Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:43

Төлгөчүгө алып барган жолдор...


Бишкектеги көзү ачык.
Бишкектеги көзү ачык.

Төлгөчүлөр, көзү ачыктар, эмчи-домчулар жана бакшылар... Алар кимдер? Өздөрү айткандай эле касиеттүү күчтүн ээлериби же ишенчээктердин чөнтөгүн каккандарбы?

“Азаттык+” бул жолу студияга өзүн башкаларга белгисиз өзгөчө касиетке ээмин деп сыпаттаган экстрасенстерди, тарткан төлгөм төп түшөт деген көзү ачыктарды топтоду.

Бишкектеги “Ош базары” төлгөчүлөр байырлаган жер. Бул жерде “жолуңду ачып берем, ишиң жүрүшөт” деп кара жолдун боюна үстөлүн жая салып отургандар ондоп саналат. Кайрылгандарга кантип жадам берээрин билүү максатында алардын кардарына айландык. Карта, жип, шуруларды тизип алган эжеке отурарым менен эле “сенин жолуң буулган, ачып беришим керек. Ал үчүн тыйынды окуп берем, аны жолдун кесилишине ыргытасың. Ошондо ишиң жүрүшүп баштайт” деп кирди. Кызыгы, ага тыйынды ири өлчөмдөгү акчага ороп бериш керек. Айтымында, ал акчага шам сатып алып, түнү менен дуба окуп чыгат. Соодалашып отуруп, сураган акчасынан он эсе арзандаттык.

Бишкек шаарынын тургуну Нусканын ыр жазып баштаганына көп убакыт боло элек. Акын болуп чыга келишине төлгөчү Асел Каракойчиева себепкер деп эсептейт. Ал апасын Асел айымга көрсөткөнү алып барганда, төлгөчү “сен бүгүн түнү уйкуңдан ойгонуп, ыр чыгарасың” деп айткан. Нуска эгер көзү ачык айтпаганда, талантым бар экенин билбей деле калмакмын деген ойдо.

Асел Каракойчиевага турмушунан жолу болбой жаткан кыз-келиндер көп кайрылышат. Арасында “башка бирөөнүн жолун бууп бер” дегендер да бар. Сөз арасында экстрасенстердин кызматын саясатчылар да пайдаланарын кыстара кетти. Бирок аттарын жарыя кылуудан баш тартты.

Экстрасенстердин касиетин сынап таймаштырган “Аалам сырлары” берүүсүнүн алып баруучусу Назира Айтбекова долбоордун токтоп калуусуна көзү ачыктарды көрүүчүлөргө жарнамалабоого кызыкдар болгон күчтөр себеп болду деген пикирде. Долбоордун жүрүшүндө төлгөчүлөр психологдун кызматын аркалап калгандыгына, кайрылгандар жылуу сөзгө ишенип, мындан ары ишим жүрүшүп баштайт деген ойдо каларына көзү жеткендигин белгилейт.

Ошол эле кезде көзү ачыктарды шылуундар деп эсептегендер да бар. Мисалы, "Азаттык" суроо узаткан Бишкек шаарынын тургундарынын көбү көзү ачыктарга ишенбей турганын айтышты. Ал эми көрсөтүүбүзгө катышкан муфтияттын кызматкери Бактияр Токтогазиев болочокто эмне болорун бир гана Кудай билет деп эсептейт:

- Кайыпты, эртеңки күнү эмне болорун бир гана Алла билет. Адам колунан келген бардык ишти жасаш керек да, жыйынтыгын Кудайга коюш керек. Бакшылар, көзү ачык дегендер тажрыйбалуу психологдор болушат.

Жаштарды төлгөчүгө эмне жетелейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:59 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG