Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Үч чүрпөсүн жоготкон ата-эне


Нурлан Темирканов менен Венера Шейшенова. Сүрөт "Спутник" агенттигинен алынды.
Нурлан Темирканов менен Венера Шейшенова. Сүрөт "Спутник" агенттигинен алынды.

16-январдагы учак кырсыгынан жабыркаган ондон ашык адам ооруканада жатат. Алардын жетөө балдар. "Азаттык" бейтапканада дарыланып жаткандардын абалынан кабар алды.

Беш балалуу Нурлан Темирканов менен Венера Шейшенова 16-январдагы каргашалуу окуяда үч чүрпөсүнөн айрылды. 19 жаштагы студент уулу Аман, беш жашар баласы Эрзат жана бир жарым жашар кызы Жылдыз колдон учту.

Бир жарым жашар Жылдыз.
Бир жарым жашар Жылдыз.

Үй-бүлө 15-январда Эрзаттын туулган күнүн белгилеп, ага балдардын бөлөсү Байнур да конокко келген экен. Кечинде эле баланын беш жашка толгонун куттукташып, кубанычтары коюнга сыйбаган бейкам туугандар эртеңки күнү кандай каргаша күтүп турганын билген жок.

Ал таңда үй кожойкеси Венера таңкы саат беште Бишкекке жумушка кетип, калганы үйдө калган. Учактын кыйрашынан үйү толук талкаланып, үч баласы уранды алдында калып каза тапса, конокко келген бөлө -15 жаштагы Байнур, алты жашар Сайкал жана үй-бүлөнүн тун уулу Канат менен кош бойлуу келини жаракат алып ооруканада жатат. Алар бир туугандарынын өлүмүн уга элек. Маркумдардын сөөгү 18-январда Байтик айылындагы таятасынын үйүнөн акыркы жайга узап, жерге берилди.

Жылдыз, Эрзат жана Аман.
Жылдыз, Эрзат жана Аман.

Бир учурда үч чүрпөсүн жоготкон ата-эне эсине келе албай, күйүтү ичке батпай турган кези.

Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасында Байнур менен Сайкалдан башка дагы кырсыктан жабыркаган беш бала дарыланууда. Дарыгерлер нес абалдан чыга элек деген жүйө менен алар менен сүйлөшүүгө уруксат беришпеди. Байнурдун энеси Нуриза Шейшенова уулу менен жээнинин абалы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Балдардын энеси Венера менин бир тууган эжем. Экинчи кызы оорудан кайтыш болгонуна эки жылдай болуп калган. Эми минтип үч баласы аркы дүйнөгө кетти. Балам Байнурдун абалы оор. Башы чайкалып, бели жабыркаган, ага азыр турганга болбойт. Ал эми эжемдин кызы Сайкал өтө катуу коркуп калган, калчылдап, көздөрү алаңдап турат. Аны алаксытып, эч нерсе угуза элекпиз. Экөөнө тең ооруканада көз салып жатам.

Эрзат, Сайкал, Жылдыз, Байнур. Бул сүрөткө кырсыктан бир жума мурун түшкөн экен.
Эрзат, Сайкал, Жылдыз, Байнур. Бул сүрөткө кырсыктан бир жума мурун түшкөн экен.

​Бейтапканадагы балдар катуу коркуп калгандыктан психологдордун жардамын алууда. Алардын көбүнүн баш-мээси чайкалган, абалдары алгачкы күнгө салыштырмалуу жакшырып калганын башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбеков маалымдады:

- Балдардын абалы туруктуу. Биздин ооруканада аба кырсыгынан жабыркаган сегиз адам бар. Бир бейтап эки жашар баласы жана тогуз жаштагы кызы менен жатат. Балдар бейтапканасы болсо да шартка байланыштуу анын өзүнө да баракча ачып, дарылоого уруксат беришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, жалпысынан бейтапканада апааттан жабыр тарткан он үч адам жатат. Анын сегизи балдар ооруканасында, экөө Кочкор райондук бейтапканасында, бирөө шаардык гинекология бөлүмүндө, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки адам бар.

Аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, 29 жаштагы Сагынбек Рахмановдун денесинин дээрлик жарымы күйүп кеткендиктен абалы оор бойдон калууда:

- Анын абалын божомолдоо али эрте. Убакыт керек. Учак кырсыгында эки колу, бели, эки буту, негизинен денесинин 45 пайызы күйгөн. Анын отуз пайызга жакыны катуу күйүк. Колдон келген бардык аракетти көрүп жатабыз. Азыр реанимациядан чыга элек.

Кыргызстандыктар апааттын курмандыктарынын жакындарына, жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Үч баласынан, үй-жайынан ажырап, уул-келини, кызы, бөлөсү оор жараат алып, өзүнүн да кабыргалары сынган Нурлан Темиркановго жардам берүүнү каалагандар үчүн Кыргызстанда жана Орусияда банктан эсеби ачылды.

1190062001392930 (БТА Банк, Кыргызстан)

4276880165154554 (Сбербанк, Орусия)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG