атышат. Бир партия менен экинчи партия ортосунда тирешүү башталды деп айтып атышат. Биз кечээ Оштон келдик.

Мурдагы депутат, милициянын генерал-лейтенанты Рашид Тагаев айрымдар өткөн жылдагы окуяларда алынган курал-жарак, ок-дарыларды алып-сатып өзүнчө бизнеске айлантып алганын белгилейт.

- Мыйзамды кармаган, жөнөкөй эл аны кармабайт колунда. Куралды алып кеткен адамдар жакшы ой менен алып кетишкен жок. Мен деле органда иштегем, ал жакта тааныштарым, окуучуларым бар. Курал-жарактарды кайтарып алуу үчүн ИИМ жакшы иштеп атат, кайтарып алып атат, алып келип тапшырып атат деген сөздөрдү уга элекмин. Бүгүн аны көбү бир колдон бир колго сатып, бизнеске айлантып алышты. Азыр элдин колунда айланып жүрөт.

Тагаевдин мынтип айтуусунун да жөнү бар чыгар. Мындан бир ай мурда УКМК ири өлчөмдөгү курал-жарак сатуу менен шугулданган топту кармаган. Кармалгандардын арасында ИИМдин чиндүү кызматкери бар экени айтылган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Дүйшөн Чоткараевдин айтымында, шайлоодо кооптуу жагдай болот деген коркунучтар жок. Бирок эл арасындагы ар кандай сөздөрдү, ушак кептерди алдын алуу аракеттери көрүлүүдө.

- Азырынча бизде шайлоодо мындай болот деген маалымат, коркунучтар жок. Бирок эл арасында ошондой сөздөр, коркунучтар бар. Алынбай калган куралдар шайлоо мезгилинде колдонулуп кетпесе экен деген коопсуздук болуп атат. Бирок милиция жана коопсуздук кызматкерлери чара көрүп, иштеп жатабыз.

- Кандай шартта колдонулуп кетиши мүмкүн?

- Эң негизгиси шайлоо тынч өтсө эле эч нерсе колдонулбайт. Бирок террористтик, экстремисттик уюмдар бар. Ошолордун үстүнөн иштеп жатабыз.

ИИМ кармалган кылмыш тобунан алынган курал-жарактарды көрсөтүүдө, 2011-жылдын 1-августу.
Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Иманберди Жалилов элдин куралдарды толук өткөрбөй жатышын турмуштук зарылчылык деп эсептейт. Анын айтымында, айылдарда мал-жандыктарын коруу, мергенчилик үчүн колдонулушу ыктымал. Ошондуктан Жалилов куралдардын көбү шайлоодо же анын алдында пайдаланат деген пикирлерге толук кошулбайт. Мунун да бир себеби бар. Айрыкча салмактуу делген саясий партиялардан чыккан талапкерлер жана алардын электораты өздөрүнүн аброюн сактап калууну көздөйт. Ошентсе да элдин колуна өткөн куралдар ар кандай жагдайда пайдаланып кетиши ыктымал.

- Элдин колунда курал-жарактын бар экени коркунучтуу көрүнүш. Азыр өлкө түштүгүндө жалпысынан оперативдүү кырдаал жакшы. Ошол эле кезде туруксуздук байкалган жерлер бар. Аны биз мурда айтып жүргөн үчүнчү күчтөр, экстремиссттик, террористтик ыкка жакыныраак келген топтор пайдаланып кетиши мүмкүн. Андан сырткары Баткенге күнүнө 800 тонна карамай ташылып атканы айтылууда. Ошого да пайдалануу коркунучу бар, өндүрүш иштеринде жана уюшкан кылмыштуу топтун колуна түшүп калуу коркунучу бар.

ИИМ элдин колуна өткөн куралдарды сатып алуу жолу менен да кайтарып алууда. Бирок мындан жакшы натыйжа чыкпаганы белгиленүүдө. Эксперттер апрель-июнь окуялары учурунда бери дегенде эле 5 миңден 10 миңге чейин ар кандай курал, ок-дары элдин колуна өтүп кеткенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG