Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Ырдагы тексттерди одоно бурмалап ырдаган эстрада жылдыздары коомчулуктун сынына кабылууда.

Акыркы учурда мындай сынга жаш ырчы Аяна Касымова туш болду. Угармандар социалдык түйүндөрдө аткаруучу “Чагылган” аттуу ырдын бир сөзүн бузуп ырдаганын айтып, андыктан ал ырды радиодон алдырууну талап кылып жатышат. Адистер мындай кемчилик кыргыз ырчыларынын көпчүлүгүндө бар экенин белгилешүүдө.

Угурмандар Аяна Касымова аткарган Аксуубай Атабаевдин айтылуу "Чагылган" аттуу классикалык чыгармасында ырдын текстиндеги "баш катабыз бир күрмөнүн ичине" деген жери "баш катабыз бир түрмөнүн ичине" деп айтылганын белгилешет. Мында аткаруучу кыргыз тилин жакшы билбегенден улам “күрмө” деген сөздү “түрмө” менен алмаштырып алган деген пикирлер бар.

Ырчынын апасы, менеджери, музыкант Аида Токтосунова угармандардын сынына кошулбайт.

- Кантип эле түрмө менен күрмөнүн айырмасын билбей калалы? Өзүм кыргыз үй-бүлөсүндө чоңоюп, кыргыз мектебин окуп бүткөн адаммын, андай ката кетирүүгө жол бермек эмесмин. Социалдык тармактарда жаш баланы абдан катуу сындап жатышат. Аяна "күрмө" деп эле ырдаган. Биз репетиция учурунда 100, жадакалса 1000 жолу кайталап ырдатканбыз. Анан студияга келип, ар бир сапты өзүнчө угуп чыктык. "К" деп айтканда катуураак угулуп калат, жумшак угулсун деп "г" деп айт дегенбиз. Мен ырды кайра-кайра угуп көрдүм, бул жерде алыстан уккан кишиге “күрмө” деген сөз Аянанын айтуусунда “дүрмө” сыяктуу угулуп кетет экен.

Токтосунова бул ыр коомчулук тарабынан катуу сынга кабылгандыктан аны кайра башынан жаздырууга кам көрүп жатышканын билдирди. Ырчынын менеджери көпчүлүк менен талашып-тартышып, актыгын далилдегиси келбейт.

Анткен менен коомчулукта кийинки жылдары чыгармаларды бузуп ырдап жүргөн ырчылар арбып баратканын, мындай көрүнүштү жөнгө салуу зарылдыгын айтып келаткандар бар. Мисалы, манасчы Самат Көчөрбаевдин айтымында, учурда кыргыз сахнасында ырдын маанисин бузуп ырдаган аткаруучулар кадам сайын кезиге баштады:

- Бул акыркы кездеги эле көрүнүш эмес, аткаруучулар арасында мындай каталар буга чейин деле кездешип жүргөн. Айрыкча жаштар арасында ырдалып жаткан ырларда бир нече ката бар. Мисалы, Жолон Мамытовдун “Адамдарга кайрылуу” деген обондуу ыры бар. Андагы бир сапты кимдир бирөө “Обо энеден найза жасап, бирок да, кырчылдашын токтотпогон шок заман” деп ырдап жатат. Мында аткаруучу ырдын текстин акындын ырынын түп нускасынан карабаганы көрүнүп турат.

“Келин келгенский” өткөөл доордун ырыбы?

22-декабрда Бишкекте шоу-бизнес өкүлдөрү, акындар жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышкан “Маани-маңызы жок ырлар руханий дүйнөнү талкалап жатабы?” аттуу тегерек үстөл өттү.

Көчөрбаев бул сап обончунун өзүнүн актаруусунда жана акындын текстинде “Ой, илээден найза жасап, а бирок..” деп турганын, аны аткаруучу таптакыр түшүнүксүз кылып өзгөртүп салганын айтты.

Атын атагысы келбеген угармандын айтымында, мындай жаңылыштыктар жаштар гана эмес, эл сүйгөн классик обончулардын чыгармаларында да кездешет. “Мисалы, Асанкалый Керимбаевдин “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат” деген ырдын текстиндеги “Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу” деген сабы түшүнүксүз болуп калган”- дейт:

- Бул ырда ырчы “Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу, шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат” деп ырдап жатат. Ал лирикалык каармандын кайсы шаркыратмасын айтып жатат? Бул жерде ал сап башкачарак айтылып жүрбөсүн.

Угармандын айтымында, мында “шаркыратма сыяктуу” деген салыштырууну “шаркыратмаң сыяктуу” деп экинчи тарапка таандык кылып ырдоо чыгарманын маанисин бузуп койгон. Бирок обон мыкты болгон үчүн аны угарман көп деле байкабайт.

Обончу Түмөнбай Колдошевдун айтымында, учурда аткаруучулардын көбү өзүнө жаккан обондун текстин интернет желелеринен таап, анын маани-маңызын карап отурбай эле ырдап коюшат. Ошондуктан акыркы учурларда одоно каталар көп кездеше баштады:

- Мисалы, обону Исрадин Аманбаевге тиешелүү Мидин Алыбаевдин “Ай жарык” деген ыры бар. Ал ырдын бир жеринде “...дедиң дагы мага карап токтодуң, колду сундуң, коштошууга окшодуң, эсен тур деп оң колумдан бек кысып, ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң” деген жери бар. Аны бир ырчы аудио вариантында уккан боюнча “ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң” деген жерин “иши кылып жүрөгүмдү козгодуң” деп ырдап жүрөт.

Түмөнбай Колдошев.

Түмөнбай Колдошев.

Колдошев аткаруучуларды мындай каталыктар көп кетип жаткандыктан алар адегенде акындын ырынын тексти менен тереңден таанышып, анан гана аткаруу жөндөмү тууралуу ойлосо туура болорун кеп кылды.

Ырчы Айгерим Расул кызы да “Кызыл өрүк” аттуу айтылуу ырды аткарып жатып андагы “Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик” деген сапты “Обонсуйсуң өмүргө өзүң черик” деп ырдап койгонун айтып келишет.

Орто муундагы ырчылардын өкүлү Гүлнур Сатылганова аткаруучулар эмне үчүн кээ бир сөздөрдү туура эмес ырдаганынын себебине токтолду:

- Биринчиден, эски ырларды ырдоодо жоопкерчиликти сезиш керек. Элге сиңип калган классикалык ырларды кайра ырдап чыгуу өтө опурталдуу. Ошол эле учурда жаш ырчылар дикциясынын үстүнөн иштебей жатат. Кыргызча ырларды кандайдыр бир акцент менен ырдашат. Жаштарыбыздын көбү ошондой. Бирок Аянанын ыры мага “күрмө” деп ырдагандай эле угулду. Кээде үн жазууда техникалык себептерден улам ушундай жаңылыштыктар болот. Мен бул жерде жаш ырчыбыз “күрмө” деп айтса, анысы “түрмө” болуп угулуп калдыбы деп ойлоп жатам.

Сатылганова ошентсе деле жаш ырчылар айрыкча элге сиңип калган ырларды аткарууда ага чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, арийне ырдын түп нуска тексти менен тааныш болушу зарыл деген ойдо экенин кыстарды.

Адистер мындай кемчиликтер жалпы угармандардын эстетикалык табитин буза турганын айтып, бул көйгөйдөн арылуу үчүн ырчылар дикциясын оңдоп, аткара турган ырдын текстине маани бериши зарыл экенин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG